Буга чейин алардын аты атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыктаганы айтылып жүргөн "Регион" телеканалында Райымбек Матраимов менен жакындыгы бар деген депутаттардын арасында аталып, мандаттан ажыратылышы керек деген мазмундагы материалдар байма-бай берилген.
Ал арада Бишкек административдик соту 28-февралда бир мандаттуу Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Буга аталган округдан шайлоого барган Эмилбек Абдыкадыровдун саясий атаандашы, парламенттин азыркы депутаты Бактыбек Чойбековду добуш сатып алууга айыптаган арызы себеп болду. Парламенттеги соңку окуяларды тизмектейбиз.
Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн "Регион" телеканалы Жогорку Кеңеш Бажы кызматынын мурдагы төрагасы, учурда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго жакын, кайсы бир убакта санаалаш-пикирлеши болгон деген депутаттардан арылышы керек деген материалдарды маал-маалы менен жарыялап жатат.
Анда Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдун, Надира Нарматованын, Айбек Осмоновдун, Шайлообек Атазовдун жана Нурлан Ражабалиевдин аты ачык аталган.
Анын алдында, 13-февралда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты, мурдагы бажы кызматкери Абдывахаб Боронбаев мандатын тапшыруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы, бир күндөн кийин арызы канааттандырылган. Ал өзү бул кадамынын себебин түшүндүргөн эмес, бирок коомчулукта аны Райымбек Матраимовдун айланасындагы жагдайга байланыштыргандар болгон.
Дагы караңыз Матраимовдун эпкини: Эки депутат мандатын тапшырды
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов "Регионго" курган маегинде тазалоо Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткенин билдирген.
"Коррупцияга аралашкан мурдагы чиновниктердин тааныштары, жакындары Жогорку Кеңеште отурат. Кечээ биз көрдүк, Боронбаев өз каалоосу менен арызын жазып, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясындагы депутаттыктан кетти. Бул эмненин белгиси? Баарыбыз тилекке каршы билебиз, мурда шайлоодо шайтан оюндар көп болчу. Акча, бийлик, мансап жана тааныш, туугандарды аралаштырып, мурда коррупцияга баткандардын туугандары жана жакындары, кудалары баары чырмашып, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга укук коргоо, сот органдарына чейин бар болчу. Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич "ушундай кызматкерлер иштен алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат" бир-эки жолу айтып кеткен. Ошого аралашкандар, жадагалса ошолор менен чырмашкандар алынды. Мына, эми кезек депутаттарга келди деп эсептейм".
Искендер Матраимов менен Нурланбек Ражабалиев 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазган жана ал канааттандырылган. Искендер Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.
Көп узабай бийликке ыктаган жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактын колдонуучулары Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов дагы сыртта экенин жазып чыгышкан. Мындан улам Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы эки депутат акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканын билдирди.
Айбек Осмонов соңку маалыматта тууралуу "Азаттыкка" учкай комментарий берип, "качып кетти деген сөздөрдү жокко чыгарып, Түркияда дарыланып жүргөнүн, кайтып келерин билдирди. Шайлообек Атазов дагы бул өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болду.
Буга чейин Надира Нарматова анын аты Райымбек Матраимов менен кошо аталып жатканына байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айткан.
Дагы караңыз Оштогу эки партиянын эрегиши"Мекеним Кыргызстандын" тизмеси жана азыркы депутаттар
Парламенттеги соңку окуялардан улам убагында Райымбек Матраимовдуку делген "Мекеним Кыргызстан" партиясы жана анын тизмеси менен шайлоого баргандар, учурда эң ириде "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясында депутат болуп отургандар тууралуу талаш-талкуу жаралды.
Атазовдон сырткары "Ата-Журт Кыргызстан" фрациясынын лидери Бакытбек Сыдыков, депутаттары Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Медербек Саккараев дагы 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде болгон.
"Азаттык" аталган депутаттар менен макала жазылып жаткан чакта байланышууга аракет кылды, бирок Гүлшаркан Култаевадан башкасы менен менен сүйлөшө алган жок.
