"Самсаны мээрим менен жасаш керек". Мустафанын рецепти
Ош шаарынын тургуну Мустафа Адылжанов жети жылдан бери чакан самсакана иштетет.
Мустафанын самсаканасында самсанын төрт түрү жасалат.
"Мен ар бир самсаны маани берип, кылдат жасайм. Эч кандай сырдуу рецептим жок. Болгону этти туура тандап, чарым, тарамыш, бездерди кесип алып салыш керек. Андан соң майдалап, татымалдарды кошуп, жакшылап туздайм. Этти бир күн мурда даярдайбыз. Пиязды майда туурап, камырды да жакшы жууруп, ийлегенге аракет кылам. Тандырды ысык кармап, мээрим менен жасасаң, самса даамдуу болот", - дейт Мустафа.
Ар бир самсанын салмагы таразага тартылат. Ошого жараша баасы да ар башка. Мисалы, кичине самса 120, орточо самса 160 сом, кабырга самса 180, чоң самса 200 сом. Чоң самсанын салмагы 500 грамм.
Самсага сапаттуу ун керек. Унга суу, туз гана кошулуп жуурулат.
Самса жасалып бүтүп калган кезде тандырга от коюлат. Тандырга пахтанын козопаясы жагылат. Козопая - пахтанын куураган сабагы, анын курамында май болгондуктан күйгөндө таптуу келет.
Ошто самсаканалардын аталыштары жөнөкөй. "Афган самса", "Баатыр самса" деп атап же жөн эле ашпозчулардын ысымын жазып коюшат. Биздин каарман Мустафанын самсаканасы "Чоң самса" деп аталат.
Бул самсаканада алты киши иштейт. Алар күн сайын 400-500 самса жасашат.
Самсачылык - мурас катары атадан балага өткөн кесиптердин бири. Бирок Мустафа убагында Оштогу мен-мен деген самсачыларга шакирт болуп жүрүп үйрөнгөн экен.
"Менин самсаларымды кардарлар мактап, тамшанып, ыракаттанып жеп жатканын көрсөм, ушунчалык сүйүнөм. Чарчаганымды унутам. Адамдарга кубаныч тартуулагандын өзү мен үчүн чоң бакыт", - дейт Мустафа.
Мустафа тандырга самса жаап жатат. Тандыр ысык болгондуктан ашпозчулар жеңи узун кийим киет.
Тандырда мончоктой тизилген самсалар.
Самса жабылган соң тандырдын оозу темир капкак, жылуу төшөктөр менен жабылат.
Самса нанүштөгө жакын бышат. Ага чейин кардарлар ысык чай ичип, күтүп отурушат. Самса тандырга жабылгандан кийин 45 мүнөттө бышат.
Мустафа кардарларга самсаны атайын сорпо менен чогуу берет.
16 жаштагы Зиёдин бул самсаканага шакирт болуп келген. Ал Ошко атагы чыккан самсачы болууну кыялданат. Азыр жаңы бышкан самсаларды үзүп жатат.
Тандырдан жаңы үзүлгөн самсаларды ушинтип түбүн өйдө каратып коюшат. Болбосо ичиндеги сорпосу сыртына агып, даамын жоготот.
Бул самсаканадан киши үзүлбөйт.
Самса жештин өзүнүн эрежеси бар. Самсанын түбүн бычак менен кылдат кесип, анан ичине каалаган татымалды салып, чай кашык менен жеш керек. Ал эми түбүн сорпого же чайга чылап жесең, даамы оозуңда калат.