Сезимтал кепка айдоочуну кырсыктан сактайт

АКШнын Ford автомобиль компаниясы

Узак жолдо айдоочуну уктатпас баш кийим. Израилдик окумуштуулардын жаңы аскер куралы. Чымчыктар келечегин ойлоп иш кылат. Маяналуу жумуш менен ден соолук ортосундагы "тескери" байланыш.

Айдоочуну уктатпас кепка

Кыргызда “Жол азабы, көр азабы” деп бекеринен айтылбагандыр. Жолдун азабын, арийне, күнү-түнү “жүгөнүн” колдон чыгарбаган айдоочулар көрөт. Жолдогу эң чоң куурал - уйку.

Айдоочулардын жолдо уктап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн АКШнын Ford автомобиль компаниясы GTB креативдик агенттиги (Бразилия) менен жарнакташып, атайын баш кийим жасашты.

SafeCap кепкасы айдоочунун башынын кыймылын аныктап турат жана непада башы шылкыйып баратса, үн чыгарып, өчүп-күйүп, титиреп шоокум салат. Ал үчүн коопсуз кепканы ойлоп тапкан инженерлер айдоочулардын башы сергек кезде жана үргүлөй баштаганда кандай абалда болорун кылдат үйрөнүшкөн.

Кепкада машине жүрүп бараткандагы айдоочунун башынын абалын аныктачу акселерометр жана тулкунун абалын аныктап турчу грискобу, үн чыгарчу, титиречү жана жылт-жулт этип жарык чачуучу шаймандары бар.

Ford компаниясынын жетекчилиги коопсуздук кепкасы жыл башында сынактан өткөн өзү кыймылдачу “бешик” сыңары кардарларды кубандырат деген үмүттө. Береги бешик жүрүп бараткан автомобилдей кыймылдап жана үн чыгарып баланын уктатканга жардамдашат.

“SafeCap жергиликтүү базарга эсептелген долбоор эле. Азыр дүйнөнүн чар тарабында ага кызыккандар көбөйүүдө, - дейт Ford компаниясынын соода-сатык боюнча Бразиялиядагы башчысы Освальдо Рамос (Oswaldo Ramos).

- Бразилиядагы сыноону бүтөрүбүз менен коопсуздук кепкасын башка да өлкөлөргө сатыкка чыгаруу максатыбыз бар”.

Освальдо Рамос маалымдагандай, Ford компаниясы башка өнөктөштөр менен кызматташып, кепканы азыркыдан да эффективдүү жана коопсуз кылууну көздөйт.

Ford компаниясы коопсуздук кепкасын Бразилияда жүк тартуучу машинелерди чыгара баштаганын 60 жылдык мааракесине тартуу кылды.

(Булагы: https://www.fastcompany, http://www.nydailynews.com)

Израил жаңы куралдуу болду

HydroCamel II деп аталган бул роботту (Autonomous Underwater Vehicle, AUV) Израилдин Бен-Гурион атындагы университетинде жасалган. Расмий маалымдалгандай, узундугу 2.4 метрлик HydroCamel II роботу өзү тейдеги башка роботтор жасай албаган бир катар функцияларга ээ.

“HydroCamel II автономдуу аппаратынын конструкциясында түрдүү заманбап инновациялык технологиялар бар. Ал алты деңгээлде эркин манёвр жасап, вертикалдык абалында сүзгөнгө жөндөмдүү. Мурда бул сындуу аппараттар кеме менен энергия жана маалымат өтчү кабель аркылуу байланышта болуп, дистанциондук жол менен гана башкарылчу” деп билдирди аппаратты жасаган илимий-инженердик топтун башчысы, профессор Хюго Гутермен (Hugo Guterman).

HydroCamel II аскерий максатта пайдалануу үчүн жасалгандыктан, анын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө толук маалымат берилбеди. Бирок аны суудагы объекттерди таап, тааный билчү гидролокациондук система жана түрдүү жумуштарды аткарганда колдонулчу видеокамералар менен жабдуу мүмкүн экени айтылат.

Жаңы роботту портторду, мунай жана газ өндүрчү платформаларды коргоо, океан-деңиздерде илимий изилдөө жүргүзүү жана экологияны көзөмөлдөө үчүн пайдаланса да болот.

Маалымдалганга караганда, HydroCamel II роботунун баасы өз классындагы суу астында жүрчү роботтордон кымбат эмес; аны сериялык түрдө жасоо жана өнүктүрүү үчүн BG Robotics деген компания негизделген.

Ушинтип Израил суу астында жүрчү алдагы типтеги роботтору бар дүйнө мамлекеттеринин катарына кошулду.

