Светлана Давыдованын иши

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда “мамлекеттикке чыккынчылык кылды” деген айып менен камалган Светлана Давыдованы боштондукка чыгаруу талабы менен кол топтоо акциясы жүрүп жатат. Жети баланын энеси Давыдованы Федералдык коопсуздук кызматы 21-январда камакка алган. Аны Украинан чыгышына орус аскерлери жөнөтүлгөнү тууралуу украин элчилигине кабар берген деп айыптап жатышат.