Соңку жылдары коомдо кызуу талкууланган гендердик маселе, аялзатын басмырлоо, зомбулук сыяктуу терс көрүнүштү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры өткөн доордун 80-жылдары Авксентий Цагарелинин "Ханума" музыкалык комедиясы аркылуу көтөрүп чыккан эле.
Спектаклде окуя Грузиянын Тбилиси шаарындагы Авлабар районунда Ханума аттуу шуулдаган шайдоот аял менен Кабатонун бири-бирине жуучулук эрегишүүсү жана карыя канзаада Вано Патиашвилиге жаш колукту алып беребиз деген кызыктуу окуясы камтылып, байлыкка чиренүү, жагымпоздук, ичкилик, оюн-зоок, даражасы төмөндөрдү басмырлоо, жаш кызды соодалоо ж.б. көрүнүштөр музыканын коштоосунда өнүгүп, карама-каршылык курчуйт.
"Ялла, Ханума!"
1985-жылы КРнын эл артисти Тамара Жумакаеванын чыгармачылык сунушу менен театрдын репертуарын грузин драматургу Авксентий Цагарелинин “Ханума” музыкалык комедиясын режиссер Замира Акылаеванын сахналаштыруусунда кызуу ишке киришти. Буга чейин чыгармачыл жамаат Шекспирдин "Король Лир", Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" спектаклдери менен мактоого алынып, жамаатка канат бүтүп турган.
1986-жылы "Хануманын” репетициясына кызуу киришип, февралда комиссияга көрсөтүү каралган. Ошол жылдары Нарын аймагында кышкы сууктун -35, -40 градустан ашып турган мезгили. Чилде чыкканы менен февралда сууктун каары күч. Эзели жылыбаган театрдын ичинин суугуна карабай артисттер кызуу иштеди.
Өзгөчө Хануманын ролундагы эл артисти Тамара Жумакаева, князь Ванонун ролундагы эл артисти Бакирдин Алиев, Кабато - эл артисти Койсун Карасартовалар жаш артисттер менен тең тайлашып оронуп чулганып репетициядан калбады.
Нарын театрында мурдагы муундагы артисттер таң эрте театрга келип, ролдорун иштеп атышчу. Ошондой күндөрдүн биринде Ванонун ролундагы эл артисти Бакирдин Алиев театрга элден мурун келип, сахнада ролунун үстүнөн иштеп калат.
- Ханума, кара жаак Ханума тезирээк мага жаш колуктуну алып келип бер же болбосо менден алган акчаларды кайтаргын!,-деп кыйкырганда сахнанын ортосундагы вино ачыта турган чоң жыгач челектен Ханума чыга калбаспы:
- Урматтуу Вано, менин кыжырыма тийбеңиз! Менин бир айткан сөзүм эки болбойт,-дегенде Алиев бүргөдөй секирип:
- Ялла, Ханума! Кайдан чыга калдың, а!?-деп коркуп кеткенин Тамара эже эскерчү. Ошондо боору эзилгенче күлүп челектен кулап түшкөнүн айтып калаар эле. Бакирдин аба чын коркконун жымсалдап, актердук чеберчиликке салып кеткенин көпкө эскерип күлүп жүрдүк. Көрсө, Тамара эже Бакирдин абадан мурда келип, ролдун үстүндө иштеп атып, жыгач челеке кирип алыптыр.
Дагы караңыз "Кейибе бака, саз биздики": биз билген Мукан Рыскулбеков"Кавказ менен теңир тоолуктардын темпераменти"
Эсимден кетпей калган сцена, Князь Вано үйлөнөр алдында шаардагы тааныштарын мончого чакырып чай бергени...
Репетицияда артисттер жылаңач денесине шейшеп оронуп, жылаңаяк жүрөт бири-биринин денесине муздак чөмүчтү басып, чучуктай чыңырткандары да бар. Ооздорунан кадимкидей буу буркурап суукка аргасыз түтүп атышты. Режиссер:
-Болбойт, турмуштагыдай ойногула!,-деп кайра-кайра кайталатканда жаны кашайган артисттер “Ялла, Ханума! Кайдан чыга калдың-а!” деп калышчу көңүлдөрүн көтөрүп.
Андай шартта мурдагы СССР эле эмес, дүйнөнүн башка театрларындагы бир дагы артист сахнага чыкпайт болчу. Бул жерден Теңир-Тоо театрынын артисттеринин өнөргө, өз ишине берилген “көк жалдыгын” баса белгилегим келди.
Репетициядан кийин көп артист суук тийип жатып калгандары дагы болду. Кыскасы, спектакль жогорку деңгээлде коюлуп, музыкасы, бий, ийкемдүү кыймылы төп келип, актерлердун берилип ойногону көрүүчүлөр түгүл шаардан келген кабыл алуу комиссиясына да абдан жакты.
