Санкт-Петербург шаардык кеңешинде эмгек миграциясын чектөө боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда КМШнын эмгек мигранттарына жогорку окуу жай, мектеп, бала бакча, транспорт жана башка бир катар тармактарда иштөөгө тыюу салуу сунушталган.
Мыйзам долбоордун башкы демилгечиси питердик депутат Антон Анохин колунда жумуш берүүчүдөн расмий чакыруусу бар мигранттарды гана өлкөгө киргизүү, батирин ижарага бергендерди мигранттар жөнүндө маалыматтарды чогултууга милдеттендирүү сыяктуу демилгелерди көтөрүүдө:
- Жер-жерлердеги муниципалдык бирикмелер терроризмди алдын ала алышат. Азыр болсо алар аймагында канча мигрант жашаарын дагы билишпейт. Мигранттар жөнүндө маалымат чогула баштаса, алар тийиштүү органдарга суроо жөнөтүп, адамдын экстремисттердин тизмесинде бар же жогун аныктоого оңой болот. Баякы “уйкудагы” агенттер болушу мүмкүн. Алар бул жакка келип, мыйзамдашып, анан теракт жасоо боюнча бир нече жылдан кийин тапшырма алышы мүмкүн.
Мигранттарга өзгөргөн мамиле
Орусиянын коопсуздук кызматы чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүдөн тышкары чет өлкөлүк жумушчуларды ишке чакырган ишкерлерге мыйзам чегинде жоопкерчилик киргизүү жөнүндө дагы кеп кылган. Федералдык Коопсуздук кызматынын директору Александр Бортинков эмгек мигранттары террордук топтордун өзөгүн түзүүдө деген:
- Маалыматтарды анализдөөнүн жыйынтыгы террордук топтордун башкы өзөгүн Орусияга эмгек миграция агымы менен келген КМШнын жарандары түзүп жатканын көрсөтүүдө.
Дегеле ушул тапта эмгек мигранттарына Орусиянын эшигин жабуу сыяктуу сунуштардан баштап, КМШ өлкөлөрүнөн келгендерге виза тартибин киргизүү идеялары да айтылууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттарга көзөмөл күчөтүлөөрүн, бирок, эмгек миграциясын токтотууга мүмкүн эмес деп билдирген:
- Азыркы заман ушундай, миграцияны толук токтотууга мүмкүн эмес. Бул бир гана Орусия эмес, бардык өлкөлөргө тиешелүү. Кеп бул жерде миграциялык агымдарга көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүүдө болуп турат. Орусияга келген адамдардын басымдуу көпчүлүгү иштөө үчүн, үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн келишет. Евразиялык экономикалык биримдиги да эмгек күчү, капитал, товар жана кызматтардын эркин айлануусу үчүн түзүлгөн.
Путин КМШ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарына виза тартибин киргизүү идеясын колдобосун айткан.
Ал эми Ички иштер министрлигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп чек арада көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Путин террордук уюмдарга катыштыгы аныкталган адамдарды жарандыктан чыгаруу маселеси жакын арада каралаарын баса белгилеген:
- Орусиянын Баш мыйзамы боюнча биз эч кимди жарандыктан чыгара албайбыз. Бирок, орус жарандыгын алууга негиз болгон тийиштүү чечимдерди жокко чыгара алабыз. Биз юристтер менен кеңешип, менин оюм боюнча, мындай чараларды жакынкы убакта кабыл алабыз.
Террордук уюмдарга катыштыгы аныкталган адамдардан жарандыктан чыгарчу мыйзамдар азыркы учурда Өзбекстан менен Тажикстанда иштейт. Ал эми Казакстан мындай мыйзамды жаңы кабыл алууда. Нурсултан Назарбаев террорист деп аныкталган жарандарынан толук баш тартаарын ачык айткан:
- Казакстандын мыйзамдары боюнча эгерде жаран өлкөдөн чыгып барып террордук иш-чараларга катышкан болсо, ал кайра кайта албайт, ал жарандыктан чыгарылат. Бул учур талап кылып турган чара. "Ислам мамлекети" террордук тобунда бүгүн 500-600 казакстандык согушууда. Ал эми мурунку совет өлкөлөрүнөн жалпысынан 5 миңге чейин, андан дагы көп болушу мүмкүн. Алар кавказдыктар, борборазиялыктар. Биз алардын санын билебиз. Биринчиден жарандардын ал жакка кетпеши үчүн чараларды көрүү керек. Ал жактан кайтып келген жарандар менен профилактикалык иштерди жүргүзүүгө аракет кылганбыз. Бул эффективдүү эмес. Ошон үчүн биз аларды кайтарбайбыз деп чечтик. Алар ал жакка кетээрден мурун Казакстанга кайта албай калаарын, жарандыктан чыгарылаарын билиши керек.
Кыргызстандан болсо Сирияга 600дөн ашуун адам кектенин атайын кызматтар маалымдаган.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусиядагы эмгек мигранттардын саны 10 миллионго жакын. Былтыр 270 миңге чукул чет элдиктер орус жарандыгына өтүшкөн. Алардын ичинде 37 миң казакстандык жана 23 миң өзбекстандык бар.