"Сарууга жалгыз гана "Азаттыкты" киргизишкен"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Саясатчы, коомдук ишмерлер Кыргызстандын эгемен тарыхындагы маанилүү окуяларды эске салып, аларды чагылдыруудагы “Азаттыктын” ролун айтып беришти.

Эске сала кетсек, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда “Азаттыктын” “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлду. Эркин медианын айланасындагы мындай окуялар сынга алынууда.