9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурады.
Митингде бир нече адам сүйлөп бүткөндөн кийин аянттан анча алыс эмес өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп жаткан Садыр Жапаровдун жактоочулары келип тополоң чыгарган.
Алар "Садыр" деп кыйкырып, берки тарапка таш, бөтөлкө ыргытышкан.
Ала-Тоо аянтында болгон бул кагылышта Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганын “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бышыкташты. Маалыматка ылайык, Токтогазиев башынан жаракат алып, Улуттук Госпиталга жеткирилди. Ал эмнеден жаракат алганы азырынча белгисиз. Интернетке эс-учун жоготкон активистти бир нече адам көтөрүп бараткан видеотасма чыкты.
Ошондой эле мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Мындай маалыматты Сариевдин айланасындагылар ырасташты. Маалыматка ылайык, жараат алган адам ооруканага жеткирилди. Анын эмнеден жаракат алганы белгисиз.
Буга чейин Интернетте жаракат алып, эс-учу жок жаткан адамды бир нече адам тегеректеп, агрессивдүү түрдө башка саясатчылардын атын атап, коркутуп жаткан видео тараган.
Андан тышкары бир адамдын саясатчылардын машинесине ок аткан видеосу тараган.
Ала-Тоо аянтындагы бул башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Массалык башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Атайын экспертиза дайындалды.
Милиция социалдык тармактарда куралчан адамдын автоунаага аткылаганы тартылган тасмадагы адамга издөө жарыялады.
Митингден кийин баш-аягы жети киши ар кандай жараат менен ооруканага түшкөн.
Бирок Садыр Жапаровдун митингде сүйлөгөн жактоочусу, юрист Шарабидин Токтосунов «Ала-Тоо аянтындагы чатакка, кол салууга Жапаровду колдогон митингчилердин тиешеси жок, бул жөн гана чагымчылдык» деп билдирди.
«Митингдеги эч ким Ала-Тоо аянтына барбасын, чагымчылдарга алдырбагыла, Жапаров элдин арасына келбесе да бизди көрүп жатат. Ал эл менен», - деди ал.
Өзгөчө абал киргизүү
9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова жарыялады.
Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган. Массалык башаламандыктын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 10-октябрдан тартып саат 20:00 – 8:00 аралыгында өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал тартып, 21-октябрга чейин киргизилет. Бишкек шаарында комендатура түзүлүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
«Ошондой эле көрсөтүлгөн сааттар аралыгында коменданттык убакыт киргизилип, шаарга сырттан жарандардын кириши менен чыгышына өзгөчө режим киргизилет. Айрым жарандарга өздөрүнүн үйүнөн чыгууга тыюу салынат. Мамлекеттик маанилүү жана стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчөтүлөт.
Спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат.
Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Кызматкерлердин иштен өз каалоосу менен бошонушуна тыюу салынат. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кырдаалдын олку-солку болушуна негиз түзгөн массалык маалымат каражаттарына көзөмөл кылынат. Байланыш каражаттарын пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет. Бишкек шаарынын комендантына шаардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чара көрүү тапшырылды.
ИИМ, УКМК, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен бирге шаардын комендантына тынчтыкты сактоого көмөктөшүүгө милдеттендирилди. Башкы штаб Бишкек шаарынын аймагындагы блокпостторду аскер кызматкерлери жана техникасы менен камсыз кылып, куралдуу кагылышуулардын алдын алуу милдети коюлду.
Жогорку сотко жарандык, кылмыш, админстративдик иштерди кароонун аймактык тиешелүүлүгүн өзгөчө абал учурунда өзгөртүү тапшырылды. Башкы прокуратура мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылат. Кыргыз өкмөтүнө өзгөчө абал режимин камсыздоого керектүү каражаттарды бөлүү милдеттендирилди. Массалык маалымат каражаттары кырдаалды курчутпоо максатында комендант тарабынан берилген маалыматтарды таратууга тийиш», деп жазылган токтомдо.
Коомдук ишмерлер ортомчу болууга даяр
Экс-президент Роза Отунбаева, экс-спикер Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмерлер Орозбек Муратов, Кемел Ашыралиев, Гүлнара Искакова, Данияр Иманалиев, Эмил Жураев, Кеңешбек Сайназаров ж.б. бир нече ишмерлер өлкөдөгү саясий кризисти токтотуш үчүн орток кайрылуу таратышты. Кайрылуу 10 пункттан турат.
Алар азыркы тапта премьер-министрлик кызматты талашууну токтотуп, бул маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырышты.
Дагы караңыз Эркебаев: Абалды жөнгө салбаса, кризис тереңдейт«Кандайдыр бир күчтөрдүн басымы алдында эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чегинде добуш бериши керек. Күч колдонгон айрым саясатчылар өкмөттүн башына келип, алдыда боло турган кайра шайлоодо административдик ресурсту өз колуна алгысы келип жатат. Буга жол бербеш керек. Бийликке умтулгандар аябай көп, бирок өлкөдөгү жалгыз мыйзамдуу бийлик – Жогорку Кеңеш менен президент бойдон калууда. Муну ар бир атуул өз коопсуздугу үчүн маанилүү чындык катары кабыл алышы керек.
Биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн сакташ керек. Президент өз ыйгарым укугунун чегинде УКМКнын башына кылмыш дүйнөсү менен байланышы жок, бардык партияларга кадыр баркы салмактуу адамды коюшу керек. Шайлоону тез арада, шашып өткөрүү туура эмес.
Азыркы тапта бир да партия эл арасында күчтүү ишенимге ээ эмес. Андыктан ар түрдүү күчтөрдү мыйзам чегинде иш алып барууга чакырабыз. Биз тараптар менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө жана түзүлгөн көйгөйдөн тынчтык жолу менен чыгууга болгон жардамыбызды аябайбыз», деп айтылат билдирүүдө.
Муфтият күч түзүмдөрүн саясий оюндардан оолак болууга чакырды
Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан видео билдирүү таратып, күч түзүмдөрүн саясий оюндардан оолак болууга чакырды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн бейтарап позициясын колдой турганын белгиледи.
«Укук коргоо органдары, армия көз каранды эмес бойдон калышы керек, кайсы бир партияга эмес, Кыргызстандын элине кызмат кылышы зарыл», - деди Маликов.
Муфтийдин орун басары бүгүн Кыргызстандын келечеги чечилип жатканын, деструктивдүү күчтөрдүн пайда болушун, жарандык кагылышуулардын алдын алуу зарыл экенин белгилеп, саясий күчтөрдү мунаса табууга чакырды.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң башталган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Андан бери президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен эл алдына чыга элек. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жатат. 10-ноябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.