Жалкоолор кол көтөргүлө...

"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.11.

“Күлкү кербени” бул ирет ар кыл кызмат орундары тууралуу такмазаларды сунуштайт.

* * * * * * *

— Чын эле IQ (интеллектуалдык коэффициент) көрсөткүчү кишини жумушка кабыл алып жатышканда эске алынабы?

— Албетте, бул чындык. Тек кошумчаласам, кимдин IQ көрсөткүчү шефтин өзүнүкүнөн көбүрөөк болсо, анда шеф андай талапкерди кызматка эч жолотпойт.

* * * * * * *

Дүйшөмбү күнкү жумушка шейшембиде гана келгенден мыкты арга жок.

* * * * * * *

Депутат Төлөнчөев парламенттеги жыйындан кайткан соң ошол күндүн инерциясынан чыга албастан дагы 2-3 саат эч иш кылбай жүрө берет.

* * * * * * *

Жетекчи кол алдындагыларга кайрылды:

— Бүгүн эң жалкоо киши үчүн чоң сыйлык бар. Мен өлө жалкоомун дегендер кол көтөргүлөчү!

Бирөөнөн башкасы бүт жабалактап кол көтөрүштү.

— А сен эмне кол көтөрбөдүң?

— Ошого эринип...

* * * * * * *

Бизди бир гана нерсе – эч жарытпаган маяна гана чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар кишиге айлантат.

* * * * * * *

— Урматтуу доктор, экинчи палатада түзүк эле киши жатат окшойт. Ал мырза базарда эт чапкыч болуп иштейт экен.

— Ошо неме обу жок калп айтып, өзүн көтөрмөлөй берет. Ал болгону ЖОЖдун бир профессору.

* * * * * * *

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.