Саймалуу-Ташты чопого түшүргөн Ташиев

Жумагул Ташиев Саймалуу-Таш петроглифтерин керамика өнөрүндө чагылдырып, байыркы эски замандын демин жаңы формага салып, ошол таш белгилерде катылган терең философиялык маанини көргөзүүдө.

Керамист Жумагул Ташиев кыргыз керамика искусствосундагы уникалдуу новатор.

Ал Саймалуу-Таштагы байыркы сүрөттөрдү чопо буюмдарга түшүрүп, ушул багытта терең иштегени менен башкалардан айырмаланып турат. 68 жаштагы Ташиевдин бул тармакка өзүн арнаганына дээрлик 30 жылдан ашык убакыт болгон.

“Саймалуу-Таш темасына кайрылып, муну өзүмө багыт кылып алганым да кызык. Негизи ага чейин жанымда кичинекей Саймалуу-Таштын маркасы жүрчү. Ошону бир күнү чопого өзүндөй окшоштуруп, жакшылап түшүрүп көрдүм. Бул эмгегимди алгач сүрөтчү жубайым Тоюмбүбүгө көрсөтсөм ага жагып калды. Анан өзүм да кызыгып калып ушул ишке терең кирип кеттим. Кийин жасаган бир канча эмгектеримди өзүм теңдүү сүрөтчүлөргө көрсөттүм, алар жакшы баалашты. Анан республикалык көргөзмөгө иштейин деген ой менен чоң эмгектерди жасай баштадым”.

Жумагул Ташиевдин эмгектери.

Керамист башка чопо менен иштеген карапачылардан айырмаланып чимирик (гончарный круг) менен деле иштебейт. Ал адатта чоподон дубал бетине илинүүчү кооз панолорду, декоративдик ваза, карапаларды жасайт. Булардын баарына байыркы таш бетине түшүрүлгөн оймо-чиймелерди, сүрөттөрдү тартат.

Жумагул Ташиевдин өнөрканасы Фучик көчөсүндөгү мурунку "Кыргыз Мебель" заводунун короосунда жайгашкан. Ал жерди Ташиев бир нече сүрөтчү-карапачылар менен ижара алат.

Бир эмгегинде көрүүчүнү тарыхтын тереңине тарткан байыркы доордогу адамдардын турмушу тартылса, дагы биринен жан-жаныбардын түрдүү элесин көрүүгө болот.

Керамисттин мындай эмгектеринин баасы алардын көлөмүнө жараша бааланат экен.

Өзүнүн айтымында өтө кымбат койсо өтпөйт, өтө арзан коюлса түйшүктүү мээнет акталбай калат. Орточо эмес менен көз жоосун алган карапа буюмдарды 15-20 миң сомдун тегерегинде сатып алса болот. Автор адатта кээ бир буюмдарды сатууга колу барбай, көргөзмөлөрдө гана турушун каалайт.

Ошентсе да Жумагул Ташиев колунан чыккан эмгектерин сатып, ушул кесиби менен жан багып келерин айтты:

“Башта “Саймалуу-Таш” галереясын ачтым дебедимби, ошол кезде жасаган эмгектердин баары өтүп кетчү. Ал галерея 8-9 жылдай иштеди, азыр жок. Азыр эми балдар чоңойду, уул-келиним түптөгөн “Той-арт” карапа студиясы өзүн-өзү багат. Менин деле жасаган жумуштарым пенсиядан сырткары каражат алып келип турат. Өткөнү өтөт”.

Саймалуу-Таш паносу.

Керамист бул искусстовдо чопону тандай билүү өтө маанилүү дейт. Союз убагында айнек завод иштеп тургандыктан, андагы технолог-окумуштуулар чопону Чүй облусундагы Ивановка айылындагы атайын карьерден алышчу экен. Азыр деле карапачылардын көбү чопону ошол карьердин тегерегинен алышат.

Жумагул Ташиев чопо жасап жаткан учуру.

Мурда чопо чыккан жердин үстүн 50 сантиметрдей казып, үстүн тазалап, керектүү жерден алышса, азыр экскаватор менен үстүңкү катмарын чапчытып алып, алдынан алышат. Ошентсе деле кум, тамыр аралашкан чопону тазалап бөлүп, чыпкалоо иши бар.

Чет өлкөдө карапачылар даярдалган чопону дүкөндөрдөн алышса, кыргызстандык карапачылар өздөрү даярдашат. Себеби, дүкөндөрдө керамикага ылайык чопого көп талап жок.

Чопонун даяр болушуна бир топ күн керектелет. Алгач топуракты сууга чылап, аны атайын калыптарга куюп, көлөкө жерде тоорсутуп, жуурула тургандай кылып ийлеп, бир нече күн даярдалат. Андан соң гана калыпка түшүрүлөт.

Жумагул Ташиев Ивановканын чопосунан сырткары Кара-Кеченин чопосун да пайдаланат. Ал ага башка элементтерди кошуп, жашыл, көгүш, саргыш түстүү боёкторду даярдайт экен. Анын түстүү, кооз карапа буюмдарынын көркүн мына ушул боёктор чыгарып турат.

Жумагул Ташиев даярдалып жаткан кезектеги эмгегин көрсөтүп жатат.

Ташиев 1977-1981-жылдары Чуйков атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын колдонмо-жасалга бөлүмүндө окуган.

Окуу жайды аяктагандан кийин Сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт фондунда плакат тартып, жасалгалоо багытында иштеген.

Союз ыдырагандан кийин сүрөтчүлөр барып жүргөн айнек завод сыяктуу бир катар мекемелер жоюлуп кетип, Ташиев өз алдынча иш кылууга өткөн. Ижарага чакан өнөркана алып, анда чопо даярдап, аны бышыруучу меш салып, боёкторду жасап, карапачылык ишин улантып кеткен.

