РИА "Новости" «РусГидро» ишканасы Өзбекстандагы гидроэлектростанцияларды жаңылай турганын жазды. Орусиялык бул ишкана Өзбекстандагы эки станциянын курулушуна жана алты станциянын жаңыланышына катышат.
Макалада эмки жылдын сентябрына чейин Ташкент облусунда 800 Мвт кубаттуулуктагы Пскем ГЭСинин курулушунун техникалык долбоору иштелип чыгары айтылат. «РусГидро» ошондой эле Ташкент, Чирчик, Самарканд жана Андижан каскаддарын модернизациялоого катышат.
Өзбек өкмөтү өлкөдө гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасын кабыл алган. Анда 2025-жылга чейин 18 ГЭСти куруп, 14 ГЭСти модернизациялоо пландалган. Мындай иштер Өзбекстандагы гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун эки эсе күчөтөт.
ЕБ Казакстандын ролун жакшы түшүндү
"Регнум" агенттиги Европа парламенти Казакстан менен кызматташтык боюнча келишимди кабыл алганын жазды. 29 тармак боюнча тыгыз өнөктөштүк келишимин Европа парламентинин 654 депутатынын 511 жактырганы белгиленет.
Европа Биримдиги менен мындай келишимди Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Казакстан гана түзгөн. Парламентте Борбор Азия менен иштеген топтун жетекчиси Ивета Григуле «Европа Биримдиги жана парламенти Казакстандын региондогу жана дүйнөдөгү ролун жакшы түшүнөт» деген. Мындай кызматташтык жөнүндө 2015-жылдан бери сүйлөшүү болуп келген.
Иран менен Түркмөнстан Каспий боюнча келишти
"Fergananews" басылмасы Иран менен Түркмөнстан Каспий деңизин бөлүшүүгө макул болгонун кабарлады. Совет мезгилинде деңиздин 86,2 пайызы СССРге, калган 13,8 пайызы Иранга тийиштүү болгон. Кийинки 20 жылдан бери Каспий денизин Орусия, Иран, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан талашып келген. Макалада Орусия, Казакстан жана Азербайжан деңиз бетин бирдей тилкеге бөлүштүрүүнү мурдатан сунуш кылып келгени айтылат. Эми буга Иран менен Түркмөнстан да макулдук берген. Каспий деңизи боюнча конвенцияны беш өлкө келерки жылы Казакстанда кабыл алат.
Мөңгүлөр ыйы
"Росбалт" басылмасы "климаттын өзгөрүшү Борбор Азиядагы тоолуу аймактарда коркунуч жаратууда" деп жазат. Мындай иликтөөнүн жыйынтыгын Дүйнөлүк банк жарыялаган. Иликтөөдө "2050-жылга чейин аба ырайы 6 градуска ысып, Борбор Азиянын тоолорундагы мөңгүлөрдүн үчтөн бири жок болот" деп айтылат. Ушундан улам аймакта сел жүрүү, суу каптоо жана башка табият кырсыктарынын көбөйүшү болжолдонгон.
Макалада кеп болгон иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, Тажикстандын аймагынын 33 пайызы жер көчкү жүрүү коркунучуна кириптер болуп турат. Басылма аба ырайын алдын ала болжолдоо жана калкка ыкчам кабарлоо максатында Дүйнөлүк банк Борбор Азияда гидрометеорологиялык кызматтарды модернизациялоо долбоорун сунуш кылып жатканын кошумчалаган.