Пандемия окууну кантип өзгөрттү?

Токиодогу университеттин бүтүрүү кечесине студенттер роботторго бекитилген iPad аркылуу катышты. 

Новосибирскиде мугалим окуучуларына видео байланыш аркылуу сабак өтүп жатат. 

Украиналык окуучу Егор Павлишек сабагын жасап отурат. Анын Пинк деген ити такай жанында. 
 

Жулио Жованнини өзү жашаган Скансано шаарына чукул жердеги дөбөгө келип,  3G-Интернет жакшы тарткан жерге отуруп сабагын окуйт. 

Тегеранда мугалим видео аркылуу окуучуларына кайрылып жатат. 

 

Беларустун Колодищи айылында Евгения Гущина өз үйүнөн онлайн сабак өтүп жатат. 

Челябинск шаарына чукул жердеги айылдын окуучулары 3G күчтүү тарткан жерге келип, ноутбук менен сабак окушат. 

Москвадагы мектептердин биринин мугалими (оңдо) класста үч окуучуга сабак өтүп жатат. Калган окуучулар болсо онлайн кошулушат. 

Пакистандык окуучу Мохаммад Ибрагим Исламаббадагы үйүндө сабак окуп, анын үч классташы видео аркылуу карап отурушат. 

Манчестердеги Алиса жана Жозеф Уилкинсондор үйүндө дене тарбия сабагын өтүп жатышат. 

Брюсселде жашаган окуучу кыз өз бөлмөсүндө сабак окуп жатат.

Токидогу мектептин окуучулары бири-биринен обочо отурушат. 5-апрелде өлкөнүн айрым мектептеринде сабак башталды. Жапония биринчилерден болуп коронавируска кабылган бейтаптар аныкталганын билдирген. 27-февралда мектептер жабылган.