Гүлшаркан Култаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып, соңку 15 жылга жакын убактан бери шайлоолорго бир канча партия менен катышканын белгилеп, "Мекеним Кыргызстанга" кантип киргенин, андан кийин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы аркылуу эл өкүлү болгонун учкай баяндап берди.
"Мен 2010-жылдан бери эле шайлоолордо талапкерлигимди коюп жүрөм. Буга чейин башка партиялардан дагы койгом. Биринчи, 2010-жылдагы шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" менен баргам. Анда тилекке каршы партия өтпөй калган. Ал эми 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиялары менен баргам. Шайлоочуларым Аксы жакта болгондуктан ошол жактан катышкам. Анда да өтпөй калгам. 2016-жылы "Кыргызстан" партиясынан Ош шаардык кеңешине депутат болгом. Мени 2020-жылы "Мекеним Кыргызстан" партиясына чакырган. Мен талапкер болгом. Шайлоого барган ар бир адам өзүнүн электоратына ишенип барат. Мен ошо 2010-жылдан бери Аксыда элди түрө кыдырып, депутат болуу ниетимди билдирип барып жүргөм. Өзүңөр билесиңер, 2020-жылдагы саясий окуялар болуп депутаттыкка анда өтпөй калдым. 2021-жылы депутат болуу ниетимди билдирип "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши менен сүйлөшүп, талапкер болуп, элдин добушу менен депутат болуп келдим".
Култаева Райымбек Матраимов менен тааныш экенин ырастады, бирок жакын байланышта болбогонун айтты:
"Кандай десем, мен эми аны (Райымбек Матраимов - ред) тааныбайм деп айта албайм. Мен аны тааныймын. Өзүмдүн резюмемде, бардык жерде эле ишкерлик менен алектенип келгенимди жашырбайм. Логистика тармагында көп жыл иштедим. Калп айтпасам, мен аны 23 жашымдан бери тааныйм. Анткени өзүм компания ачканга чейин башка жеке компанияларда башкы эсепчи болуп иштегем. Ал кезде Райымбек Матраимов инспектор болуп иштечү. Мен ал кишини ошол кезден бери тааныйм. Кудай турат, мен жакын аралашып, же бизнес кылган эмесмин. Буга чейин "Мекеним Кыргызстандан" шайлоого барган, азыр башка фракциялардан депутат болуп отургандардын фамилияларын атап, алардын баары кетиши керек деген сөздөрдү мен да соцтармактардан көрүп жатам. Мен бул жакка канча жылдан бери өзүмдүн аракетим менен депутат болуп келгем. Эл, шайлоочуларым эгер "кет" дей турган болсо, "чакыртып алабыз" десе анда маселе жок. Билесиздер да, талапкерлер шайлоого барганда округдардан барат, ошол жактан добуш топтойт".
"Азаттык" "учурда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясында депутат болуп отурган, бирок убагында "Мекеним Кыргызстан" менен шайлоого баргандар кетиши керек деген пикирлер тууралуу аталган фракциянын айрым депутаттарынын пикирине кызыкты.
Кундузбек Сулайманов алардын маселеси фракцияда каралбай турганын айтты:
"Силер ушундай суроолорду бересиңер да. Бул маселе фракцияда каралбайт. Азырынча андай маалымат жок. Кайсы мыйзамдын негизинде, кайсы мыйзамдын чегинде экенин чечкенге укук коргоо органдары бар дегендей. Ошолордон сураштырсаңар болмок".
Жарандык активист Мукай Керимбаев Матраимов менен аздыр-көптүр мамилеш болуп жүргөн делген айрым депутаттардын аты аталбай жатканында кош стандарттуулук жок деп эсептейт.
