Айдоочусу жок автомобилдердин парковкасы
Айдоочусу жок автомобилдер үчүн дүйнөдөгү биринчи парковканы Германиянын Daimler жана Bosch компаниялары 24-июлда сынай баштады.
Көп кабаттуу жаңы парковка Штутгарт шаарындагы Mercedes-Benz музейине туташ жайгашкан. Айдоочу алдын ала унаа токтоочу жайдан орун алып коёт жана парковкага келген соң автомобилин атайын зонага калтырып, мобилдик тиркемеге машинеси даяр экенин белгилейт.
Парковканын компьютердик системасы бош орундар тууралуу маалыматты автоматтык түрдө автомобилдерге берип турат. Эгер бош орун жок болсо, ээси жок автомбил парковканын территориясында ары-бери жүрүп турат. Автомобилдин бош орунду табуусуна жана бурулуштар менен токтоп турган автомобилдерди сүзүп албоосуна атайын сенсорлор көмөктөшөт. Бул технология болочокто башка парковкаларга да колдонулмакчы. Жаңы технологияны колдонуу парковкалардагы бош орундарды пайдаланууну 20% эффективдүү кылат деп боолгонууда.
Мындай алгоритмди пилотсуз жүрчү Audi автомобили жана Tesla Motors компаниясында жасалган электромобилдер пайдалана алары мурда кабарланган.
Быйыл май айында француздардын Stanley Robotics стартабы жеңил автомашиналарды парковкадагы бош орунга өзүнө жүктөп барып коючу аппаратты коомчулукка көрсөткөн. Stan деп аталган берегидей аппарат эң алды аэропорттордун парковкаларында пайдаланылат деп мерчемделүүдө. Ал мейкиндикти оптималдуу пайдаланууну мүмкүн кылат жана автомобилдерди парковка кылууну бир кыйла тездетет.
"Мындай автономдуу технологиялар шаарларда өзү жүрчү автомобилдер пайда болгончо кеңири колдонула баштайт" дешет адистер.
(Булагы: https://techcrunch.com, http://www.thedrive.com)
Автомобиль революциясына даярдык
Британияда 2040-жылы бензин жана кара май (дизел майы) менен жүргөн бардык автомобилдер менен микроавтобустарга тыюу салынышы керек.
Буга чейин Франция өкмөтү 2040-жылдан жана Германия жетекчилиги 2030-жылдан баштап, бензин жана дизел майы менен иштеген автомобилдерди тыюу ыктымалдыгын жарыя кылган. Ал эми Volvo автоконцерни 2019-жылдан тарта жалаң электромобилдерди же гибриддик автоунааларды жасарын эскертти.
Бул чаралар Норвегия жана Нидерландияда 2025-жылы ишке кириши мүмкүн. Бирок береги эки өлкөдө гибриддик автомобилдерге тыюу салынбайт. Калган Европа жана Скандинавия мамлекеттери да ушундай кадамдарга баруунун жолдорун караштырып жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бензин жана дизел майы менен иштеген автоунааларды чектөөгө экологиялык абалдын начарлоосу жана мунайдын кору бир кезде түгөнөт деген жүйө себеп.
Күйүүчү май менен жүрчү автоунаалар бөлгөн ис (газ) кант диабетинин күчөшүнө түрткү берет деп боолгошот окумуштуулар. Британияда автомобилдер бөлгөн истин кесепетинен жылына 40 миңдей адам жайран болот.
Британияда иштелген мыйзам долбоорунда айлана-чөйрөгө автоунаалар келтирген зыянды азайтуу үчүн светофорлордун иштөө графигин оптималдаштыруу, айлана-чөйрөгө зыян келтирген жана экологиялык нормага жооп бербеген автоунаалар үчүн жаңы салык (T-charge) киргизүү сыяктуу чаралар да каралган. Берегидей салык, мыйзам долбооруна ылайык, экологиялык стандартты бузган автоунаалардан күн сайын алынууга тийиш.
Британияда 1997-жылдан бери автоунаада жүрүү акысы 16% төмөндөгөн, ал эми автобус акысы 33% жогорулаган. Ички авиакаттамдар 2010-2015-жылдары 16% арзандаган. Ошол эле учурда шаарларда автоунаалар көбөйгөн.
Экологияны коргоодо көч башында бараткан Нидерландиянын Амстердам жана Гаага шаарларында велосипед менен жүргөн адамдардын саны 70% өскөн.
(Булагы: https://www.theguardian.com, https://m.europebreakingnews.net)
Европанын эли тез картайып барат
Европанын түндүк жана ортолук бөлүгү 2050-жылга чейин демографиялык жактан стабилдүү болот. Бирок континенттин түштүк жана чыгыш бөлүгүнүн эли тез картаят деп билдирди 25-июлда Берлиндин Элдин жайгашуусун жана өнүгүүсүн изилдөө институту (Institute of population and development).
