Рысбек Абдылдаев: Рак илдетинен арылуунун жолу - эмдөөдө
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Рак илдетин диагноздоо жана ракка каршы эмдөө боюнча Өзбекстан колдонуп жаткан тажрыйбаны Кыргызстанга жайылтуу саламаттыкка олуттуу пайда алып келет. Мындай пикирин медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев “Азаттык” менен маегинде билдирди. Адис ошондой эле рак менен коронавирус илдетине каршы вакцинанын жалпылыктары тууралуу да ой бөлүштү.