Орусиянын чыгаан сатирик жазуучусу Михаил Евграфович Салтыков-Щедрин (1826-1889) юмор менен сатира ширелген бермет чыгармаларынын биринде, - “Бир шаардын таржымакалы” ("История одного города") жыйнагында, - өз коомунун калпыс жактарын, айрым көрпенделердин жосунсуз жоруктарын айоосуз ашкерелеген.
Эмесе, Салтыков-Щедриндин 1870-жылы алгач жарык көргөн бул китебинде камтылган айрым учкул сөздөргө назар салыңыздар.
* * * * * * *
«Бардык өлкөлөрдө темир жолдор бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн кызмат кылат экен, бизде болсо андан тышкары ал кымтыкейлик үчүн да ишке жарап берет».
* * * * * * *
«Көп кишилердин «Атажурт» жана «Сиздин Улуу урматыңызга!» деген сөздөрдү чаташтырып алмайы бар экен».
* * * * * * *
«Орусия бийлиги өз калайыгын ар дайым үзгүлтүксүз аң-таң калуу акыбалында матап турушу ылаазым».
* * * * * * *
«Эгерде мен азыр оор уйкуга батып, анан жүз жылдан кийин ойгончу болсом жана «азыркы тапта Орусияда эмнелер болуп жатат?» деп суроо узатып калышса, анда мен: «Ичкилик ичип жана уурулук кылып жатышат», - деп жооп узатамын…»
* * * * * * *
«Орусиялык мыйзамдардын катаалдыгы аларды аткарууга милдеттүүлүктүн жоктугу аркылуу жумшартылат».
* * * * * * *
Тентектердин ушундай чоң кошууну бар дейсиз, алар «мамлекет» деп сүйлөшсө, тилдеринен чаң чыгат, бирок көөнүндө – казынанын эсебинен бышырылган даамдуу май токоч турат.
* * * * * * *
Эмненидир ал эңсегендей болууда: Конституциягабы, же татымал сыйпалган севрюга балыгынабы, же кимдир-бирөөнү талап-тоноогобу, айтор, бирдемкеге «талгак» болуп турат.
* * * * * * *
Өтө көжөлгөн аңкоолук – бул абдан кубаттуу күч.
* * * * * * *