"Миллиондордун маршында" оппозициялык лидерлер камалды

Москванын Болотная аянтындагы кармоолор. 6-май 2012-жыл

Москванын Болотная аянтында оппозициялык митинг башталбай жатып күч менен таркатылды. 6-майда Орусиянын баш калаасында он миңдеген киши бийлик уруксат берген “Миллиондордун маршына” чогулушту.
"Миллиондордун маршына" катышкандарды полиция аянтка өткөрбөй койгондо, кагылышуу болду. ОМОН атайын күч колдонуп, чогулган элге тарсылдыктарды ыргытты. Ондогон адамдар камакка алынды. Аянтта уюлгуган түтүндө элдин тыгыны пайда болду. Оппозициялык лидерлер Сергей Удальцов, Борис Немцов менен Алексей Навальныйды полиция кармап, "Якиманка" ИИБнө жеткиргени маалым болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвада оппозиционерлер кармалды


Ага чейин "Азаттыктын" Орус кызматынын кабарчылары жеринен маалымдашкандай, Сергей Удальцов баш болгон оппозиционерлер көпүрөнүн жанына отуруп алып, Кремлге нааразылык акциясын башташкан. Аларга башкалар да кошулган. Буга бийликтин көпүрөнү жаап, демонстранттарды Манеж аянтына өткөрбөй койгону себеп болгон.

"Солчул фронттун" координатору Удальцов нааразылык алардын үч талабы аткарылмайынча улана берерин айткан. Оппозиция федералдык ТВ каналда эфир берилишин, Владимир Путиндин 7-майга белгиленген инаугурациясын өткөрбөө, президенттик жана парламенттик кайра шайлоону талап кылган.

Москвадагы "Миллиондордун маршы"