"Парламентте Райымбек Матраимовго жакын делген депутаттардын анча-мынчалары мандатын тапшырып, өз ыктыяры менен кеткендер кетип жатат. Чындап эле моралдык жоопкерчилигин сезген депутаттар өздөрү билип деле кетип калышы ыктымал деп ойлойм. Карап, көрүп туралычы, дагы алдыда сиз айтып жаткан депутаттар жоопкерчилигин сезип, мандатын тапшырып кетип калар. Анан азыр так кесе бул кетет, ал кетет деп айтуу азырынча бир аз эрте деп ойлойм. Бул жагдайда кош стандарттуулук жок, себеби аны менен түздөн түз байланышы бар депутаттар бар, айрым депутаттар анын партиясы менен шайлоого чогуу барып калган. Балким алардын байланыштары азыр териштирилип жаткандыр. Күтө туралы, менимче алдыда али көп эле жаңылыктар болсо керек. Дагы кеткен депутаттар болот го. Кетчү депутаттар дагы көп эле болсо керек, убакыт көрсөтөт".
Кезинде "Мекеним Кыргызстандын" тизмесинде болгон, учурда башка фракциялардан депутат болгондор да бар. Мисалы "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, "Альянс" фракциясынан депутат Гүлкан Молдобаева, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Алишер Эрбаев да бар.
Маматалиев жардамчысы аркылуу биздин суроону уккандан кийин жооп берген жок.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин баамында соңку окуялардан кийин чуулгандуу иштерде, коррупцияга шек саналган адамдар менен кошо аты аталгандарды толук тазалоо үчүн люстрация мыйзамы керек.
"Буга чейин Матраимовдун айланасында жүргөндөр депутаттыктан кетиши керек деген талаптар негизинен туура. Алардын жардамы, алардын каржылоосу менен депутат болгон факт болсо. Алар бирок кетиши керек деген эле сөз менен кетип калбай, кылмыш иши козголсо мыйзамдуу болот. Мунун баарынын бир жолу бар - бул люстрация мыйзамын кабыл алуу. Ошондо гана баары орду-ордуна түшөт. Ага чейин "сен кет, бул кет" деген сөздөр сөз менен Кыргызстан оңолбойт. Булардын мөөнөтү бүтүп, кеткенден кийин кайра эле келип алышы мүмкүн, сотто кайра акталышы мүмкүн. Конфискацияланган мүлктөрүн кайра кайтарып алышы мүмкүн. Ошон үчүн баарына люстрация мыйзамын кабыл алышыбыз керек. Ал жерге коррупцияга аралашкандар, алардын жакындары депутат болбойт, мамлекеттик кызматка аралашпайт деген талапты киргизишибиз керек. Люстрация мыйзамы кабыл алынып, ал жерде кимдер, кандай критерий менен кетиши керектиги жазылышы абзел. Ошондо парламент дагы, Кыргызстандын бийлиги дагы тазаланат".
Талас округундагы шайлоону жокко чыгышы, добуш сатып алуу маселесинин козголушу
Парламент депуттарына байланыштуу соңку окуя добуш сатып алуу маселесине байланыштуу болду.
Бишкек административдик соту 28-февралда бир мандаттуу Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Буга аталган округдан шайлоого барган Эмилбек Абдыкадыровдун саясий атаандашы, парламенттин азыркы депутаты Бактыбек Чойбековду добуш сатып алууга айыптаган арызы себеп болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы Абдыкадыровдун өкүлүнүн арызын 22-февралда карап, канааттандырган эмес. Соттун биринчи инстанциясында алардын пайдасына өкүм чыкты. Бишкек шаардык административдик сотко кайрылып, алардын пайдасына өкүм чыккан.
“Эмилбек Абдыкадыровдун административдик доо арызы канааттандырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 22-февралындагы №4 чечими күчүн жоготту деп табылып, соттун чечими менен БШКнын токтому жокко чыгарылды”, - деп жазылган Бишкек административдик сотунан келген маалыматта.
Бакытбек Чойбековдун консультанты Асылбек Рахманов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, добуш сатып алууга байланыштуу дооматтарды четке какты. Иш Жогорку Сотко жеткенде үчүнчү тарап катары катышып, өз жүйөлөрүн келтирүүгө даярданып жатышканын билдирди.