"Картайуу, албетте, демографиялык өнүгүүнүн көзгө урунар экономикалык жыйынтыгы. Бул кубулуш менен күрөшүүнүн жана эмгек рыногуна жаңы кадрларды тартуунун эки жолу бар: төрөттү көбөйтүү жана мигранттарды пайдалануу. Европа демографиялык миграциянын пионери болуп калышы ыктымал, бирок бул багыттагы өзгөрүүлөр континенттин ар кайсы бөлүгүндө ар башкача жүрүүдө", - дейт доктор Рейнер Клингхольц (Rayner Klingholz).
Европанын 290 регионунда өткөрүлгөн изилдөө скандинав өлкөлөрү, Британия, Нидерландия, Австрия, Германия, Швейцария экономикалык да, демографиялык да жактан башкаларга караганда алда канча күчтүү өнүккөнүн көрсөткөн. Швеция, Норвегия, Британияда балдар көп төрөлсө, немис тилдүү регион мигранттардын күчтүү агымынын эсебинен стабилдүүлүктү сактап турат. Грекия, Испания, Португалия жана Италиянын түштүгүндө балдардын жарыкка келиши дагы төмөндөп, эмиграция өсөрү айтылат.
Чыгыш Европа өлкөлөрү Батыш Европадай экономикалык өсүүнү камсыздай албагандыктан, бул өлкөлөрдө жаштар арасындагы миграция өсүп, балдардын төрөтү азаят жана калктын картайуусу тездейт. Ошон үчүн Болгария жана Румыния 2050-жылга чейин жылына калкынын 0,5%, ал эми Балтия өлкөлөрү элинин 40% чейин жоготуусу мүмкүн.
Акыркы төрт жылда Германияга 1,5 млн качкын келген, буга Европа жана дүйнө өлкөлөрүнөн келген жүз миңдеген мигрантты да кошуу абзел. Мунун эсебинен соңку 40 жылда өлгөндөрдүн саны туулгандардан көп болсо да Германияда демографиялык абал стабилдүү. Миграцияга баарынан мурда Германиянын бийик экономикалык деңгээли, бош жумуш орундарынын бар экени жана жарандардын коопсуз жашоосу негиз болууда. Бирок да өлкөдө келгиндер немис коомуна интеграция боло алабы деген суроо турат. Мигранттардын 10% гана Германияда талап кылынган квалификацияга ээ, басымдуу бөлүгүнүн квалификациясы төмөн жана немис тилин начар билгендиктен, аларды жумушка орноштуруу оор деп белгиленет докладда.
Миграциянын бийик деңгээлине карабай Германиянын түпкүлүктүү элинин картайуусу өсүп жатат. Калктын 21% 64 жаштан жогору курактагылар жана бул көрсөткүч боюнча Германия Грекия менен Италиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Германияда үч иштеген адамга бир пенсионер туура келет.
(Булагы: http://chelorg.com, http://www.berlin-institut.org/en)
Аз кыймылдаган ден соолукка зыян
Отуруп иштеген ишемия оорусуна чалдыгууну жана семирип май басуу коркунучун көбөйтөт. Муну британиялык окумуштуулардын (University of Glasgow, University of Salford, University of Warwick) изилдөөсү көрсөттү. Алар (Professor Naveed Sattar, Professor Malcolm Granat, doctor William Tigbe) Шотландиянын Royal Mail Group почта кызматынын чылым тартпаган 111 кызматкери катышкан эксперимент жүргүзүшкөн. Алардын 55 (анын бешөө аял) почтанын кеңсесинде эмгектенсе, калган 56 адам (анын ичинде 10 аял) кат, гезит-журнал ташыган почтальондор.
Эксперименттин катышуучулары алардын бир күндө канча убакыт отурганын, турганын, жаткан абалда болгонун, басканын, ошондой эле отурган абалдан турганын жана турган абалынан отурганын байкоочу фитнес-мониторду тагынып жүрүшкөн. Буга кошумча кан басымы, белинин айланасы, организминдеги глюкоза жана холестриндин деңгээли, ошондой эле жүрөк ишемия оорусу жана кант диабетине кабылуу коркунучу текшерилген.
Анализ көбүнесе отуруп иштеген кызматкерлердин канында “жакшы холестeрин” азайып, бели жооноруп (курсак байлап), триглицерид (атеросклероздун биомаркери) өсүп, эт байлаган; жүрөк ишемия оорусуна кабылуу коркунучу жогорулаган.
Тескерисинче, жумушта басып жүргөн кызматкерлердин организминде майды майдалап бөлүп жиберчү жана жүрөк-кан тамыр системасын бекемдөөчү гормондор-адинопектиндер көбөйгөн. Ал эми күн бою тикесинен тик туруп иштегендердин организминде “жакшы холестерин” көбөйүп, бели жооноргон, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу азайган.
Окумуштуулардын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы - такай отуруп иштөө зыяндуу экенин дагы бир мертебе ырастайт жана кызматкерлердин жумуш шартына иш берүүчүлөр менен саламаттыкты сактоо системасы дыкат мамиле кылуусу керек экенине көңүл бурат.
Австралия, АКШ, Европанын орточо статистикалык жашоочусу жумуш күндөрү болжол менен 4,2 саат жана дем алыш күндөрү 2,9 саат кыймылсыз отурат.
(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.nature.com)