Тегеран шаары чөгүп баратат

Тарыхый Тегеран

Улуу курактагылар өздөрү айткан калпка ишенишет. Бир аптага жетчү батарея (аккумулятор). Майып бетинин мимикасы менен башкарчу чыгырык-араба. Тегеран шаары жерге чөгүүдө.

Кары адамдар өздөрү айткан калпка өздөрү алданат

Муну АКШдагы Брандейс университетинин (Brandeis University Waltham, MA United States) доценти Анжела Гутчесс (Angela Gutchess) жана кесиптештери аныкташты. Ал үчүн 42 кишини алып, өздөрү мурда айткан калптарына канчалык ишенерин баалоо үчүн аларды эки топко бөлүшкөн. 1-топко 60–92 жаш курагындагылар, 2-топко 18-24 жаштагылар кирген. Бул адамдарга мурунку күнү жасаган иштерине байланыштуу 102 суроо берилип, суроолорго алар компьютерден жооп кайтарган.

Респонденттер обол суроолордун теңине өздөрү каалаган иретте жооп беришкен жана 45 мүнөттөн соң ошол эле анкетаны кайра толтурушкан. Анын алдында бардык суроолорго туура жооп берилсин деп эскертилген.

Ал тушта илимпоздор электроэнцефалографияны пайдаланышып, жаштар менен улуу курактагылардын суроолорго чын жана жалган жооп берип жаткан маалдагы мээсинин активдүүлүгүн байкап турушкан.

Кишинин мээси.

Эки топтогулар тең кайталап жооп бергенде туура айткан сөздөрүнөн олуттуу жаңылышкан эмес. Бирок улуу курактагылар мурда өздөрү айткан калпка жаштарга салыштырганда көбүрөөк ишенгени аныкталган.

Кээ бир адамдар үчүн жалган сүйлөө оңой болгону менен калп сүйлөө- татаал когнитивдик жараян экенин белгилешет психологдор менен нейрологдор.

Окумуштуулардын калп айтуунун табиятына өзгөчө кызыгуу себеби: калп сүйлөө кишиден ойлонууну жана сөздү айтып жатканда жанындагы адамды байкап турууну же когнитивдик контролду талап кылат. А жалпысынан алганда, улуу курактагыларда когнитивдик күчү жаштарга караганда аз болот. Ошон үчүн жаштардын калп айткан сөзүн улуу курактагыларга караганда жеңил эстөөсү дал ушул жагдайга байланыштуу.

Изилдөөчүлөрдүн бири Лаура Пейждин (Laura Paige) түшүндүрүшүнчө, киши улгайган сайын аларга чындыкты же болгон окуяны ойдон чыгарылган окуядан ажыратуу улам кыйындай баштайт. Ошого алар жалган айтар замат анысы алардын эсинде сакталган окуяларды өзгөртөт.

Электроэнцефалографиянын маалыматтары мээнин калпты “токуу” процесси жумушчу эс тутум менен байланышта болорун көрсөткөн. Башкача айтканда, калп кишинин эс тутумуна таасир этип, өзүн чындык сыяктуу эле сезип калат, деп боолгошот окумуштуулар.

Бул күтүүсүз жаңылык болду. Себеби окумуштуулар мурда улуу курактагылардын эс тутуму калп сөзгө орун бербейт деп ойлошчу.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://medicalxpress.com)

Бир аптага жетчү батарея

Мындай фторид негиздеги аккумуляторду америкалык окумуштуулар ойлоп табышты. “Фторид негиздеги аккумуляторлордо энергия алда канча жыш болушу мүмкүн. Демек алар кадимки батареяларга караганда сегиз эсе узак кызмат кыла алат,-деп түшүндүрдү Калифорния технология институтунун илимий кызматкери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Роберт Граббс (Robert Grubbs, California Institute of Technology). - Бирок алар менен иштөө татаал болушу мүмкүн. Анткени, фторид өтө эле жегич жана активдүү кислота”.