"Биз дооматтарды албетте негизсиз деп эсептейбиз. Сот чечимине макул эмеспиз. Арызданган тарап түздөн түз биз тууралуу эмес, БШКга байланыштуу сотко доо арыз менен алардын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып жатат. БШК мыйзамда каралган мөөнөттө бул чечимге каршы даттанат. Биз бул иште үчүнчү тарап катары гана тартылып жатабыз. Ошол кездеги талапкер Бакытбек Чойбековду шайлоодо жеңүүчү деп тааныган токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен БШКны сотко берип жатышат Доо арыздагы жүйөлөргө макул эмеспиз. Чойбеков добуш сатып алууга барган эмес. Ал жерде булар эки жаран төрт миң сом берип, "Чойбековду шайлап койгула" дегенин айтып жатышат. Таласта жүз миң эл болсо, ошонун баарына бир Чойбеков жооп бербеши керек. Алар жүйө келтирип жаткан эки жарандын биздин шайлоо штабыбызга эч кандай тиешеси жок. Бизде алар агитатор дагы, байкоочу дагы болгон эмес. Чойбековдун шайлоо фондунан аларга бир сом дагы берилген эмес. Юридикалык жактан алардын бизге эч кандай тиешеси жок. Ушундан улам биз соттун чечимин негизсиз деп эсептейбиз. Азыр мандатка байланыштуу маселе жок, эл өкүлү өз кызматын аткара берет. Соттук териштирүүлөр уланат, биз дагы өз чындыгыбызды коргоп, сотко катышып мыйзам чегинде таламыбызды талашабыз".
Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев административдик соттун чечимине каршы соттун жогорку инстанциясына кайрылуу болорун бышыктады. Бирок соттон кандай чечим чыкса ал аткарыларын белгиледи.
"Биз Абдыкадыровдун арызын мыйзамдын талаптарына жооп бербейт деп четке какканбыз. Арызданган тарап сотко кайрылып, Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими чыкты. Бирок эми Жогорку Сот да бар да. Биз негизи шайлоо алдында деле эгер талапкер же талапкердин тарапташтары добуш сатып алганы аныкталып калса, сотто күнөөлүү деп табылса ошол шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгат, добуш сатып алуу менен алектенбегиле деп көп айтып, эскерткенбиз. Биз анда мөөнөтүнө дагы каралбайт деп айтканбыз. Анткени иш козголуп калгандан кийин тергөө амалдары жүрө берет. Биз болсо мыйзамга ылайык, ошол мөөнөттө чечим чыгарышыбыз керек".
Былтыр августта Жогорку Сот Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы бир мандаттуу Көк-Жар округундагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Сотко аталган округдан талапкер болгон Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында кайрылып, Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап, мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.
Жогорку Соттун чечиминин негизинде БШК былтыр августта Бакировдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Экс-депутат дооматтарды четке кагып, мандатынан айрылышын Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселеде каршы добуш бергени менен негиздеген.
Былтыр жыл аягында Бакиров добуш сатып алууга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, айып пул төлөгөнү бир апта мурда белгилүү болгон.
Былтыр май айында Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Анда добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, Ниязалиева менен дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалган. Ага катышкан экс-депутат Ыргал Кадыралиева үгүт өнөктүгү маалында айрым талапкерлер добуш сатып алууга аракет кылып жатканын айтып чыккан.
Кадыралиеванын баамында, шайлоолордо добуш сатуу, сатып алууга байланыштуу туруктуу схема түзүлүп калган.
