Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!
Кокусунан эле аз убакыт мурда тартылып бүткөн режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Сагынбай манасчы” аттуу көркөм тасмасынын бет ачарына катыштым. Тасманы көрүп бүткөн соң, эки анжы ойдо калдым. Албетте, киносынчы эмесмин, бирок катардагы көрүүчү катары оюмду айтууга укугум бар го деп ойлойм.
Эми тасманын өзөгүнө келсек, 1922-26-жылдардагы улуу манасчынын өмүрүнө байланыштуу окуялар, асыресе, "Манасты" жазып алуу үчүн ага келген Ыбрай Абдрахмановдон башталат.
Сагымбайдын өтө кедей жашоосу, жаздыруу үчүн "Манас" айтканы, большевиктик бийликтин байларды кулакка тартып, мал-мүлкүн ортолукка алуусу, манасчынын айтканын жазып алууга шарт түзүп берген бир байдын үчүнчү аялына Ыбрайдын көзү түшүп калганы, кыргыз эли өзүнчө мамлекет болгонун угуп, бийликтегилерге жолугуп "Манас" айтканы келишсе, алар укпай коюп, Сагымбай менен Ыбрай кайра үйүнө кайтышат. Ошондон Сагымбай ооруп калат да, кайтыш болот. Кыскарта чапканда, сюжет ушундай.
Эми колдон келишинче көзгө урунган нерселерди айтып көрөйүн. Сагымбай сегиз баласы, эки аялы менен өтө жакыр жашайт. Жаргылчакка тартылган ундан казанга калама жасап, аны катыр-кутур кургак чайнап жешет.
Бир жолу кой союлуп калса, байкуш балдар этти эчтеке көрбөгөнсүп бурдап жегенин көрсөтөт. Боз үйдө баары тизилип, жууркан жамынып жаткан учурларды кайра-кайра көрсөтүүнүн кандай зарылдыгы бар экенин түшүнбөдүм.
Болгону 1920-жылдар болсо, большевиктик бийлик байлардын мал-мүлкүн ортого тартып алып, өздөрүн сүргүнгө айдоо менен алектенип, анан калса Үркүндөн кийинки мезгилдеги элдин жакыр жашаганын эске алганда, турмуш-тиричилик болжол менен ошондой болгон го деген ойдо каласың. Көркөм тасмада жакыр жашоону көрсөтүүнүн түркүн каражаттары болорун режиссер жакшы эле билсе керек.
Каармандарга келсек, башкы каарман Сагымбай манасчы эмей эле Ыбрай Абдрахманов болуп калгандай. Ал жаш, сымбаттуу, жаңы бийликтин өкүлү, балдарга орусча ырларды үйрөтөт, башкаларга мамиле кылганы кызыктуу, демейде башка тасмалардагы бардык эле баш каармандардын башына келчү арзуу сезими да бар... Бул каарман үчүн жаш киноактер Өмүрбек Израиловго ыраазы болсок болот.
Ал эми Сагымбайды белгилүү актер Аскат Сулайманов ойногон. Буга чейин ал калың журтка комедия жанрындагы тасмалар аркылуу көбүрөөк белгилүү болуп келсе да, улуу манасчыны бир топ ишенимдүү ойногон. Тасмада Сагымбайды экран толо көрсөткөн эпизоддор көп.
Ошондо көздү өйүгөн көрүнүш, ага чапталган сакалдын жасалма экендиги абдан билинип турганы болду. Сагымбай өлгөн агасынын аялын алты баласы менен алган, өзүнүн аялынан эки баласы бар, көп бүлөлүү, кедей жашаган адам. Тасмада көпчүлүктүн арасында чоң сүрөөн менен төгүлүп-чачылып "Манас" айтканы, же атактуу манасчылыгы эмнеси менен таанылганы боюнча көрүнүштөр жок. "Манасты" Ыбрай жаздырган учурда гана айтат. Айтор, андан башка өнөрү жок, орто жаштагы кадимки адам катары көрсөтүлүп, улуу манасчынын образы толук ачылбай калгандай таасир калтырды.
