Орусия катаал чараларга камданууда

Кызыл аянттагы тартип коргоо кызматкерлери, Москва, 31-март 2020-жыл.

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны бир күндө 27 пайызга көбөйдү. 31-мартта орус парламенти өкмөттүн өзгөчө кырдаал маалындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун жактырды. Ошондой эле карантиндин эрежелерин бузгандар үчүн жазаны катаалдаштырды.

Орусияда COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны тездик менен көбөйүп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин 31-марттагы маалыматы ырастады.

Өлкөдө соңку бир сутка ичинде 500 адамдан коронавирус табылды. Натыйжада өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2337 адамга жетти. Кеминде 17 киши каза тапты. COVID-19 вирусун жаңы жугузган адамдар Орусиянын 73 аймагында аныкталса да басымдуу бөлүгү Москвага туура келет. Акыркы бир күн ичинде орус баш калаасында 387 кишиден илдет табылды.

Ошентсе да азырынча Орусияда өзгөчө абал жарыялана элек. Жарандардын конституциялык укуктарын чектөөгө уруксат берген мындай режимди президент гана киргизе алат. Андыктан Москва баштаган бир катар аймактар коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн өз алдынча чараларды көрүп келди.

Эми орус өкмөтү президенттин өзгөчө абал жарыялаганын күтпөй туруп эле чечкиндүү кадамдарга барууга мүмкүнчүлүк алды. Ал үчүн “Калкты өзгөчө табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдан калкты коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Аларды 31-мартта Орусиянын Мамлекеттик Думасы дароо үч окууда кабыл алды.

“Мыйзам долбоорунда эмнелер сунушталууда? Биринчиден, өкмөт өзгөчө кырдаалдын алдын-алуу жана жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик системаны координациялай турган органды көзөмөлдөйт. Өкмөт өзгөчө кырдаал киргизилген учурда жарандар жана мекемелер сакташы керек болгон жүрүм-турум эрежелерин аныктайт”, - деп билдирди Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Алексей Херсонцев.

Орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин (солдон оңго), президент Владимир Путин жана Москванын мэри Сергей Собянин коронавирусту көзөмөлдөө боюнча борбордо, 17-март 2020-жыл.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөт өзгөчө кырдаалды Орусиянын белгилүү бир аймактарында гана эмес, бүтүндөй өлкө боюнча жарыялай алат. Эң башкысы - жарандардын жүрүм-турум тартибин да аныктай алат. Адатта өлкө боюнча жарандардын кыймыл-аракети өзгөчө абал тартиби киргизилгенде гана чектелиши керек эле.

Андыктан айрым юристтер жаңы өзгөртүүлөрдөн улам “өзгөчө абал” менен “өзгөчө кырдаал” түшүнүгү бири-бирине жуурулушуп кеткенин айтып жатышат. Алардын арасында өзгөчө абал алигече жарыяланбай жатканына көңүл бургандары да жок эмес.

“Бийлик билип туруп эле өзү аныктаган тартипти көз жаздымда калтырып жатат. Себеби, өзгөчө абал жарыяланса, жарандар насыяларды же ипотеканы төлөө сыяктуу милдеттенмелеринен баш тарта алат. Андан тышкары мындай режим эл аралык коомчулукка жана өз жарандарыбызга жагдай олуттуу экенин, аны күч менен гана жөнгө салуу зарылдыгын көрсөтөт”, - деп билдирди “Агора” укук коргоо уюмунун адвокаты Леонид Соловьев.

Өкмөт жаңы ыйгарым укуктарын кандай колдонору мыйзам долбоору күчүнө киргенден кийин гана белгилүү болот. Өкмөт сунуштаган бул документ Федерация кеңешинин кароосунан өтүп, ага президент кол койгондон кийин гана иштей баштайт.

Орусиянын тартип коргоо кызматкерлери айдоочунун күбөлүгүн текшерип жатат, 31-март 2020-жыл.

Кантсе да COVID-19 вирусу орус бийлигин кескин чараларды кабыл алууга аргасыз кылып койгону бышык. 30-марттан тартып өлкөнүн бардык чек аралары жабылды. Москвада дүйшөмбүдөн баштап тургундарга сыртка чыгууга чектөө коюлду. Орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин регион жетекчилерин өз аймактарында баш калаадагыдай чараларды көрүүгө чакырды.

Орусияда Мамлекеттик Дума 31-мартта карантин режимин бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, коронавирус тууралуу атайлап жалган маалымат тараткандарды жазалоо жоболору камтылган мыйзам долбоорун да дароо үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, маселен карантинди бузган кишинин кесепетинен экиден көп адам каза болсо ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан сырткары өпкөнү сезгенткен илдет тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин камалышы ыктымал.

Мунун алдында орус өкмөтү карантин режимин бузгандар төлөй турган айыптын өлчөмүн кескин көбөйткөн. Административдик тартип бузуу жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми карантин тартибин бузган жарандарга 15 миңден 40 миң рубль, кызмат адамдарына 50 миңден 150 миң рубль, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден 500 миң рубль айып салынат. Эгерде алар карантин режимин кайталап буза турган болсо, жарандар 150 миңден 300 миң, кызмат адамдары 300 миңден 500 миң, ал эми юридикалык тараптар 500 миңден бир миллион рублга чейин айыпка жыгылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​