"Шайлоого катышкандан кийин менде Шайлоо кодекси туура эмес экен деген ой пайда болду. Үгүт өнөктүгүнө бир ай гана убакыт берип, шайлоочулар менен талапкер ортосундагы мамилеге абдан кыска убакыт бөлүнүп калат экен. Таза шайлоо болсун десек анда агитациянын мөөнөтүн узагыраак кылышыбыз керек экен. Анткени талапкер ар бир шайлоочуга жетип, үгүттөгөнгө мүмкүнчүлүк болбой калат. Талапкерлер берилген убакыт аралыгында кайсы бир адамдарды сатып алып, алар болсо карапайым элдин добушун сатып алуу менен гана алектенет экен. Шайлоодо акча чоң роль ойноп жатканына талапкерлерден мурда шайлоочулар көбүрөөк себепкер болууда. Ошол элдин арасында чоң-чоң топтор бар экен. Алар "менин үч миң добушум бар, беш миң добушум бар" деп элдин үстүнөн кадимкидей ээлик кылат. Алар ар бир добуш үчүн мага эки миңден, шайлоочуга үч миңден бересиң деп соодалашат. Мени менен дагы ошентип соодалашкандар келди. Ага чейин шайлоодо штабда иштедим, ага дагы ошентип соодалашкандар келген. Шайлоодогу добуш сатып алуу көрүнүшү шайлоо системасын, кодексти өзгөртмөйүнчө өзгөргүдөй эмес. Мен соңку шайлоодо бир бөтөлкө суу бербей шайлоого катышып көрөйүнчү дедим. Добуш сатып алгандар жеңил жаза менен гана кутулат, жазасыз калуу деген кийин кылмышка түртөт. Мен добуш сатып алууга баргандарды аты-жөнү менен Ички иштер министрлигине бергем, бирок алардын эч кимисине иш козголгон жок".
Милиция Ыргал Кадыралиеванын добуш сатууга байланыштуу дооматтарына жооп кайтарган эмес.
Деген менен соңку окуялар кыргыз шайлоолорундагы добуш сатып алуу көрүнүштөрү тууралуу талкууга жем таштады. Шайлоолорго байкоо жүргүзгөн “Жарандык платформа” коомдук уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова добуш сатууну азайтуу үчүн ириде жарандардын аң-сезими өзгөрүшү керек деген пикирде.
"Бул чынында өтө чоң тема. Ал ириде жарандардын маданияттуулугуна жана укуктук сабаттуулугуна тиешелүү. Мисалы, кээ бир адамдар кандай суммадагы акча болсо дагы эч качан добушун сатпайт. Айрымдары үчүн добушу түккө дагы турбайт. Укук коргоо органдары буга каршы бардык аракеттерди көрө алат. Бирок аны аныктоо, аны далилдөө өтө татаал. Ошондуктан бул жерде жарандардын укуктук аң-сезимин өстүрүү маанилүү. Аларга "сен бүгүн добушуңду сатсаң, эртең мамлекетте болуп жаткан көрүнүштөргө таасир эте албай каласың" дегенди түшүндүрүү керек".
Былтыр жыл аягында Бишкектин Свердлов райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо кампаниясында иштеген, добуш сатып алууга шек саналган делген эки адамды күнөөлүү деп тапкан жана аларга айып пул салынган. Анын алдында “Азаттыктын” ишенимдүү булактары Шайлообек Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын айтышкан.
Соңку парламенттик шайлоодо өлкөдөгү бай адамдардын бири саналган, учурда абакта отурган Камчыбек Жолдошбаев Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан талапкер болгон. Атайын кызмат ага добуш сатып алууга байланыштуу айып таккан жана анын негизинде БШК жарыштан четтеткен.
Партия куроо, тизме түзүү маселеси
Учурда Бишкектеги Бирини Май райондук сотунда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын камактагы лидери Адахан Мадумаровдун соту болуп жатат.
Мадумаровго эки кылмыш иши козголгон, бирок бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы тилке тууралуу ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон протоколго байланыштуу. Анда Мадумаровго “мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.
Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Мадумаровго козголгон экинчи кылмыш иши Чыңгыз Абдымомунов аттуу адамдын арызынын негизинде ачылган. Ал жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылганы белгилүү болгон. Мадумаров менен кошо "Бүтүн Кыргызстан" саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге "алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.
Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал камалышын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Мадумаров камалгандан кийин анын айрым фракциялаштарынын үн катпай келгени, ал тургай бийликке ыктаган учурлары деген партия куроо, шайлоодо тизме түзүүгө байланыштуу талаш-талкуу жанданды.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев шайлоо өңдүү саясий жараяндарда акча негизги ролду ойноп келгенин белгиледи. Учурда парламентти тазалоо аракеттеринин артында кош стандарттуулуктун белгилери бар экенин белгиледи.
