Орусия: интернетти ооздуктоого чакырык

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин.

Орусияда Тергөө комитетинин башчысы саясий нааразылыкка, башкача ойлонгондорго, интернетке каршы жаңы чараларды колдонуу чакырыгы менен чыкты.

Александр Бастрыкин Кошмо Штаттар анын өлкөсүнө каршы “гибриддик” согуш жүргүзүп жатат жана бул “ачык каршылашуу” баскычына кирди деп да ырастоодо. Москвалык жогорку даражалуу чиновниктин чакырыгын талдоочулар орус бийлигинин шайлоо алдындагы тынчсыздануулары менен байланыштырууда.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин өзүнүн жаңы сунуштарын “Коммерсанть-Власть” журналында 18-апрель күнү жарыяланган кеңири макаласында жазып чыкты.

Сунуштар “экстремизм менен күрөшүү” ыкмалары катары мүнөздөлгөнү менен алар саясий, жарандык жана сөз эркиндигин чектөөгө байланышкан маселелерди да камтыйт.

Орусиянын башкы тергөөчүсү макаласында Кошмо Штаттарды жана анын өнөктөштөрүн Москвага каршы саясий, экономикалык жана башка чөйрөлөрдө “гибриддик маалымат согушун” жүргүзүп жатканы үчүн күнөөлөп, бул акыркы жылдары “ачык каршылашуунун жаңы сапаттык баскычына” кирди деп ырастады.

Мени мисалы референдумду тааныбагандарды, тарыхты бурмалагандарды соттоо жөнүндөгү идея көбүрөөк кооптондурду. Бастрыкин экстремизм деп атап, кылмыш катары жазалоону сунуш кылгандар кокус ишке ашып кетсе, ыктымал кесепеттерин алганда кайгылуу.
Федор Крашенников

Андыктан, буга каршы “катаал, адекваттуу жана симметриялык” жооп берүүгө чакырган Бастрыкин Орусияда интернетти цензуралоону мыйзамдаштырууну, маалыматты дагы экстремисттик материалдардын тизмесине соттун чечимисиз эле киргизүүнү, тарыхты бурмалагандарды, Крым референдумун тааныбагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну жана башка чараларды сунуш кылган.

"Бул маалымат согушуна чындап, бөгөт коё турган учур келди. Өзгөчө шайлоону жана саясий абалды дестабилдештирүүчү күчтөрдүн активидешүүсү боюнча ыктымал тобокелдиктердин алдында бул өтө актуалдуу болуп турат. Псевдолибералдык баалуулуктарды ээрчип, калп демократия ойноону эми токтотуу керек”,- дейт Орусиянын башкы тергөөчүсү “Коммерсанть - Власть” басылмасындагы макаласында.

Орусиянын башкы тергөөчүсүнүн сөзү жана чакырыгы орус бийликтеринин буга чейинки билдүүлөрүнө үндөшүп турат.

Президент Путин өзү дагы "быйылкы парламенттик шайлоого тушташ Орусияны ичтен чайкоо боюнча аракеттер сырттан көрүлөт" деп ырастап келүүдө.

Путиндин айланасындагы коррупция боюнча Батышта жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөлөрдү да Кремль алдыдагы шайлоо менен байланыштырган. Кремлдин сынчылары болсо бийликтер кооптонгон ыктымал нааразылыктардын түпкү себебинин баары Орусиянын өзүндө экенин белгилешет:

- Алар уйгу-туйгу болуп жатканы бекеринен эмес. Жөн эле коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын карап көрсөңүз. Коомдук пикир кору “Бирдиктүү Орусиянын” рейтингин эки апта сайын чыгарууда. Былтыр май-июнда көрсөткүч 60% эле, азыр 45% түшүп калды. Бул шайлоого жарым жыл калгандагы көрүнүш. Путиндин өзүнөн башка, анын системасындагы элементтердин баарынын, өкмөттүн, Медеведевдин (премьер-министр), Мамлекеттик Думанын, губернаторлордун, башкаруучу партиянын рейтинги төмөндөп, азыр Крымдын аннексиясына чейинки деңгээлге келди. Экстремизге тыюу салуу, коркутуу, камоо, Улуттук гвардия түзүү деген чаралардын баары мына ушундан улам чыгып жатат. Бул бийликтеги камтамачылыктын чагылышы. Шайлоого байланыштуу элдик нааразылык чыгат, алар буга кандайдыр бир реакция жасайт. Алар баары кыйрап калат деп коркпосо да, абдан нервденип жатышат, - деди “Азаттыктын” орус кызматындагы талкууда оппозициячыл саясатчы Владимир Милов Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин сунуштарын комментарийлеп.

Ал эми москвалык саясат таануучу жана публицист Федор Крашенинников «Азаттыктын» орус кызматы менен маегинде төмөнкү жагдайларга көңүл бурду:

- Макала эң башкы расмий басылма – «Российская газетада» эмес, «Коммерсанть-Власть» басылмасында жарыяланганына көңүл бургум келет. Бул кызыктуу учур. Москвадагы сарай ичиндеги турмуштан кабары барлардын айтымында, Бастрыкиндин макаласын «Российская газета» албагандыктан, ал мындай бир жарым расмий макамда чыкты. Мында жазылгандар Бастрыкиндин жогорку бийлик менен толук макулдашылбаган бирок ал ошол жакка жеткирүүнү каалаган жеке пикири деген тыянак чыгарууга болот. Мени мисалы референдумду тааныбагандарды, тарыхты бурмалагандарды соттоо жөнүндөгү идея көбүрөөк кооптондурду. Бастрыкин экстремизм деп атап, кылмыш катары жазалоону сунуш кылгандар кокус ишке ашып кетсе, ыктымал кесепеттерин алганда кайгылуу. Ал эми интернет боюнча чаралар даярдалууда деп ойлойм жана шайлоо алдында ал ишке ашырылат. Бирок алар шайлоодон эмне үчүн коркуп жатканын түшүнбөйм.

Ушул ай башында президент Путин Орусияда Улуттук Гвардия түзүүнү караган жардыкка кол койгон эле.

Курамына полициянын ыкчам аракеттенүүчү жана атайын бөлүктөрү кире турган Улуттук гвардияны президенттин мурдагы жансакчысы жетектейт.

Көптөгөн эксперттер бул чечимди да Орусия бийлигинин ыктымал ички нааразылыкка каршы даярдыгы катары баалашкан. Кезектеги парламенттик шайлоо Орусияда быйыл сентябрда өтүшү керек.