Президенттик шайлоодо 80% жакын добуш алып алдыга чыккан Садыр Жапаров 11-январда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында чогулган элдин алдына чыгып сүйлөп, тарапташтарына ыраазычылыгын айтты.
Ал мамлекет жетекчиси болуп оор учурда келип жатканын, мындан ары Кыргызстанда адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун диктатурасы орной турганын айтты. Экономикада бир топ идеялары бар экенин, ишеничти толук актап, убадаларын 100% аткара турганын, элден ага ишеним жана зарыл учурда сын менен сунуштар керек экенин белгиледи.
Саясатка байланыштуу сөзүндө оппозицияга көчөдө эмес, чогуу отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүлөрүн билдирип, шайлоого өзү менен чогуу катышкан атаандаштарын мындан ары кеңешип чогуу иштөөгө чакыра турганын билдирди.
Жапаровдун билдирүүлөрү тууралуу суроолорго саясат талдоочу Эмилбек Жороев жооп берди.
- Эмил мырза, эң биринчи суроом. Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстан мыйзам нугуна түшүүгө аракет кылып келбедиби. Кечээги президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болду, экинчи айлампа өтпөй турган болду. Кандай деп ойлойсуз, кечээги жыйынтыктан кийин Кыргызстан мыйзам нугуна түштү деп айтсак болобу?
- Мыйзам нугуна жарым-жартылай түштү, бир бөлүгү түштү десек болот. Анткени мамлекет башчылыгына элдин шайлоосу менен, шайлоо жолу менен президент шайланды. Бирок бул албетте, жалгыз эле ушул маселенин негизинде болчу нерсе эмес. Мыйзамдуулук, парламентке тиешелүү маселе жана конституциялык реформа деген демилге көтөрүлгөн, анын алкагында да бир топ суроолор бар. Ушулардын баарын эми жаңыдан шайланган президент өзүнүн командасы менен жөнгө салышы күтүлөт. Менин түшүнгөнүмө караганда, Садыр Жапаров ошондой нукта иштей турганын өз сөзүндө белгилей кетти.
Дагы караңыз Казанцев: Москва Жапаров менен сүйлөшкөндү билет- Ал «биринчи июнга чейин бүтүшү керек» деп айтты да, демек конституциялык реформа кандай болушу керек? Мындан аркы жараяндар кандай болушу керек?
- Конституциялык реформа процесси легитимдүү болуп, бардык тараптар аны толук кабыл алышына жетиш үчүн ал ачык болуш керек. Алдын-ала даярдалып калган, көмүскө түрдө жазылып калган, буга чейин талкууланып келген Конституциянын долбоору кеминде ачык бойдон, толук бойдон жаңыдан талкууланышы керек. Эгер андан да жакшыраак жолго түшчү болсо, анда такыр эле жаңы долбоор ачык жана легитимдүү негизде дайындалган Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыгышы керек. Бирок ошол жаңы Конституция кабыл алынганга чейин албетте, баарыбыз түшүнөбүз, азыр 2010-жылдан бери иштеп жаткан Конституциянын негизинде иш алып барат. Аны кайра эле Садыр Жапаров өзү белгилеп кетти.
- Мындан ары тышкы саясатта кандай багытты көздөш керек?
- Тышкы саясатта негизги чоң маселе - Кыргызстан буга чейинки жардам гана күткөн таризден ары өтүп, өнүгүүнү көздөгөн, эмгекчил болобу, теңата сүйлөшүүлөргө багытталган тышкы саясатты алып барышы зарыл. Ал үчүн, албетте, Кыргызстандын өзүнүн экономикалык өнүгүү стратегиясы так иштелип чыгып, ошонун негизинде тең тараптуу, көп тараптуу тышкы саясат алып баруу зарыл.
Дагы караңыз Садыр Жапаров жана саясий күчтөр- Садыр Жапаров шайлоого катышкан атаандаштарын «кеңешүүгө чакырам, чогуу иштешем» деп айтты. Саясий оппоненттеринин буга чейинки билдирүүлөрүн эске алганда, бул канчалык аткарыла турган иш?
- Албетте, Садыр Жапаровдун 16 оппоненти турат, алардын ар кимисинин ар кандай ою болсо керек. Бирок негизги, жеңүүчү талапкер катары Садыр Жапаровдун минтип айтканы туура жана колдоого татыйт. Анткени кандай гана мамлекет болбосун, мыйзамдын негизинде, цивилизацияга байланган демократиялык шайлоонун жеңүүчүсүнөн ошондой сунуш болушу керек.
- Ал эми экинчи тараптынчы?
- Экинчи тараптан буга чейин ар кандай сөздөр айтылды, позициялары ар башка болду. Атаандаштарынын баары эле Садыр Жапаровго келип кошулбайт, бирок кайсы бир деңгээлде бир нечеси кызматташууга даяр экенин күтсө болот. Саясий кызматташуу бул кээ бир кошуна мамлекеттердегидей, баары бир жерден чыгып калышын күтүү кыйын, бизде кандайдыр деңгээлде плюрализм деген бар жана ал болушу зарыл. Садыр Жапаровдун бийлигине сын айта алган, башка пикирди, башка позицияны карманган күчтөр болушу керек.
- Ишеним демекчи, Садыр Жапаров элге «мага силерден ишеним гана керек. Чогуу күрөшөлү, чогуу иштейли» деп айтты. Ишеним кредитин канча мөөнөткө бериш керек? Канча убакытты талап кылат?
- Анын мөөнөтү албетте, элдин колунда. Аны өлчөп бере албайбыз. Ал «үч жыл күткүлө, кеминде бир-эки жыл ишенип бергиле» деп суранды. Менимче, элдин ага узак мөөнөткө ишеним бериши кыйын. Узакка ишеним алыш үчүн Садыр Жапаров алкылыктуу иш алып барышы зарыл. Экинчи тарабынан, ачыктык, эл менен тыгыз жана токтобогон диалог жүргүзгөнү оң.
Дагы караңыз Темирлан Молдогазиев: Күчтүү бийлик президентти ооздуктайт- Кээ бир талдоочулар жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Жапаровдун президенттигинин легитимдүүлүгү кантип чечилиши керек деген маселени коюп жатат. Кайра президенттик шайлоо өтөбү, жол-жобосу кандай болуш керек?
- Юридикалык логикага таяна турган болсок - ооба, жаңы президенттик шайлоо болушу керек, анткени, биз баарыбыз байкап тургандай, азыркы Конституциянын алкагында, президенттик ыйгарым укуктар бир топ башкача.
Президенттик башкарууга өтчү болсок, такыр башкача өлчөмдөгү президенттик укуктар жана жоопкерчиликтер каралат. Эгер толук, туура чечимге бара турган болсок, анда жаңыдан шайлоо өтүшү керек. Бирок кырдаалды эске алып, балким, кандайдыр башка жол-жобосун табат деген ойдомун. Шайлоону башынан өткөрбөй, балким азыр жеңип чыккан президент жаңы Конституциянын негизинде иш алып барат деген жобо киргизилет чыгар.