Эң кызыгы, тасманын бет ачаары бүткөндөн кийин болду. Маданият министри А. Жаманкулов сүйлөп бүтүп, сөздү вице-премьер-министр Э.Байсаловго бере салды эле, ал чочуп кетти. Эл алдына чыкты да, “Сагымбай манасчы” тасмасы мага жаккан жок деди. Залдагы эл уу-дуу боло түштү. Жакпаган жерлерин Эдил Байсалов айта берди. Адегенде мага дагы анын мындай сөзү ошол жерде өөн көрүндү. Эмнеге жакпаганын социалдык тармактагы өз баракчама жазам деп да салды.
Социалдык тармактарга бул тасма боюнча анын жазганын да окудук. Пикирлери бир топ жөндүү. Бирок, эгер жакшылап ойлонсок, аткаминерлер менен чыгармачыл адамдардын бири-биринин көзүн карабаган, жакпаганын эл алдында бетке айткан көрүнүш мага жакты, чынын айтайын. Албетте, жаңы тасманын бет ачаарында баары эле мактап турганы сонун дечи, бирок бет ачаарда да сыпайылык кылбай баарын балп эттирген Байсаловго да тан бериш керек. Эрнест Абдыжапаров да бош келбеди, “Сагымбайды ошол кездеги өкмөт дагы жакшы кабыл албады эле, эми азыркы өкмөт дагы жакшы кабыл албай жаткан дал келүүнү карасаңар” деп Байсаловго жооп кайтарды.
Баса, сөздүн удулу келгенде кошо кетейин. Эдил Байсалов “Сагынбай манасчы” тасмасы жөнүндөгү пикирин билдиргени жакшы болду. Бирок бир аз мурун коомчулукту уу-дуу кылган “Манастын уулу Семетей” тасмасы боюнча дагы оюн айта келсе жакшы болмок.
Дагы караңыз Талашы бүтпөгөн "Так мураскери": манасчылардын кайрылуусуДагы бир көзгө урунган көрүнүш, Эрнест Абдыжапаров тасманын автору катары улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун неберелери, жээндери, жалпы урук-тууганы менен аябай иштешкени көрүндү, себеби бет ачаарда бири-бирине кайра-кайра ыраазылык айтып жатышты. Ушундан улам, тасма алар үчүн эле тартылдыбы же жалпы эл үчүн тартылдыбы деген ой аргасыз келет экен. Улуу манасчы Сагымбай Орозбаков алардын эле эмес, жалпы элдин энчисине айланганы качан.
“Сагынбай манасчы” тасмасын тартууга мамлекеттик бюджеттен 6 миллион сом бөлүнгөн экен. Тарыхый көркөм тасма үчүн бул каражат азбы же жетиштүүбү, аны режиссер билет. Балким каражат жетишсиз болгондуктан, көркөм тасма ачылбай калгандыр.
Ушу тасмадан соң эске түштү, Эрнест Абдыжапаров бир нече жыл мурда Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма тарткан. Мен ал тасманы да көргөм. Сценарийин Бакыт Орунбеков жазып, Аскар Салымбеков демөөрчүлүк кылып, аны тартууну конкурс аркылуу Эрнест Абдыжапаров утуп алган. Бирок ошол тасма Жусуп Абдрахманов тууралуу театрда коюлган спектакль менен тарыхый архивдерден кураштырылып, начар тартылгандыгы ошол кезде эле коомчулукта айтылган. Тасманын сценарийин жазган Бакыт Орунбеков: “Сценарийде берилген концепция жакшы иштелип чыккан эмес, ошондуктан даанышман жетекчи катары Жусуп Абдрахмановдун образы ачылбай калган. Болгон кемчиликтерди убагында режиссерго айткам” деди. Режиссер кайра оңдоп тартууга убада берип, бирок оңдолбой ошол эле бойдон калганын айтып жүрүшөт. Ушул тапта Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм тасма тартууга даярдыктар жүрүп жатканын дагы Бакыт Орунбеков кошумчалай кетти.
Ошентип, жаңы тартылган “Сагынбай манасчы” (Сагымбай деп жазып, айтып, окуп келдик эле, тасмада эмнегедир Сагынбай деп жазылыптыр) тасмасы Бишкектеги бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.