Фторидде 150 градустан да жогору температурага чейин ысып кетмей касиети болгондуктан, ага азыркы литий-ион негизиндеги аккумулятордой ишеним жок эле.

Шаймандарды электр кубаты менен камсыздоочу электрохимиялык технологияда электр зарядын электр тизмеги аркылуу өткөрүү үчүн оң заряддалган литий катион химиялык айдакчы (поршень) катары колдонулат. Аккумулятор же батарея толук заряд болгондо катиондор батареянын анодун ээлейт. Тизмек жабылар замат иондор катоддорго агылып өтүп, токту пайда кылат.

Бирок айдакчы тескери багытта да иштеши мүмкүн. Фторид (F-) сыяктуу тескери иондор түзүм (өткөргүч) аркылуу электрондорду алып өтчү чыңалууну жаратат. Мындай иондор көп зарядды талап кылбайт.

Аккумулятор узак иштөөсү үчүн сиз аны көп заряддашыңыз керек, - дейт доктор Саймон Джонс (Simon Jones, (NASA's Jet Propulsion Laboratory). ​- Көп заряддуу металл катиондорду орун котортуу эмгекти көп талап кылган татаал жараян. Бирок бир нече бир заряддуу аниондорду которуп, ошондой эле натыйжага жетишүү анча оор эмес”.

Ал эми фториддин ысып кетмей кемчилигин пайдага айлантуу үчүн бис (2,2,2-трифторэтил) эфир (БТФЭ) деген электролит эритүүчү пайдаланылган. Окумуштуу-химиктер бул эритүүчүнү жез-латандын трифторидди менен аралаштырып, узак убакыт заряддалбай иштечү анион негиздүү аккумуляторду жасашкан. Андай аккумулятор заряддаганда жана кубатын алганда ысыбайт.

Азырынча фторид негиздүү мындай аккумулятор плюс 18 градустан 25 градуска чейинки температурада иштейт.

Бул табылга компьютер, смартфон, ноутбук, планшет, видеорегистратор, фотоаппарат дагы башка электрондук шаймандарды ар күнү эмес, аптасына бир мертебе заряддаганды мүмкүн кылат.

Чоң көлөмдөгү электр кубатын кичинекей көлөмдө сактоо космостук кемелердин отун-энергетикалык блогун кичирейтип, үнөмдөлгөн аянтты башка максатта пайдаланууга жол ачат.

(Булагы: http://science.sciencemag.org, https://www.sciencedaily.com)

Майыптар жүзүнүн мимикасы менен башкарчу чыгырык-араба

"Wheelie 7" деп аталган бул чыгырык-арабаны Бразилиянын "Hoobox Robotics" компаниясы АКШнын "Intel коропорациясы" менен жарнакташып жасашты.

Чыгырыкка майыптын жүзүнүн мимикасын, мисалы, кашын серпкенин же тилин чыгарганын ажыратып билүүгө жасалма интеллект көмөктөшөт. Жасалма интеллект ээсинин жылмайганын же башын чайкаганын автоматтык түрдө баамдагандыктан, кишиге аны башкарууну үйрөнүүнүн зарылдыгы жок. Аппараттын тиркемесин пайдаланып, ээсинин жүзүнүн ар бир мимикасын чыгырыктын тиги же бул кыймылына: сол жакка, оң жакка, артка, алдыга жүрүүгө, ылдамдыкты көбөйтүүгө же токтотконго байлап койсо болот. Жасалма интеллект киши жөтөлгөнү же чүчкүргөнү жатканын да адашпай ажыратат.

Майыптардын азыркы моторлуу арабалар тулкуна орнотулган жойстик же сенсор аркылуу башкарылат.

Бүгүнгө карай "Wheelie" чыгырыгы кандай иштегени алтымыштан ашык майып тарабынан сыналды. Алардын көбү квадриплегия, капталдын амиотрофикалык склерозуна чалдыккандар же жаш курагына байланыштуу майып деп эсептелгендер.

