Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ошондой эле, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты.