Өзгөн: XXI кылымдагы Дүйшөндүн мектеби

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөн районундагы Кайнар айылынын 1-класстан 4-класска чейин билим алып жаткан 12 окуучусу бир класста окушат. Айыл тургундары 2000-жылы өз каражатына ашар жолу менен курган мектепте 56 жаштагы жалгыз мугалим сабак берет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы болгон жер титирөөдө жарака кеткен мектепте окутууга кооптуу деп тыюу салганына карабастан балдар бир класска тыгылып окушат.