Сегизбаевди абакка сүйрөгөн «Белизгейт»

Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаев. Сүрөт 2016-жылы 14-ноябрда жарыяланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев чуулгандуу «Белизгейт» окуясына байланыштуу камакка алынды. Ал "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналууда.

«Белизгейт»

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө «Белизгейт» деген ат менен таанымал окуяда Абдил Сегизбаев күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганын маалымдады.

Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш териштирүүгө алынган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова мындай деди:

«2021-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин депутаттары Шыкмаматовду, Салянованы жана Текебаевди Кыргызстандын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы үчүн чара көрүү жөнүндөгү Алмамбет Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду

Абдил Сегизбаевге үч күн мурда дагы бир кылмыш иши козголгону маалым болгон. Башкы прокуратура 22-январда Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып жатканын жана тиешелүү материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.

Ошол эле күнү УКМКнын мурдагы төрагасы маалымат жыйынын куруп, козголгон кылмыш ишин “саясий өч алуу” деп сыпаттаган жана аны "Бакиевдердин тапшырмасы" менен камакка алуу аракети болуп жатат деп билдирген:

«Биринчиден, тапшырманы аткарып атышат. Жазга чейин эмне болсо да мени камап, тынчытыш керек. Андан кийин отчетун беришет да. Камалды деп. Экинчиси, эртең-бүрсүгүнү да бирдеме алып чыгабы деп коркуп атышат. Дебатта көп нерсе айтылып кетпедиби. Болгон нерселердин баарын айттым. Кандай коррупция, кандай ишмердүүлүк болгонун. Бийликке келгендердин. Дагы бирдемени чукуп чыгат деп коркуп атышат. Үчүнчүдөн, бул- саясий өч алуу», - деген Абдил Сегизбаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Абдил Сегизбаевдин камалышына негиз болгон арыз 2019-жылы жазылган.

Анда Шыкмаматов Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери болчу. Шыкмаматов Сегизбаевге козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары кароо туура эместигин айтып жатат.

Алмамбет Шыкмаматов

«Бийликте иштеп кеткен адамдарга иш козголсо эле саясий куугунтук болуп калабы? Анда аларды жоопко тартканды токтотолу. Бул жерде кылмыш иши бар экени белгилүү да. Сегизбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул иш кийинки генералдарга дагы сабак болушу керек. Анткени президент менен кошулуп алып саясий атаандаштарга провокация кылбаш керек. Жогорку Кеңештен жасалма документтерди көрсөтүп элди алдабаш керек. Мындай иштерди бүгүн токтотпосок, анда мындан ары деле улана берет».

2016-жылы УКМКны жетектеген Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн парламентте жарыя кылган.

Дагы караңыз УКМК “Белизгейттеги” үч депутаттын атын атады

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Ал документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөтүлүп, үч депутатты тескери сыпаттаган материалдар коомдук телерадиокомпаниядан да берилген. Бирок кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан.

Каныбек Иманалиев

«2019-жылы ошол учурдагы УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинен атайын кызматта “Белизгейт” боюнча документтер бар экенин айткан. Аларды көрүү максатында Алмамбет Шыкмаматов экөөбүз УКМКнын төрагасы Искендер Кадыркуловдун иш бөлмөсүндө болгонбуз. Бирок бизге бир дагы документ көрсөткөн эмес», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Абдил Сегизбаевге президенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда эң көп берилген суроолордун бири «Белизгейтке» байланыштуу болду. Анын атаандаштары дагы аталган окуяны байма-бай эстеп турду.

Сегизбаев журналисттер менен болгон маегинде «Белизгейт» боюнча мындай деп жооп берген:

«Бир күнү Атамбаев мени чакырып «ушул документтерди карап көрчү» деп мага үч күн берди. Андагы бир катар маалыматтарды аныктап, андан кийин ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайтарып бердим. Документтерди берип жатканда жанында жүргөн Фарид Ниязовбу, башкасыбы сүрөткө тартты. Мен ошол учурда "тартпагыла, муну аягына чыгыш керек" деп айткам. Болбой эле видеого тартып алышкан. Ошол эле күнү кечинде телевидениеге чыгарып салышты».

Белиз өлкөсүнөн келди делген документтин түп нускасы табылган эмес.



