Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгесинин он жылдыгын белгиледи. Кыргызстан Кытай стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп келет. Эки мамлекеттин биргелешкен ири долбоорлору да бар. Биз кыргыз-кытай мамлекеттеринин алакасы, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин Кыргызстанга пайдасы жана мунун келечеги тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев менен маектештик.
- Темир мырза, сиз Кытайдын борбору Бээжинде өткөн “Бир алкак - бир жол” демилгесинин он жылдыгына карата уюштурулган форумга катыштыңыз. Анын жүрүшү тууралуу кандай маалыматтарды бөлүшө аласыз? Кытайдын бул демилгенин келечеги тууралуу кандай пландары бар экен?
- Эки күндө чоң иш-чаралар өттү. 17-октябрда форумдун алкагында чоң конференция болду. Эртеси күнү саммиттин ачылышы болуп, Си Цзинпин он жыл мурда башталган “Бир алкак - бир жолдун” негизинде жасалган иштер тууралуу айтып, демилгенин келечекке коюлган сегиз багыттан турган программасы боюнча сүйлөдү.
Ал “Бир алкак - бир жол” курал, согуш жана санкция менен чыкпай турганын, бул өнүгүүнүн, чындыктын жана инфраструктуранын жолу экенин айтты. “Бир гана бул демилгенин алкагында эмес, ар бир мамлекеттин ичиндеги чакан долбоорлорду да буга кошуу керек, бул багытта Азия өнүктүрүү банкы жана Экспорт-импорттук банк аркылуу инфраструктуралык долбоорлорго жардам беребиз” деп жарыялады.
- Кыргыз бийлиги да “Бир алкак - бир жол” демилгесин колдой турганын айтып келет. Он жылдан бери уланып келген бул долбоорду Кыргызстан канчалык пайдаланып жатат? Бул мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатат деп сындагандар да бар.
- Ырас, биздин коомдо ар кандай сөздөр жүрүп, чочулоолор болуп келет. Биз мындай коркуудан алыс болушубуз керек. Анткени мында Африка, Латын Америка жана Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү сөз сүйлөшүүдө. Кытай дүйнөнүн бардык жерлеринде соода-сатык иштерин жүргүзүп жатат. Муну менен эле чектелбей, маданият, окуу, технология багытында кызматташып, үйрөтөлү, технологиялык долбоорлорду ачалы деп сүйлөдү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сөзүндө экинчи темир жолду ачабыз деп жатат. Бүгүнкү күндө Кытайдан Европага темир жол менен кетип жаткан жүктүн 75% Казакстан аркылуу өтөт. “Кавказ” транзиттик жолун ачабыз деген максаттары бар. Орусия президенти Сибирди, Ыраакы Чыгышты, Орусиянын ортоңку аймактарына инфраструктуралык шарттарды түзүп, Кытайга, Индияга байлайбыз, ал аркылуу Индия жана Тынч океандарына жол ачабыз деп белгиледи. Биз ар кандай себептерди айтып, чочулай берсек, өнүкпөй кала беребиз.
Дагы караңыз Мураталиева: Бээжин менен сүйлөшүүлөрдө Бишкектин позициясы күчтүү эмес- Кыргызстанда Кытай катышкан бир катар ири долбоорлор бар. Буга мисал катары түндүк-түштүк альтернативдүү жолду, жакында башталып жаткан энергетикалык долбоорлорду атасак болот. Кытай Кыргызстандагы мындай долбоорлорго катышууга канчалык кызыкдар?
- Бул жаатта мамлекет, өкмөт жагынан чоң аракеттер болуп жатканын айтып коюшубуз керек. Коомдун ичинде бир калыпка келе албай жатабыз. Ар бир долбоор башталып жатканда, аны жарандарга талдап, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп беришибиз керек. Азыр маалымат бат тараган учур. Мындай эркиндик Кыргызстанда бар. Айрыкча саясатчылардын, депутаттардын сүйлөгөн сөзү бул жакка дароо эле жетип турат. Айрым саясатчылар “биз бай мамлекетпиз, акчабыз, алтындарыбыз бар” деп сүйлөп жатпайбы. Ошол эле маалда биз булардан акча сурап кайрылабыз. Мындайда “силерде акчаңар бар турбайбы” дегендей мамиле жасалат. Ошондуктан бул темада сүйлөп жатканда кылдат болушубуз керек. Бизге узак мөөнөттүү чоң инвестициялык булактар керек. Булар болмоюнча өнүгүп кете албайбыз.
- Жогоруда коомдун терс пикири тууралуу айтып калдыңыз. Мындай шартта өкмөт коомго да туура маалымат берип, экинчи жагынан Кытай менен кызматташууну кантип жөнгө салышы керек?
- Биз кошуна мамлекеттербиз. Биз менен чектеш Шинжаң автоном облусуна да тынчтык керек. Кытай тарап “Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда тынчтык болсо, бизде да тынчтык болот” деп жатат. Мындайда биздин өкмөт ар бир ишти коомго талдап берип турушу керек. Мисалы, жол салсак, бизге эмне пайда келет дегендей түшүндүрүү иштери жүрүшү керек.
Дагы караңыз "Бир алкак - бир жол" Кытайдын азгырган жана чочуткан долбоору