Орусия Украинанын ири шаарларын бутага алды

Киевдеги чабуулдан кийин турак үйдүн үстүнөн жалын жана түтүн көтөрүлүп жатат. 

2-январда Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин өрттөнүп жаткан турак үй. Киев шаары. 

 

Өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан үйдөн жергиликтүү тургунду алып чыгып жатышат.   

Киевдин мэри Виталий Кличко орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн жанында турат. 2-январь, 2024-жыл.

29-декабрда Украина согуш башталгандан берки эң оор чабуулдардын бирине кабылды. Бул күнү Орусия коңшу өлкөнүн бир катар аймактарын түрдүү куралдарынан аткылап, жалпысынан 40ка жакын жай тургун каза болду. 150дөн ашуун кишини жараат алган.

Өрт өчүрүүчү аткылоодон жабыркаган үйдөн жайкын тургунду алып чыгып баратат. 

Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урду.

Куткаруучулар каза болгон тургундун сөөгүн алып чыгып атышат. Киев шаары. 

Өрттөнгөн үйлөрдүн жанынан өтүп бара жаткан автоунаалар. Киев шаары. 
 

Өрт жана кыйроолор негизинен ракета сыныктарынан улам келип чыккан.

Аткылоодон кыйраган үйдүн короосунда жаткан куурчак. 

Украинанын экинчи чоң шаары болгон Харьков да “Кинжал” ракеталары менен аткыланып,  бир адам каза таап, 20дай киши жараат алды. 
 

Орус армиясынын Харьков шаарына жасаган соккусунан жабыркаган аялды куткаруучулар көтөрүп баратышат. 2-январь, 2024-жыл.

 

Харьковдогу ракета түшкөн жерде иштеп аткан аскерлер.  

Украинанын президенти Владимир Зеленский  31-декабрдан бери орус күчтөрү Украинанын аймактарына 170тей “Шахед” дрондору жана ар кандай түрдөгү ондогон ракета менен сокку урганын, алардын көбү жарандык жайларга багытталганын билдирди. 

Жарадар болгон Харьков шаарынын тургуну талкаланган унаасынын ичинде отурат. 

Кыйраган үйүнүн жанында машыгын кучактап турган аял. Харьков шаары. 2-январь, 2024-жыл. 

Харьков шаарындагы кыйраган үйдүн ичиндеги жаңы жылдык балаты.  

2-январда Украинанын баш калаасы Киев жана Харьков шаарларына урулган орус армиясынын аба соккуларынан кеминде беш адамдын өмүрү кыйылды.