Дагы караңыз "Дүйшеке, Базарбайдын сөзүн кайдан таап алгансыз?"Режиссёр З.Акылаева спектаклди коюуда анын хореографиялык билими жана хореограф Мелис Асылбашевдин жардамын белгилөөгө болот. Актерлор сахнада жөн гана ийкемдүү кыймылдашпастан, ар бир кыймылында, ар бир көрүнүштө суукту тоготпой “жан дили менен берилип ойногону ” менен айырмаланган.
Дагы белгилей кетчү жагдай, Нарын театры өзүнүн жарым кылымдык мааракесинин алкагында москвалык комиссиянын кароосунан өтүү үчүн бир нече спектаклдерди тандоого даярданган. Анда “Ханума” да бар эле. Бирок, башында комиссия бул спектаклге таптакыр каршы болгон. Себеби, спектакль ар кандай театрларда абдан көп ирет коюлган жана андан кандайдыр бир жаңы нерсени көрүүгө мүмкүн эмес деп эсептешкен.
Бардыгынын көз алдында Ленинграддын чоң драма театрындагы кереметтүү “Ханума” оюну турган. Анын режиссёру легендарлуу Георгий Товстоногов болуп, кийинчерээк ал спектакль борбордук телеберүүдө көрсөтүлгөн.
Эң башкысы, бул Нарын облустук “Дөңгөлөк үстүндөгү театрда” москвалыктарды таң калтыруу оңой болбойт деп эсептешкен. Театрдын жетекчилиги комиссияны жок дегенде бир карап коюуга ынандырган. Актерлор суукка карабай абдан даярданышкан болчу.
Комиссия мүчөлөрү нарындыктардын ”Ханумасын” көргөндөн кийин таң калып, Москвада көрсөтүүгө ынап калган. Ошондо Москвадан келген комиссиянын бирөөсү “Кавказдын темпераменти менен теңир тоолуктардын темпераментинин аралашмасынан мыкты спектакль чыгыптыр" дегени эсимде.
Азыр дагы ошол артистерге жолуканда “Ялла, Ханума кайдан чыга калдың а!”,-деп эскерип, бир жылмайып алабыз. Ошондогу жашы улгайганына карабай көгөрүп иштеген Тамара эже, Койсун эже, Бакирдин абалардын театр өнөрүнө берилгендиги аял башы менен оор шартта режиссерлук милдетин аткарган Замира Акылаеванын эмгеги эбегейсиз болгон. Бул спектакль режиссер Акылаеванын койгон спектактаклдеринин эң мыктысы болгон десем аша чаппайт.
Дагы караңыз Аялдан чыккан алгачкы композитор келбес жайга кеттиКыргызстандагы аял режиссерлердун бири , болгондо да өзүнүн орду бар Замира Акылаева 1954-жылы Ташкент шаарында болочок артисттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Тогуз жашынан баштап Фрунзеде хореографиялык окуу жайда билим алган.
1975-1980-жылдары Ташкенттеги Островский атындагы театр жана сүрөтчүлүк институтунда режиссурадан билим алып, 1980-жылдан баштап Нарын театрында режиссер коюучу болуп иштеген.
Ал жерде “Ханума”, “Мен апамды издеп келем”, “Тизмеге кирбей калган”, “Вестсайд окуясын”, “Өлүм жазасын” койгон. Кийинчерээк Бишкекке жаштар театрында бир канча спектаклдерди коюп, кыргыз драма театрында эмгектенип, Гоголдун “Текшерүүчүсүн”, Антон Чеховдун “Юбилей” жана “Бакбергендин бактысы”, “Вестсайд окуясы” ж.б. спектаклдерди койгон.
Азыркы тапта Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында эмгектенет. Аны алыстан көргөн нарындык артисттер “Ялла, Ханума! Кайдан чыга калды-а!” деп калышчу.
Авксентий Цагарели
Грузин драматургу Авксентий Цагарели 1857-жылы 21-февралда Дигоми айылында жарык дүйнөгө келген. Ал өспүрүм кезинде грузин театрына арбалып, актердукту өздөштүрөт. 19 жашында биринчи пьесасын жазган "Ханума" комедиясын болсо 1882-жылы жазып, орус жана армян тилдерине которулган.
Ал грузин театрлары үчүн орус, армян тилинен 20га чукул пьеса которгон. Хануманын негизинде "Кето жана Котэ" деген оперетта коюлуп, ушундай аталыштагы фильм тартылган.
1972-жылы совет доорунда легендарлуу режиссер Гергий Товстоногов тарабынан Ленинграддын чоң театрында (БДТ) "Ханума" музыкалык комедиясы коюлуп, 500 ирет көрүүчүлөргө тартууланып, даңазасы таш жарган. Ошондон кийин "Ханума" союздун курамындагы республика, шаарлардын дээрлик бардыгынын репертуарынан орун алган.