Сегизбаевди оппозицияга айландырган шайлоо

2015-2018-жылдары УКМКнын жетектеген Абдил Сегизбаев кызматтан кеткенден кийин коомго ачык болгон эмес. Ал октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин жанданып, кийин президенттик шайлоого катыша турганын ачык айткан.

Сегизбаев шайлоо алдындагы үгүт иштери, КТРКдагы дебат учурунда Садыр Жапаровду кескин сынга алган. Жапаров болсо журналисттерге курган маегинин биринде “Сегизбаевге кылмыш иши бар экенин билем” деген эле. Бирок кайсыл иштер экенин ачык айткан эмес.

УКМКнын мурдагы төрагасы, 10-январдагы президенттик шайлоого талапкер болгон Абдил Сегизбаев азыркы учурда шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Анын баш коргоо чарасы 28-январга чейин каралышы керек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Сегизбаевдин кармалышы боюнча мындай деди:

Равшан Жеенбеков

«Сегизбаевдин камалышын саясий жалпысынан саясий өч алуу катары карасак болот. Анткени Абдил Сегизбаев үгүт иштери учурунда Садыр Жапаровго радикалдуу сын айткан жалгыз талапкер болду. Ошол эле учурда Сегизбаевдин өзүнүн мыйзамсыз иштерин дагы унутпашыбыз керек. Негизи эле Башкы прокуратура, УКМК бийликтин эле кызматын кылып келген. Бул көрүнүш азыр деле уланып жатат. Ал эми анын убактылуу кармоочу жайына камалышын басым катары кабыл алсак болот. Анткени ал жерде ар кандай басым болот. Атайын кызмат “УКМКга же убактылуу кармоочу жайга камайлыбы” деп соодалашуу жүргүзөт».

Коомчулукта буга чейин эле “Белизгейт” иши боюнча териштирүү жүрүш керектиги айтылып келген. Алардын көпчүлүгү Абдил Сегизбаевден тышкары ошол учурдагы бир нече кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып келишет.

Алардын бири жарандык активист Адил Турдукулов. Анын айтымында, азыркы бийлик Сегизбаевдин камалышы саясий оюн эместигин бир эле жол менен далилдеши керек.

Адил Турдукулов

«Абдил Сегизбаев «Белизгейт» боюнча камала турган жалгыз адам болбошу керек. Ошол учурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева, аны коомго жайылткан Илим Карыпбеков дагы жооп бериши зарыл. Ошол эле маалда бул иште саясий өңүт жок деп айтууга болбойт. Балким Сегизбаев шайлоого катышпаганда камалмак эмес. Мындан тышкары дал ушул иштер менен камалган Өмүрбек Текебаев акталышы керек. Эгер ушул көрүнүштөр ишке ашпаса, анда Сегизбаевдин кармалышын кош стандарттуулук катары бааласак болот. Мындан тышкары Сегизбаевдин кармалышы Алмазбек Атамбаевге каршы колдонулушу да мүмкүн. Анткени тергөөнүнүн жүрүшүндө ага каршы көрсөтмө болушун жокко чыгарууга болбойт».

Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш ишинде аты аталган Өмүрбек Текебаев окуя боюнча коментарий берүүдөн карманып турат. Ал эми «Белизгейт» чуусу жаңы башталган учурда Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) жетектеп турган Илим Карыпбеков ал окуяны чагылдырууда мыйзам бузулбаганын айтат:

Илим Карыпбеков

«Абдил Сегизбаев Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма эмес экенин айтып эле келген да. Биз болгону чагылдырып жаттык. Ал эми канчалык деңгээлде обьективдүү, канчалык деңгээлде оппозиция же башка тараптарга сөз берип жаттык бул башка маселе. Мен жетекчи болуп турган учурдагы КТРКдан кеткен ар бир маалыматка жооп бергенден эч качпайм. Документтердин чын-жалганын тиешелүү органдар далилдейт. Мен азыр бир нерсе сүйлөсөм эле «Белизгейтти» эстешет. Бул моралдык жоопкерчиликти тартып жатканым ушул да. Юридикалык жагынан алганда менин кадамдарым мыйзам чегинен чыкпаган деп ойлойм».

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.