Орусия футбол алдында миграциялык талапты күчөттү

Москва полициясы.

Июнь-июль айларында Орусияда ФИФА-2017 конфедерация кубогу өтөт. Бул ири спорттук иш-чарага байланыштуу Казан, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына барган чет элдиктер бир күндүн ичинде каттоого турушу керек болот.

Мындай чара коопсуздукту сактоо үчүн президент Владимир Путиндин 9-майда кол койгон буйругу менен киргизилген. Бир күндө каттоого турбаган чет элдик жаран өлкөдөн депортацияланат же айып пул төлөйт.

Жайкы сезондук иш маалында жаңы миграциялык талаптын күтүүсүздөн тез арада кабыл алынышы көпчүлүк мигранттарды убайымга салууда.

Москвада иштеген Жазгүл Ормонкулова Орусияга жаңы келген мигрантка бир күндө жашаган жери боюнча каттоого туруп, миграциялык документтерди мыйзамдаштырууга эч мүмкүн болбогонун айтат.

- Билет алып койгондор эми эмне кылмак эле, айла жок келишет да. Ал эми жаңы келейин дегендер ойлонушу керек. Бул маселе бардыгын эле ойлонтуп жатат. Эгерде бул жакта жашачу батирдин ээси менен алдын ала сүйлөшүп, каттоого тура алса гана келиши керек. Антпесе, бир күндө каттоого туруу мүмкүн эмес. Кожоюндардын баары каттоого коё бербейт. Анан азыр ушундай маал - жайында иштейин дегендер бар, Кыргызстанда эс алуудан кайтчулар бар. Менин иним менен сиңдим келе жатат. Алар эми эмне кылышарын билбейм, билет алып алышкан.

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар​

Орусияга ишке барган эмгек мигранттарынан жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынат.

Жазгүлдүн айтымында, миграциялык каттоодон тышкары спорттук массалык маараке болгондо мигранттарды коопсуздук маселеси дагы кооптондурбай койбойт.

- Футбол болот дегенде кадимкидей этият болуп калабыз. Кечинде баспай, жумуштан эрте чыкканга аракет кылабыз. Бирөөнүн жериндебиз, фанаттар ар кандай болушу мүмкүн. Кызуу кандуулардын колуна түшүп калсаң карасыңбы, аксыңбы, ар кандай болуп кетиши мүмкүн.

Москвадагы дагы бир кыргызстандык Айнура Зайналова ушул тапта шаарда полициянын рейддери күчөгөнүн айтат. Текшерүүлөр базарларда, вокзалдарда, курулушта жана жатаканаларда башталган:

- Мындай текшерүүлөр четинен башталды. Метродо, көчөдө полиция кызматкерлери коюлуп жатат. Кечээ эле менин сиңдимди батиринен кошуналары менен полиция бөлүмүнө алып барган. Анан документтерин текшерип, мыйзамдуу болгондорун коё берген, калгандарын кармап калган. Ушундайларды мени менен чогуу иштегендер дагы айтып жатышат.

Москвадагы жарандык активист Жылдыз Осмонова келерки айларда Орусияга ишке келчү кыргызстандыктар жаңы талапты сөзсүз эске алышы керектигин айтат.

- Тилекке каршы, бул маалыматты Кыргызстандан бул жакка келчүлөр, бул жактагылар деле билбейт экен. Интернет аркылуу эскертүүлөрдү таркатып жатсак, көбү түшүнбөстүк менен кабыл алып жатат. Албетте мигранттар арасында тынчсыздануу бар. Бул күтүүсүздөн, алдын ала эскертүүсү жок өзгөрүү. Андан тышкары мындай чоң иш-чара болгондо сөзсүз ири шаарларда мигранттарды «тазалоо» башталат. Башкача айтканда, текшерүүлөр күчөйт, план толтуруу иштери болот. Мурун футбол кубоктору, олимпиада болгондо буга өзүбүз да күбө болгонбуз. Бул жакта иштеп жүргөндөр дагы билишет, коопсуздук маселеси да бар. Ошондуктан колдон келишинче кийинки айларда буйрукта көрсөтүлгөн шаарларга жарандарыбыз барбай эле коюшса же этият болушу керек.

Жылдыз Осмонова.

Тажикстандын миграция кызматы жарандардын келерки эки айда татаалдаштырылган миграциялык талапка байланыштуу Орусиянын бир катар шаарларына барбоого чакырган. Ал эми Кыргызстандын Москвадагы миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн адистери бул тууралуу азырынча маалымат бере албастыгын билдиришти.

Москвадагы элчилик болсо мурунтан орус өкмөтүнө кайрылуу жөнөтүп, кыргызстандыктарга кандай шарттар каралганын аныктап жатканын маалымдашкан.

Евразия экономикалык биримдиктин жана эки өлкө ортосундагы келишимдер боюнча Орусияга келген кыргызстандыктардан 30 күндөн кийин каттоого туруу шарты каралган.

FIFA кубогу 17-июндан 2-июлга чейин Орусияда өтөт. Кубок учурунда аэропорт, вокзал жана спорт аянтчаларында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Казан, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында чоң жыйындарды, чогулуштарды өткөрүүгө жана айрым транспорт түрлөрүнө чектөө киргизилген.

1-июндан 12-июлга чейин жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында ачылган элчиликтин ыкчам телефон кызматтары:

Москвадагы элчилик: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25,

Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү: +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10,

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү: +7 (929) 657-19-97;

Санкт-Петербургдагы консулдуктун кеңсеси: +7 (900) 634-90-95;

Миграция кызматынын Казандагы өкүлчүлүгү: +7 (965) 594 60 23;

Кыргызстандын Сочидеги Ардактуу консулдугу: +7 (988) 245-43-02)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.