Орусия: "Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала"

Санкт Петербург шаарынын борборунда жайгашкан жетимдер үйүндөгү эркек бала, 1991-жыл

Санкт Петербург: балдар үйүндөгү көзү начар көргөн кыз спорттук мелдешке катышууда, 2012-жыл

Санкт Петербург: балдар үйүндөгү спорттук мелдешти Британ кеңеши менен укук коргоочулар уюштурган, 2012-жыл

Санкт Петербург: балдар үйүндөгү көзү начар көргөн жана кулагы начар уккан, арабада отурган майып балдар жарышууда, 2012-жыл

Санкт Петербургдун сыртындагы ВИЧ илдети менен ооруган балдар багылган атайын жайдын терезесиндеги куурчактар, 2002.

ВИЧ илдетине чалдыккан балдар башкалардан обочо бөлүнүп багылат, 2005-жыл 

Санкт Петербург: Акыл-эси кем балдар үчүн британ моряктары уюштурган атайын экскурсия, 2012-жыл

Санкт Петербург: жетимдер үйүндөгү кыздар үчүн Эрмитажда атайын бал уюштурулуп, ага Аскерий  деңиз академиянын курсанттары чакырылган. 

Санкт Петербург: жетимдер үйүндөгү кыздар үчүн Эрмитажда атайын бал уюштурулуп, ага Аскерий деңиз академиянын курсанттары чакырылган. 

Бул кыз Пушкин шаарындагы балдар айылында жашайт, 2005.  "SOS"  деп аталган атайын система балдарга үй бүлөдөгүдөй тарбия берүүнү көздөйт. 

"SOS" командасынын мүчөсү болгон "эне" 10-12 жаштагы балдарды тарбиялап, алар менен бирге кадимки үйдөгүдөй иштерди аткарат.