Куулган митинг: кимге кандай сабак?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин Бишкектеги митинги бейбаштык менен коштолуп, 100дөн ашык адам кармалды. Күч органдары бийликти басып алуу аракети болду десе, Жапаровдун жакындары чагымчылдык орун алганын айтышууда. Бул кырдаалдын жоопкерчилиги кимде жана кандай сабак алынышы керек? Талкууга парламенттин мурдагы төрагасы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-премьер-министр, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, парламенттин мурдагы депутаты Надира Нарматова жана Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Жолборс Жоробеков катышты.