"Шайлоого даярдануу, партия түзүү деген жөнөкөй эле жумуш эмес. Биринчи маселе - бул каражат. Үгүт учурунда кеңсе керек, үгүтчүлөр, колдоо көрсөткөн кишилер керек. Бул көп чыгымды талап кылган жумуш. "Карайлаган там сүзөт" болуп эле баары эле акчалууларга барат. Алар болсо баланча орунду бересиң, биринчи бештикке киргизесиң деген талап коюшат. Арасында ар кандай жолдор менен акчалуу болгондор бар. Биздикиндей өткөөл мезгилде ак эмгеги менен байыгандар саналуу эле кишилер. Азыр эми ошолордун арасынан эң аныгы деп "Райым миллионду" айтып жатышпайбы. Анан ага барып өзүнүн партиясын түзө баштайт, парламентке өз кишилерин алып келет. Бул эми саясий турмуштун терс көрүнүшү да. Көп эле тажрыйбалуу саясатчылар деле бизнесмендерди тартып келгенге, алар менен сүйлөшүүгө барганга аргасыз болот. Бул жерда азыр "бул биздики, бул биздин бала" деген маселе болуп жатпайбы. Бул жерде адилеттүүлүк жок болуп жатат".
"Альянс" фракциясынан депутат болгон Эмил Жамгырчиев Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-январда камалган. Атайын кызмат бир күндөн кийин түшүндүрмө таратып, депутат коңшу өлкөлөрдүн бирине "качып кетүүгө камданып жатканы" тууралуу ыкчам маалымат түшкөнүн билдирген.
Дагы караңыз Жамгырчиев мандатын тапшырды, Абакиров депутат болдуБашкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр жыл аягында, 27-декабрда парламенттен Жамгырчиевди "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде козголгон кылмыш ишинин алкагында жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия 9-январда макулдук берген. Жамгырчиев ошол күнү фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүндөгү терезеден качып кеткени белгилүү болгон. Бир күндөн кийин парламент Жамгырчиевди жоопко тартуу жөнүндөгү депутаттык комиссиянын чечимин колдогон. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул айдын башында, 2-февралда Жамгырчиевди өзү берген арыздын негизинде мандатын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ошол күнү ал үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Жамгырчиев анда комментарий берген эмес.
Диплом чыры эки депутатты мандаттан ажыратты
Парламенттин азыркы чакырылышында эки депутаттын диплому тууралуу маселе чыгып мандатынан ажырады. Өткөн айда Жогорку Сот "Альянс" партиясынын тизмеси менен шайланган, дипломуна байланыштуу талаш чыккан Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.
БШК Алимжановдон сырткары "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутат Фархат Исмаиловду да дипломдоруна байланыштуу чыккан талаш-тартыштардан улам былтыр июлда мандатынан ажыраткан. УКМК 2022-жылы жазында аталган эки депутаттын дипломдору жасалма экенин билдирген жана экөө тең дооматтарды четке каккан.
Талдоочу Бакыт Жумагулов парламенттеги соңку окуялар кийинки шайлоолордо сабак болушу үчүн мыйзамдар өзгөрүшү керек.
"Негизи булардын баары сабак болушу үчүн Шайлоо кодексине, шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Бул өзгөрүүлөрдүн негизинде БШК жоболорду, инструкцияларды кабыл алышы зарыл. Ошонун баары аткарылып, каралышы керек. Ошондо депутаттардын мындай маселелери азаят. Ошол эле мисалы дипломдоруна байланыштуу маселелер көтөрүлүп жатат. Кандайдыр бир жумушчу топ түзүлүп, бардык кырдаал, жагдайга эксперттерге системалык анализ кылып, ошонун негизинде мыйзамга кандай өзгөрүүлөр кириши керек деген иш-аракеттер жүрүшү керек".
Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшыргандан кийин алар шайланып келген бир мандаттуу Кара-Суу жана Баткен округдарда кайрадан парламенттик шайлоо өтөт. Бирок датасы азырынча белгилене элек. Мыйзамга ылайык, президент шайлоону дайындагандан кийин эки ай аралыгында өтүшү керек.