Сарыгулов: “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгулов болду. Ал президент Аскар Акаев менен илгерки мамилеси, адистиги жок болсо да алтын тармагын башкарып калганы, “Кумтөр” боюнча алгачкы келишимдер, алардын кайра өзгөртүлүшүнун себептери, аларга өлкө президенттеринин катышы, “Кумтөрдүн” келечеги ж.б. суроолорго жооп берди.