Орусиялык иликтөөчү-журналист соттолду

Александр Соколов

10-августта Орусияда сот РБК басылмасынын кабарчысы Александр Соколовду 3,5 жылга колонияга кести. Журналистке тыюу салынган экстремисттик уюмга кирген жана мыйзамсыз референдум өткөрүүгө үгүттөгөн деген айып тагылды.

Александр Соколов жана анын үч шериги - Валерий Парфенов, Кирилл Барабаш жана Юрий Мухин эки жылдан бери тергөө абагында отурушкан эле. Аларга экстремизм боюнча айып тагылган жана күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу. Соттолгондор күнөөсүн моюнуна алган жок.

Соколов РБК медиахолдингдин мурдагы редакциясында негизги иликтөөчү журналист болчу. Бир нече чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча иликтөө макалаларды жазган. Анын ичинде «Восточный» космодромун куруудагы каражаттарды уурдоо, кароосуз калган шаарчалардагы жумушсуздук, жакырчылык, аткаминерлердин маяналарынын улам көбөйтүлүшү жөнүндөгү коомдо резонанс жараткан материалдар болгон.

РБКнын мурдагы башкы редактору Роман Баданин коррупциялык айла-амалдарды иликтегенде басылманын кызматкерлери кысымга, коркутууга кабылган учурлар болгонун, пара сунуштагандар да чыкканын айтып берди.

Соколов камакка алынар алдында Орусиядагы коррупция боюнча кандидаттык диссертациясын да коргогон. Илимий ишинде ал Роснано, Олимпстрой, Ростех жана Росатом өңдүү мамлекеттик компанияларда каражаттын сарпталышын изилдеген жана акча сарамжалдуу пайдаланылган эмес деген тыянак чыгарган.

Маалыматтарга караганда, Ростехтин жетекчилери диссертациянын мазмунуна нааразы болушкан.

Журналисттин үйү 2014-жылы бир нече жолу тинтүүгө алынган жана анын негизинде экстремисттик уюмдун сайтын каттаган деп айып тагылган.

Соколов жана анын шериктери мындан эки жыл мурда июлда «Жоопкерчиликтүү бийлик үчүн» деген референдум өткөргөнү жаткан демилгелүү топко катышкан деген шек менен камакка алынган.

Топ мүчөлөрү Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө үгүттөп, элге саясий элитанын ишмердигине баа берүүнү сунуш кылышкан. Эгер терс пикир басымдуулук кылса анда өлкө жетекчилигин кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси да көтөрүлмөк.

Ошондой эле чиновниктердин кол тийбестигин алып салууну сунуш кылышкан.

Тергөөчүлөрдүн жоромолу боюнча бул топ «Эл эркинин армиясы» деген уюм менен байланышта болчу. Бийлик аталган уюмду 2010-жылы референдум чакырыктарына байланыштуу экстремисттик деп тапкан жана ишине тыюу салган.

Соколов жана анын шериктерине өкүм чыгарылар алдында орусиялык 280ден ашуун журналист аны колдогон кайрылууга кол коюшкан. Кесиптештери анын ишмердигинде эч кандай кылмыш иши жок болчу дешет.

"Мемориал" укук коргоо борбору Соколовду жана аны менен кошо соттолгондорду саясий туткун деп таанышты. Укук коргоочулар журналисттин өзүндөй эле айыптардын бардыгын кесиптик жана илимий ишмердигине байланыштырышат.

Былтыр Чек арасыз кабарчылар эл аралык уюму да Соколовду бошотууну талап кылган. Иликтөөчү-журналисттин иши Адам укуктары боюнча Европа сотунун да көз кырында.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.