Саясат: Жаштар күтүү режиминде

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан бир жыл мурун, 4-октябрда, парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Ал күндөрү “Жаштар келсин!”, “Люстрация!” деген чакырыктар жасалганы эсибизде. Андан бери бир жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болду? Андагы талаптар канчалык аткарылды? "Азаттык плюс" жаштар менен ушул суроолорго жооп издеди.