"Hoobox Robotics" компаниясынын башкы директору Паул Пинейрунун (Paulo Pinheiro) айтышынча, оорукчандар "Wheelie" чыгырыгын күнүнө орточо 4 сааттан колдонушат жана бурулганын кошо эсептегенде 700 м жүрүшөт.

Жаңы чыгырык жарыкта да, кеч күүгүмдө же күңүрт жарыкта да бирдей иштейт.

АКШнын Жүлүн травмасы боюнча Улуттук статистикалык борбордун эсебине ылайык, Кошмо Штаттарда жүлүн травмасы бар 288 миң чамалуу адам бар жана алардын саны ар жылы 17, 7 миңге көбөйүп турат. (Булагы: https://phys.org, https://www.fastcompany.com)

Тегеран шаары жерге чөгүүдө

Ирандын байтак шаары Тегерандын астындагы кыртыш ылдам чөгүп баратат. Германиянын геофизикалык изилдөөлөр борборунун (German Research Centre for Geosciences in Potsdam, GFZ) илимпоздорунун ырасташынча, шаардын айрым аймактары жылына 25 см чөккөн. Батыш Азиянын эң чоң шаары саналган Тегеранда 15 миллион эл жашайт.

GFZдин окумуштуулары Махди Мотах жана Махмуд Ахшенас Хагиги берегидей тыянакты 2003-2017-жылдарда космостон жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде жасашты.

Ордолуу шаардын кээ бир райондору жайгашкан Батыш Тегеран түздүгү, ошондой эле Тегерандын түштүк-батышындагы дыйканчылык жакшы өнүккөн Варамин түзөңү эң көп чөккөнү белгиленет. Жалпысынан, калаанын 10/1 бөлүгү, анын ичинде эл аралык аэропорт жайгашкан бөлүгү отуруп кеткен. Эл аралык аэропорт турган жерлердин кыртышы жылына 5 см төмөндөөдө.

Тегеран шаарына тийиштүү аймактагы жарылып чөккөн жерлердин бири.

Кыртыштын чөгүүсүнүн башкы себеби катары тургундардын кыртыштан такай сууну сордуруп алганы, анын кесепетинен кыртыш кургап, жерде жарака пайда болгону айтылат. Мунун натыйжасында, суу кыртышта кармалбай жаракага агып кетет. Бул өз кезегинде жерди арыктатып, түшүм аз жыйналат. Себеби кургак кыртыш көпшөк болгондуктан, ага суу көп кармалбайт.

Тегерандын түштүк-чыгышында туурасы 4 метрге чейин жеткен, узуну бир нече чакырымдык жаракалар пайда болгон. Алардын кээ бирлери электр карагайларын кулатып, темир жолдорду жараксыз кылганы турат.

“Бул бүгүн дүйнөдөгү эң бийик көрсөткүчтөрдүн бири”,-дейт Испаниянын Аликанте университетинин инженери Роберто Томас (Roberto Tomás).

Тегерандын турак үйлөрдү жана имараттарды изилдөө борборунун изилдөөсүнө ылайык, алдагыдай кооптуу райондордо 120 км темир жол, 2300 км асфальт жол, 21 көпүрө, 30 км мунай кууру, 200 км газ кууру, 70 км бийик чыңалуудагы электр линиясы жана 250 миңден көп имарат бар.

Элдин көбөйүүсү, жер астынан суу, мунай жана газды сордуруп алуудан улам жердин чөгүүсү - дүйнөдөгү чоң шаарлардын проблемасы. Буга чейинки космостук ченөөлөр Жакартанын (Индонезия) айрым райондору жылына 20 см көпкө отуруп кеткенин, Калифорниядагы Сан-Хоакин өрөөнү бир жылда 60 см чейин чөккөнүн тастыктаган. Бул өрөөндөгү шаарларда, 2017-жылкы эсеп боюнча, 4 миллиондон ашык эл жашаган.

(Булагы: http://worldpronews.com, https://www.nature.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.