Отунбаева: Примаков орус саясатынын алпы болчу

Евгений Примаков, 17.06.2011

Евгений Максимович Примаков кайра келгис сапарга аттанганы тууралуу суук кабарды жаңылыктардан билдим. Жаткан жери жайлуу болсун! Ал биздин доордун абдан тажрыйбалуу жана абройлуу саясатчысы, постсоветтик Орусияда орус саясатынын алпы болчу.

Ал укмуштуудай мээнеткеч жана терең аналитик катары саясатка оперативдүү аралашпай калган кезде да, өзүнө таандык жөндөм менен заманбап эл аралык саясаттын ар кыл багыттары жана өңүттөрү тууралуу сансыз макалаларды, китептерди жазып, өз көз карашын, билимин калтырып кетти.

Ал чынында эле чыгаан болчу! Жаш кезинде, академиялык институтта илимий кызматкер болуп жүргөн кезинде эле көпчүлүк үчүн жабык болгон чет өлкөлөргө дайыма чыгып турган. Биз аны СССРдин Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда, кийин Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунда директор болуп турган кезде жакшы билип калдык. Ал абройлуу окумуштуу, ошол кездеги саясаттын, айрыкча Жакынкы Чыгышка тиешелүү суроолордун жообун билген көсөм, кайра курууга жана ошол кездеги биздин чоң өлкөбүздүн ачык болушуна сөзү менен да, иши менен да көмөктөшкөн инсан болчу.

Ал Михаил Сергеевич Горбачевго жакын акыркы могикандардын бири эле. Ирак Кувейтке бастырып кирген эң кыйын кырдаалда Горбачев ага берилген тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзени четке жылдырып, анын ордуна өзүнүн кеңешчиси катары Примаковду Саддам Хусейн, Барзани менен эски байланыштарын, аброюн пайдаланып, чыр-чатакты жөнгө салсын деп далай жиберген.

Советтер Союзу урагандан кийин Примаков башка бийик кызматтардын катарында Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри болду. Биз БУУнун, ЕККУнун, КМШнын көп тараптуу жолугушууларында далай жолу көрүштүк. 1996-жылы Кыргызстанга ал тышкы иштер министри катары келген. Анын визити толук масштабдуу, жаркын, жемиштүү болгон. Примаковдун биздин республикада кадыр-баркы чоң эле. Кезинде аны азыркы Чүй облусундагы райондордун жашоочулары Кыргыз Республикасынын атынан Горбачевдун парламентине депутат кылып шайлашкан. 1986-жылдан тартып ал биздин өлкөгө бир нече жолу келип кеткен, биздин депутат катары союздун планындагы бир катар маанилүү долбоорлорду жактап турган.

Тышкы иштер министри катары визитинин алкагында Ысык-Көлгө алып барган элем. Эсимде, биз кайык менен көлдүн ортосуна, дээрлик аркы жээкке чейин жакындап барганбыз. Төмөндөгү сүрөт ошол сапарда тартылган.

Биз советтик күндөрдү, жайдары жашоону эстеп, келечектеги кызматташтык тууралуу план түзгөнбүз. Евгений Максимович тамашакөй эле, көп тамашалаштык. Аны менен кайыкта баарлашканда баарыбыз академиктин, министрдин терең акылы менен ар тараптуу билимин сезип турдук.

Кийинчерээк, 2003-жылы Грузияда болгон жаңжалды жөнгө салуу боюнча БУУнун Тынчтык миссиясында иштеп жүргөн кезимде, алдын ала чалышып, бул чыр-чатак тууралуу оюн билип, кеңешкени Ильинкадагы Соода-өнөр жай палатасына келгем. Канткенде да анын Грузия менен байланышы бар болчу, мектепти ошол жактан бүтуп, ал жактан күткөн көп достору бар эле. Анын иш бөлмөсүндө бир топко отуруп, момпосуй менен чай ичкенбиз, акыркы китебинен бирди мага кол тамгасын жазып берген. Өмүрүнүн өспүрүм кездеги жылдары жөнүндөгү таамай жана жылуу эскерүүлөрү, өскөн жердин элесин бырыш бастырбай жүрөгүндө сактап жүргөнү таасирленткен.

Татаал, саясий, маданий, экономикалык кызыкчылыгы жана салты бири-бирине карама-каршы келген эки элдин чатагы тууралуу терең, ачык көз карашы бар болчу. Ал көптү билген, бул талаш-тартыш жеңил жана тез чечилбесин да түшүнгөн.

Евгений Максимович менен акыркы жолу 2010-жылдын июнь-июль айларында сүйлөшкөм. Ал мага өзү чалып, кырдаал кандай нукта кетип жатканын, биздин аракеттердин келечегин сураган. Мен ошол кезде анын телефон чалуусуна жогору баа бергем.

Примаков зор тажрыйбасы бар мамлекеттик ишмер болчу. Ал биздей жаш мамлекет сыноодон өтүп, бышып жатканын жакшы түшүнгөн. Мен анда бул телефон байланышты мамлекетти бүлүндүрбөй сактап калуу үчүн бекем турууга чакырган белги деп билгем. Биз дал ошондой кылдык, биз акырына чейин турдук!

Роза Отунбаева, экс-президент