Самыйкожо чек арадагы окуя үчүн жоопкерчилик маселесин көтөрдү

Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында атайын кайрылуу менен чыкты. Анда соңку кездери мыйзам чыгаруу органына чоңсунгандар, жаманатты кылып, басынтуу аракеттери көбөйгөнүн билдирди. Буга байланыштуу ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырды.

"Ансыз деле "жал-куйругу" кыркылган парламентти ого бетер басынтып, жаман көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан эч кимдин "этегине намаз" окубашы керек. Урматтуу калк, силердин турмушуңар менен өлкөнүн тагдырын өз мойнуна алган мамлекет башчы бар. Силер кароосуз калган калк эмессиңер. Ар бир сурооңорго жооп алышыңар керек. Анткени бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет деп президенттик башкарууну тандагансыңар. Баткендеги шалаакылыкка, кайдыгердикке сөзсүз жооп берилиши керек. Урматтуу президент, чындык ачуу болот, чыдагыла. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, биздин үндү туура, так жеткирсин деп эл бизди шайлап берген. Эл бизди жабык жыйындарды өткөрүп, жабык жармаңке курсун деп добуш берген эмес. Ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Бирок кечээки окуяларды кантип жашырабыз? Купуя деп биз жашырганыбыз менен чек арада чеп болуп турган элдин көзүн таңып, оозун баса алабызбы? Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишине ким жооп берет? Урматтуу президент, керек болсо мамлекеттик жетекчилерди алып, парламентке келип жогоруда айтылган маселелерге жооп алып беришиңиз керек деп чакырып кетем. Эл ушуну күтүп жатат. Болбосо эл үчүн жасап жаткан аракеттериңиз, маяна, пенсияны көтөрүү, мектеп-ооруканаларды куруу өңдүү иш-аракеттериңиз кумга сиңген суудай кургайт", - деди депутат.


Мирлан Самыйкожонун кайрылуусуна байланыштуу президенттик администрация азырынча үн ката элек.

Парламент 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган. Айрым ишенимдүү булактардын билдиришинче, анда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал дагы тараткан. Ал жыйында кайым айтышуу да орун алган. Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен.

Парламенттин басма сөз кызматы Мамытов кызматына ушул аптадан тарта кайра кайтканын билдирген.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Дагы караңыз

Мадумаров Ташиевдин ЖКга эки жашик курал алып келгенин сындады Баткенде тургундар чек ара маселесине байланыштуу бүгүн да чогулуудаПарламентте Кумтөргө байланыштуу комиссия түзүү сунушу көтөрүлдү ЖККУ катчылыгы кыргыз-тажик чек арасында бекеттердин алынышын кубаттады Орусия басып алган аймактардагы жасалма референдумдун жыйынтыгы чыкты