Салык эрежелери: Өкмөт элди кантип ынандырат?

Садыр Жапаров Нарында эл менен жолукканда жаңы салык эрежелерине байланышуу нааразылык айтылган.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 13-мартта салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, аны жактырды. Буга чейин бул мыйзамды бир нече жолу кароодон баш тарткан эле. Документти талкуулоо учурунда бир катар депутаттар жаңы салык эрежелерине байланыштуу маселелерди көтөрдү. Соңку күндөрү Бишкек шаары баштаган өлкөнүн бир нече аймактарында ишкерлер, соодагерлер салыктагы жаңы талаптарга нааразы болуп акцияга чыгып жатат.

Нарын менен Таластагы нааразылык

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын шаарында айрым жергиликтүү тургундар менен жолукканда жаңы салык эрежелерине байланыштуу нааразылык айтылган. Бул жыйынга катышкан активист Гүлмира Кыштообаеванын айтымында, чогулгандардын көбү бул талаптардын кесепети карапайым элге тиерин эскерткен.

"Президент "болгон мамлекет, дүйнө жүзү каатчылыкта турса, биз ошол алган салык, акча менен пенсия, жөлөк пул, айлык акыңарды берип жатабыз. Мектеп, оорукана салышыбыз керек, мен акчаны асмандан аламбы, туура түшүнбөйсүңөрбү" деди. Бирок эл болбой эле айтчусун айтты. Каяктагы аткезчилер, баягы эле карапайым эл кыйналат да. Ал жакта ветеринария жагынан текшерген комиссиясы турат. Бажычылар, салыкчылар турат. Үч-төрт текшерүүчү орган турбайбы, алар эмне көздөрүн таңып алдыбы? Ошолор текшеришсин. Мындайча айтканда, карапайым элдин жонун шылып жатышат".

Мындан эки күн мурда ушундай эле нааразылык акциясы Талас шаарында да өткөн. Ага катышкан ишкер Медет Сүйүнбаевдин айтымында, жаңы салык эрежелери соодагерлердин түйшүгүн, чыгашасын көбөйтөт.

"Биз салык төлөгөндөн эч убакта качпайбыз, качкан дагы эмеспиз. Мен дагы элдин патриотумун. Мисалы, менин жеке пикиримде, бизге патенттин баасын эки эсе көтөрүп койсо болмок. Ошондо буга чейин миллиарддаган акча түшүп жүрсө анын суммасы эки эсе көбөймөк да. Патенттин баасын эки эсе көтөрүүгө баарыбыз макулбуз. Анан булар көмүскө иштеген дүңүнөн саткан фирмаларды, аткезчилерди кармай албай жатабыз деп жатышпайбы. Аткезчилерди ошол тиешелүү органдар кармасын. Салык органдары иштесин. Дүңүнөн соода кылгандар, фирмалар менен салыкчылар тыгыз иштесин. Алар өздөрүнүн иш бөлмөсүнөн чыкпаса, ар бир кызмат өзүнүн жумушун так аткарбай коррупцияга батса биз, карапайым жеке ишкерлер күнөөлүү эмеспиз да. Аларды кармап берүү биздин милдетибиз эмес. Товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) менен иштеш үчүн мен мисалы, атайын эсепчи жалдашым керек. Атайын эсепчи жалдамайынча аны менен эч ким иштей албайт. "Ал оңой эле, анын баары Салык кызматына түшүп турат, силер отчет деле бербейсиңер" дегени - курулай эле сөз", - деди ишкер.

Министрдин саботаж тууралуу дооматы

Быйылтан тартып Кыргызстанда алып-сатуу менен алектенген соодагерлер, ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу шарт деген эреже кирген. Буга чейин болсо кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Жаңы талапка ылайык, соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Парламенттин тармактык комитети 13-марттагы жыйынында салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, аны жактырды. Анда бир катар депутаттар жаңы салык эрежелери, коомдогу нааразылык тууралуу маселе көтөрдү. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев митингге чыккандарды "саботаж кылып жатат" деп айыптады.

“Алар ККМ , ЭТТН эмне экенин так билет. Маселе алардын саботаж кылып, “мен муну каалабайм” дегенинде болуп жатат. Мындай болбойт. Диалог конструктивдүү болушу керек. Салыктын көлөмү боюнча сүйлөшсө болот, бирок эрежелер боюнча эмес”.

Деген менен бул жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт жаңы салык эрежелерине байланыштуу сунуштарды, сын-дооматтарды карап чыгарын билдирди.

"Биринчи нааразы болуп кичи базарларда иштегендер чыкпадыбы. Аларга жеңилдетилген жагдай түзүп берели деп сүйлөшкөнбүз. Өздөрүнөн да жардам сурадык. ККМ менен бекер камсыздайбыз дедик. ЭТТНде "виртуалдуу кампа" деген бар эмеспи. Аны биз өзүбүз барып ачып берели дедик. Себеби аларга келген товарлардын баасын биз дагы көрөлү дегенбиз. Биз муну дагы карап жатабыз. Экинчи митингге айылдардагы кичи дүкөндөрдө иштегендер чыкты. Алардын маселеси ККМ менен патент болуп жатат. Патент тууралуу алар болуп чогулуп дагы сүйлөшөбүз. Алар ККМдин мөөнөтүн жылдырып бергиле, патентти калтыргыла деп жатат. Биз муну өкмөттө талкуулайбыз".

Салык кызматы жаңы талаптын максаты ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу экенин билдирип келет. Аталган мекеменин бөлүм башчысы Азат Алманбетов нааразылык акциясына чыккандардын арасында салык төлөбөй келгендер бар экенин билдирген.

Дагы караңыз "Митингге чыксаңар, келишим бузулат". Салык кызматынын каты

"Этият мамиле керек"

Комитеттин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов өкмөт өкүлдөрүн жаңы салык эрежелерин соода жайларга, базарларга карата этап-этап менен киргизүүгө чакырды.

"ККМ аппараттары керек. Бирок аны этияттап киргизүү керек. Башында чоң соода жайларда, борборлордо көзөмөл кылып, андан кийин базарларды киргизиш керек. Базарларды дагы бөлүп-бөлүп кароо керек. Мисалы, "Дордойду" өзүнчө караш керек, "Кара-Суу" базарын өзүнчө караш керек. Нааразылыктын баары жөнөкөй кичинекей дүкөндө соода кылып жаткандар, базарда тиричилигин араң өткөрүп жаткандардан чыгып жатат да. Элдин, коомчулуктун пикирин эске алышыбыз керек".

Жаңы салык эрежелерине байланыштуу нааразылык акциялары чыгып жаткан маалда Ошто Салык кызматынын соодагер, ишкерлерди пикет-митингге чыкпоону эскерткен каты талкуу жаратты. Ушундай эле кат Бишкектеги "Дордой-Дыйкан" базарында иштегендерге да келгени белгилүү болду.

Салык кызматы борбордук аппараттан мындай тапшырма берилбегенин билдирип, катка байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.