Бош убактысы болгондо өнөрканасындагы башка кесиптештери менен баарлашып, сүйлөшүп турушат.

Каарманыбыз каатчылык учурда да баш-оту менен кирген өнөрүн таштап койбогонун мындайча айтып отурду:

“Эгемендикти өлкөбүз жаңыдан алган кезде каатчылык бардык эле тармакта болгон. Кээ бир сүрөтчүлөр сүрөттөн башка нерсе да сатып оокат кылышты. Бирок мен керамика искусствосунан четтеген жокмун. Анткени бийик максаттарымдын өтөсүнө чыгайын дедим. Бирок эл катары жан сактоо үчүн чоподон белек-бечкек, сувенир буюм-тайымдарды жасап, аларды аянтка алып чыгып саткан учурум болду. Бирок соода кылгандан чынында тартынчумун. Андайда 4-5-класстарда окуп жүргөн уулумду тургузуп койчумун. Анан ал кээде “Ата, бир буюмду бирөө көтөрүп кетти” деп келет. Андайда өзүм турам. Ошентсе да болбой эле ушул иш менен көшөрүп иштеп, үй-бүлөнү багып, балдарды чоңойттум. Анан ал мезгил да өтүп кетти”.

Чебер чоподон жасаган алгачкы эмгектерин 1991-жылдары республикалык көргөзмөгө алып келген. Буларды көргөзмөдөгү комиссиясынын катчысы, эл сүрөтчүсү Жумабай Үмөтов жактырат. Эмгектердин үчөө дароо республикалык көргөзмөгө сунушталып, музейге сатылып алынган. Бул сүрөтчүнүн карапачылык ишен улантууга зор дем берген экен.

Жумагул Ташиев 1995-жылы биринчи персоналдык жеке көргөзмөсүн Манастын 1000 жылдыгына арнап, “Саймалуу-Таш” галереясын ачкан. Анын ачылышына көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрү, искусство таануучулар катышат.

Ушул саамалыктан кийин автордун чыгармачылыгы боюнча “Кыргызстан маданияты” гезитине макала чыгып, көпчүлүккө дүң болгон экен.

“Кыргызстан маданияты” басылмасына чыккандан кийин ошол жерден окуп, угуп бир далай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, көрүүчүлөр агылып келе баштады. Маданий, адабий ишмерлерден Болот Шамшиев, Омор Султанов баш болгон адамдар келди. Анан ушундай улуу инсандар, катардагы жоон топ көрүүчүлөр чыгармачылыгым тууралуу жылуу пикирлерин айтышты. Ушунун баары мага зор дем берди. Анан Саймалуу-Таш боюнча эмгектеримди көргөзмө боюнча эле калтырып койгум келбей, жашоомдогу маанилүү жумуш катары аркалап калдым”.

Керамисттин эмгектери кийин Кыргызстандагы эле эмес чет элдиктерди да суктандырып, айрым басылмаларга жарыяланганын айтып отурду:

“Өзүбүздүн жергиликтүү басылмалардан кийин чет өлкөлүктөрдөн алгач ирет Германиядан бир фотожурналист келип менин чыгармачылыгым боюнча “Восток” аттуу журналга макала чыгарды. Андан кийин Түштүк Кореядан бир профессор керамист да келип мага жолугуп, эмгектерим менен таанышып, Кореянын керамика боюнча журналына чыгарды. Ал менин Саймалуу-Таш боюнча эмгектеримди Кыргызстандыкы деп атап, муну керамика жанрындагы жаңылык деп атады”.

Чопо менен иштөө өнөрү өзгөрүүдөбү?

“Мисалы керамика бөлүмү Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясында ачылган, Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында да бар. Бирок мунун технологиясы татаал болгондуктан, чыдагандар гана иштеп кетет. Мен байкагандан окуу жайларда керамика боюнча окугандар көп болгону менен, өнөрдү андан ары улантып кеткендер аз. Муну республикалык көргөзмөлөргө катышкандардын аздыгынан да билсек болот. Ошол эле убакта мына биздин “Той-арт” студиясы сыяктуу кермиканын технологиясын өздөштүрүп, мастер-класстарды уюштуруп, жекече иштеп жаткан студиялар бар”.

“Студиябызды уулум Бакай менен келиним Гүлжан негиздеген. Азыркы жаштар ыкчам иштеп, бат-бат маалымат алат, кыскачсы ишти алдыга жылдырып кетишет тура. Ошондуктан уул-келиним бул жерди ижарага алып иштетип, өз аракеттери менен чопо бышырган заманбап меш коюп, карапа жасоочу чимириктерди (гончарный круг) коюп иштетип жатышат. Бул жерге жарнама аркылуу кызыккандар келип, өздөрүнө түрдүү бумю-тайымдарды жасашат. Жаш балдардан тарта пенсия курагындагы адамдарга чейин келишет, кээде бир топ болуп келишет”.

"Той-арт" студиясында иштеп жаткан кыз.

Карапа чебери Жумагул Ташиевдин "Таш табак", "Саймалуу таш", "Жыл сүрүү", "Тогуз коргоол", "Символикалар" ("Умай эне", "Тумарча", "Түрк ата") сыяктуу эмгектери - жасалга буюмдары өлкөдөгү бир далай сатуу көргөзмөлөрүнө коюлган.

Кыргызстандан сырткары Казакстан, Орусия, Кытай, Англия, Германия, Италия, Венгрия жана Пакистанда көргөзмөлөру уюштурулган.