(Булагы: http://www.stoplusjednicka.cz, http://scienews.com)

Куштар да болочокту пландап жашайт

Канаттуулар болочокто өзү үчүн пайда көрсө, бөтөн куштардын балапандарын асырап алышат. Нидерланд биологу Шойке Анне Кингма (Shoyke Anne Kingma, University of Groningen) куштардын 44 түрү балапандарын жарнакташып тарбиялаганы тууралуу маалыматтарды чогултуп, эгер куштар байырлаган аймак тар болсо, алар жат канаттуулардын балапандарын асырап алышарын аныктаган. Паранда-чымчыктар жайыты кенен болсо, чоочун куштардын балдарын багып чоңойтконго кол кабыш кылышпайт.

Куштардын башка канаттуулар менен чогуу жашай албаган түрлөрү жайыты тар учурда тукумдаганды токтотуп, улуу агайын-туугандарына жардамдашат. 30% көп учурда “жат бирөөнүн” балдарын өстүрүүгө көмөктөшүп жүргөн куштар ушинтип конуш ээсинин “жайытын” мурастап алышат. Кожоюндун балдары чоңоюшкан соң журт ээси болуп калган кушка балапандарын өстүрүүгө жардам берип калат.

Доктор Ш. А. Кингма айымдын түшүндүрүшүнчө: “Биз өз үй-жайыбызды кандай көрсөк, куштар деле өз жайытын ошондой көрүшөт. Куштардын “конуш ээси” болгон кээ бир түрлөрү бөлөк канаттуулардын ага караштуу жайытта жашап, балдарын өстүргөнгө жардамдашуусуна мүмкүндүк берет”.

“Изилдөөнүн жыйынтыгы: “конуш ээси” үлкөн жардам алса, жардамчылар келечекте жайытка ээ болушканын көрсөттү. Эгер сиз кимдир бирөөнүн (кыймылсыз) мүлкүн мурастап алам деп тилек кылсаңыз, ал кишиге үй-жайын кароого чын ыкластан жардамдашат эмессизби”, - дейт Кингма айым Гронинген университети масс-медиа үчүн жарыялаган билдирүүдө.

Канаттуулар жана жапайы айбанаттардын бир бирине көмөктөшүүсү жаныбарлар да өз максатына жетүү үчүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө, атүгүл болочокту пландап жашаганга жөндөмдүү экенин айгинелейт.

(Булагы: https://inews.co.uk, https://earth-chronicles.com, https://www.nature.com)

Маяналуу жумуш ден соолукка кандай таасир этет?

Өлүмдүн саны өзүн өзү иш менен камсыздаган жана маяна алып иштеген адамдар ортосунда эки башка болорун швециялык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү. Өзүн өзү иш менен камсыздагандарга жекече иштеген адамдар же жоопкерчилиги чектелген тараптар кирген.

2003-жылдын башына Швецияда 4 776 135 киши иштесе, алардын 7,2% өз алдынча жумуш кылгандар болгон. 2004-2008-жылдары ар кандай себептерден алардын ичинен 57 миң 743 киши көз жумган. Өзүн жумуш менен камсыздаган жарандар арасында маяна алып иштегендерге салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусунан каза тапкандардын саны 16% аз жана өз жанын өзү кыйгандардын саны 26% аз болгон.

Өнөр жай тармагы боюнча алганда, түрдүү себептерден жайран болгондордун саны жеке ишкерлер жана чектелүү жоопкерчилиги бар юридикалык тараптар арасында кайра иштетүү тармагы менен тоо кен өнөр жайына, ошондой эле тейлөө жана маданият секторундагыларга караганда 13-15% төмөн; соода, транспорт жана байланыш, социалдык камсыздоо боюнча жалгыз өзү тейлегендер арасында береги көрсөткүч 11-20% жогору.

Ал эми жоопкерчилиги чектелген юридикалык тарап деп эсептелген эркектер жана соода, транспорт жана байланыш, социалдык камсыздоо боюнча жалгыз өзү кардарды тейлеген аялдар арасында бардык себептерден улам каза тапкандар 17-23% төмөн, ал эми социалдык камсыздоо боюнча жалгыз иштеген аялдар арасында өлүмдүн саны ушу тармакта иштегендерге салыштырмалуу 50% жогору экенин изидөө көрсөткөн.

Мунун баары жумуш чөйрөсүнө жана эмгек шартына, түрдүү тармактардагы атаандаштыктын абалына жана эмгек рыногундагы гендердик сегрегацияга байланыштуу деп тыянак кылышат илимпоздор.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы кайсы тармакта өзүн өзү иш менен камсыздагандар арасындагы өлүм маяна алып иштеген кызматкерлерге караганда жогору экенин көрсөтөт. Ага катар улуттук өкмөттөр менен саясатчыларга жеке ишкерлерди укуктук жактан коргоону жакшыртуунун зарылдыгын эскертет.

Европанын жумушчу күчүнүн 14% чамалуусун өзүн жумуш менен камсыздагандар түзөт.

(Булагы: http://oem.bmj.com, https://www.sciencedaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.