Сауд Аравия аял спортчуларына өлкө тарыхында алгачкы ирет Олимпиадага катышууга жол ачты. Расмий Эр-Рияд мындай чечимди өз дарегине эл аралык сын күчөгөн соң, Лондон Олимпиадасына бир ай калганда кабыл алды.
Аял спортчуларга Олимпиадага катышууга жол ачылышы аял затынын коомдо, эл көзүнө көрүнгөн аракеттерине каршылык али күчтүү деп эсептелген бул консервативдик өлкө үчүн өтө маанилүү кадам катары бааланууда.
Падышалыктын Лондондогу элчилигинин жекшембидеги жарыясына караганда, өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитети Олимпиадага лицензия алуучу аял спортчулардын ага катышуусуна “байкоо салат”.
Саудия бийликтери Олимпиада башталарына саналуу эле күн калганын эске алганда, улуттук команданын курамында Лондонго жалгыз аял – ат спортчусу Далма Рушди Малхас гана барат деп болжошууда.
Бирок алар кошумчалагандай, башка аял спортчулар да эгер Олимпиадага жолдомо алышса, “ар-намысына шек келтирбегендей” кийинишет.
Иш жүзүндө бул саудиялык аял спортчулар эркин, оңтойлуураак кийим кийишет, башында "спорттук хиджаб”, башкача айтканда бетин эмес, чачын жапкан жоолук болот дегенди туюндурат.
Жалгыз спортчу
Азырынча Лондон Олимпиадасына жолдомо алган жалгыз аял – ат спортчусу, жыйырма жаштагы Далма Рушди Малхас буга дейре 2010-жылы Сингапурга Жаштар Олимпиадасына барганда, коло медаль алып кайткан эле. АКШда төрөлгөн Малхас анда Эл аралык Олимпиада комитетинин чакыруусу менен гана барып, өз өлкөсүнүн атынан чыккан эмес.
http://www.youtube.com/embed/bsCkZ8pVNY0
Лондондогу Олимпиаданы утурлай Эл аралык Олимпиада комитети Cаудия бийликтерин аял спортчулар үчүн коюлган чектөөнү жоюуга чакырып келишкен.
Быйыл апрелде эле бийликтер исламчыл консерваторлордун таасиринен чыга албай калат го деген жоромолдор айтылып жаткан.
Бирок Батыш маалымат каражаттары жазгандай, акыркы апталарда бул маселе боюнча жашыруун талкуулар күчөгөн.
Маселе ушул айдын орто ченинде Жидда шаарында сауд падышасы Абдалла өзү, тышкы иштер министри, башкы муфтий жана башка расмий өкүлдөр катышкан жашыруун жыйында добуш берүү аркылуу чечилген.
Бирок жарыя тактынын мураскери, ханзаада Наиф бин Абдулазиз Сауд капыстан дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу кийинкиге калтырылган.
Салтка айлангандай, Саудияда аялдардын коомдук иштерге катышуусу бир топ чектелген. Спортко келгенде бул чектөөлөр эки эсе көп.
Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун маалыматына караганда, Саудияда расмий катталган 158 спорт клубдун эшиктери аялдар үчүн жабык. 2009, 2010-жылдары өлкө аялдар үчүн ачылган жеке спорт залдарын жапкан. Мамлекеттик мектептерде кыздарга дене тарбия сабагы өтүлбөйт.
Олимпиадага аял спортчуларын буга чейин араб дүйнөсүнүн Сауд Аравия менен катар дагы эки өлкөсү: Катар менен Бруней да жиберчү эмес. Быйыл Катар Лондон олимпиадасына үч аял спортчуну: мылтык атуучу, сууда сүзүүчү жана жөө күлүгүн жөнөтүүдө. Бруней болсо тоскоолдуктан секирип чуркаган жөө күлүгүн Лондонго аттандырат.