Жейрендердин өлүмүнүн сыры ачылды

Балдарын эмизип жаткан бөкөн

Казакстанда жейрендердин кырылышына климат себеп болгон. Samsung смартфон менен планшеттер үчүн коопсуз экран жасады. Германияда электр менен иштечү тикучар-мультикоптер сыноодон өттү. Деңиздеги балыктын денесине өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттар сиңип, ал жегенге кооптуу азыкка айланууда.

2015-жылы Казакстанда жейрендердин эмне себептен кырылганы аныкталды. Окумуштуу-зоологдордун эсебинде, кеминде 211 миң жейрен өлгөн. Бул Бетпак талаада жашаган жейрендердин 88% тете экенин “Нью Йорк Таймс” гезити ноябрда окумуштууларга шилтеп кабарлаган. Май айында БУУнун Айлана чөйрөнү коргоо програмасы 120 миңдей жейрен өлгөнүн маалымдаган.

6-апрелде Жейрендерди коргоо альянсынын (Saiga Conservation Alliance) билдиришинче, жейрендер Pasteurella multocida деген микробдун кесепетинен кырылган. "Демейде бул бактерия жейрендин ашказанында тынч жашай берет, бирок катуу жаан климатты өзгөртүп, бактерияны куландар үчүн коркунучтуу затка айланткан", - дейт Лондондогу Падышалык ветеринардык колледждин (Royal veterinary college) изилдөөчүсү Карл Зиммер (Carl Zimmer).

1984, 2010 жана 2012-жылдар жейрендер үчүн трагедиялуу болсо да 2015-жылдагыдай көп кырылган эмес. Бул алааматтан соң Казакстан, Монголия, Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстан жейрендерди коргоо боюнча беш жылдык план кабыл алган.

Жейрендердин 90% көбү Казакстан менен Орусияда, калган бөлүгү Монголияны байырлайт (Булагы: www. Techinsider.io, Saiga Conservation Alliance).

Жаш балдар үчүн коопсуз смартфон

Samsung компаниясы смартфон менен планшеттерге коопсуз экран (safety screen) деп аталган кошумча программа (app) жасады. Ал керектөөчүлөрдүн, айрыкча балдардын смартфонду же таблетти көзүнө жакын кармоосуна жол бербейт.

iPhone-5S

​Эгер экран көзгө 25 сантиметрден жакын болуп кетсе, дароо автоматтык түрдө өчөт. Кайра 25 сантиметр аралыкта кармасаңыз, экран иштей баштайт.

Жаңы программа ата-энелерге баласынын смартфонду же таблетти - алар жокто кайра иштетпөөсү үчүн - өз паспортун колдонуп, өчүрүп салуусун мүмкүн да кылат. “Коопсуз экран” программасы эки апта илгери колдонууга чыккандан бери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада аны 16 минден ашык адам өз смартфонуна жана таблетине жүктөгөн (Булагы: Business insider).

Германияда электр менен иштеген тикучар - мультикоптер жасалды

Тикучар-мультикоптер корпусуна орнотулган 18 ротор иштеп чыккан кубат менен абага көтөрүлөт. VC200 мультикоптери кадимки тикучардай абага тик өйдө көтөрүлөт, конот, горизонталдык багытта учат жана канаттуу куштай көк асманда калкып тура алат. Анын көпчүлүк элементтери жеңил композиттерден жасалгандыктан, салмагы 450 гана килограмм. Тогуз даана аккумулятордук батареялар анын төбөсүнө жабыштырылган чоң алкакка орнотулган 18 электр кыймылдаткычты (роторду) иштетет.

Электр тикучар 1 саатта 100 чакырым аралыкка учуп жете алат. Мультикоптерди минүү радиодон башкарылчу оюнчуктардай эле оңой. Себеби, абада компьютердик система тарабынан башкарылат. Баш кеңсеси Карлсруэ шаарында жайгашкан Volocopter компаниясы келерки эки жылда толук сынактан өткөрүп бүтүп, анан өндүрүшкө чыгарууну мерчемдөөдө.

Өндүрүштүк таштанды жеген балык кооптуу

Балыктын денесинде адамдын иммунитетине коркунучтуу заттар бар экени аныкталды. АКШдагы Скриппс океанография институтунун (Scripps Institution of Oceanography) окумуштууларынын изилдөөсү балыктын денесине кирген органикалык зыяндуу заттар балыкты жеген адамдын организмине токсиндерди бөлүп чыгарганга мүмкүндүк бербейт.

Деңизде табылган таштандылардан Yodogawa Tecnique арт группасы жасаган балыктын ичеги-карды. Жапония. Май 2013

Алар сары куйрук Thunnus albacares (редактор - орусча тунец) балыгынын денесинен органикалык туруктуу булгагыч заттарды түрлөрүн: инсектициддерди1, отко каршылык көрсөтүүчү материалдарды, refrigerant 2 же хладагенттерди жана химиялык ишканалар бөлгөн зыяндуу заттарды табышкан. Адамдын денесинде Р-гликопротеин (P-gp) белогу бар. Бул маанилүү белок чоочун уулуу заттарды клетканын ичине киргизбейт, ошондой эле бир эле убакта бир нече токсинге каршылык көрсөтөт.

Органикалык туруктуу булгагычтар P-gp белогун буйтап өтүп, клетканын ичине кирип кеткендей амалкөй экени мурдатан эле жоромолдонуп жүргөн. “Биз балык жегенде организмдин маанилүү коргоочу системасынын эффективдүүлүгүн төмөндөтөбүз. Бул адамдарга да, деңиз жандыктарына да тиешелүү”, - дейт Скриппс океанография институтунун изилдөөчүсү Амро Хамдун (Amro Hamdоun).

Кооптуу топко наристелер кирет. Себеби аларга зыяндуу заттар энесинин сүтү аркылуу берилет дешет илимпоздор. (Караңыз: http://scrippsscholars.ucsd.edu, www.newscientist.com)

***** ***** ***** ***** *****

1 Инсектици́д –курт-кумурскаларды жок кылчу химиялык дары.

2Refrigerant, орусча хладагент - холодильный агент — муздаткычта колдонулчу зат. Ал кайнаганда муздаткычка салынган заттардын жылуулугун өзүнө тартып алат жана аны компрессор менен кысканда жылуулук бөлөт.