Өткөн дем алышта Москвадан Бишкекке мигранттарды ташып бараткан автобусту жол кайгуул кызматкерлери Челябинск облусунан токтоткон. Автобустун ичинде 19 мигрант, арасында 6-9 жаштагы жети бала болгон.
Автобустун артындагы отургучтар алынып, ордуна дивандар коюлуп, жүк жүктөөгө жер бошотулганы текшерүүдө аныкталган.
Айдоочу Москвадан Бишкекке чыккандан кийин эки сутка бою автоунааны өзү жалгыз айдап келген. Ал кошумча акча үчүн артына жүк жүктөп алганын айтып берген.
- Сиз адамдарды дивандардын үстүндө ташууга болбостугун билесизби?
- Ооба, билем.
- Анда эмне үчүн жолдо жүрүү эрежесин буздуңуз?
- Акча беришти.
- Жолдо алмаштырчу шеригиңиз жокпу?
- Жок, ал ооруп калды.
- Анан эки күндөн бери уктабай айдап келе жатасызбы?
- Жолдон токтогонбуз.
- Автобус кимдики?
- Фирманыкы.
Эми кыргызстандык айдоочуга транспорттук автоунааны уруксатсыз өзгөрткөнү, жүргүнчүлөр менен балдарды ташуу эрежелерин сактабаганы үчүн административдик жаза каралууда. Орусиянын мыйзамы боюнча, мындай мыйзам бузуу үчүн 3 миң рублдан 100 миң рублга чейин айып пул төлөө талап кылынат.
Ал эми мигранттар балдары менен полиция бөлүмүнө документтерин текшерүүгө жөнөтүлгөн. Алар тууралуу Екатеринбургдагы консулдукка кайрылганыбызда, кабар түшпөгөнү айтылды.
Мигранттардын «резина» автоунаалары
Соңку айларда Орусиянын ички органдары мигранттарды ташыган кичи жана чоң автобустарга, чет өлкөлүк номуру бар автоунааларга көзөмөлдү күчөтүп, тескөөгө алып жатканы байкалат.
12-сентябрда эле Челябинск облусундагы чоң трассадан жети кишилик орундугу бар транспортко 21 мигрантты жүктөп бара жаткан айдоочу кармалган.
Айдоочу жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин сактабаганы үчүн административдик жазага тартылган. Ал эми мигранттардын экөө Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы аныкталып, айып пул тагылган.
Ушул эле маалда Тюмень облусунда мигранттардын дагы бир автобусу текшерүүгө алынган. Анын ичиндеги 57 тажикстандык жарандын 35и Орусияда миграциялык каттоо эрежесин бузганы аныкталган.
Мигранттарды мыйзамсыз жол менен жүктөп ташыган автобус менен маршруткалар тууралуу орусиялык басылмалар «мигранттардын «резина» автобустары» деген ылакап ат менен жаза баштады.
Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан орус шаарларына мигранттарды ташыган ортомчулардын көмүскө бизнеси курулуп, аларды бийлик органдары калкалап жатканы да баяндалууда.
Ошондой эле мындай жол менен көбүнчө Орусияда «кара тизмеге» түшүп калган же документтери мыйзамдуу эмес мигранттар келип жатканы айтылып жүрөт.
Мигранттарды жалмаган автобустар
Анткен менен адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жараткан мындай «резина» автобус-маршруткаларга мигранттардын суроо-талабы жогору.
Учак менен поезддерге билет баалары улам көкөлөп турганда, Ташкент, Дүйшөмбү же Бишкектен мындай транспорт менен 5-7 миң рублга келүүгө болот.
Мисалы, апрелде эле Бишкек-Москва багытында үч айдоочусунан тышкары 22 мигрант келе жаткан маршрутка токтотулган. Чакан маршрутка ичиндеги отургучтар толугу менен алынып, тигинен эки-үч катар тактай коюлуп, жүргүнчүлөрдүн жатып келүүсүнө шарттар түзүлгөнү видеодо көрсөтүлгөн.
Мигранттарды бала-чакасы, карылары, төшөнчүлөрү менен жыкжыйма ташыган мындай автобустар чоң жолдордо кырсыктап, адамдар ара жолдо калган, майып болгон жана каза тапкан учурлар четтен чыгат.
Эң оор жоготууларга токтолсок, былтыр ноябрда Владимир облусунда темир жолдо өчүп калган мигранттардын автобусун поезд сүйрөп кетип, 16 өзбекстандык жана бир кичине бала каза болгон.
Анда да автобустун ичинде отургучтардын ордуна жатактар болгону, ичи толо жүк болгону аныкталган. Көп өтпөй январда эле Казакстандын Актөбө облусунда дагы бир автобус өрттөнүп, 52 өзбекстандык мигрант каза болгон.
Мигранттардын чоң жолдогу өлүмүнүн алдын алуу үчүн азыр Өзбекстандын бийлиги Орусияга өкмөттүк автобус каттамдарын ачуу аракетинде. 14-сентябрдан тарта Ташкенттен Нижний Новгород шаарына алгачкы автобустар жөнөтүлгөнү кабарланууда.
Өзбекстандык мигранттардын өлүмүнөн кийин президент Шавкат Мирзиёев мигранттар үчүн поезд билеттерине жеңилдик берип, Борбор Азия жана Орусиянын шаарларына автобустун түз каттамдарын ачууну буйруган эле.
Кыргызстандык мигранттардын арасында да топ-тобу менен жабыркап, ден соолугунан айрылып, каза тапкандар арбын. Орусиядагы кыргыз элчилиги былтыр Москвадан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөнүн, алардын 60тан ашууну жол кырсыгында каза болгонун билдирген.
Мигранттардын чоң жолдо кырсыкка кабылышы жеке ортомчуларга таандык автобустардын эскилиги, техникалык абалы, коопсуздук эрежелеринин сакталбашы менен түшүндүрүлүп келет.
Мындан сырткары айдоочулардын жоопкерчиликсиздиги, тажрыйбанын жоктугу, узак жолдо алмаштырып туруучу шериги жок, күнү-түнү уйку бетин көрбөй жол жүргөнү айтылат.
Кайрадан айдоочулук күбөлүк
Бул арада Орусияда кайрадан чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынышы күтүлүүдө.
Чет мамлекеттен келген айдоочулар Орусияда жолдо жүрүү эрежелерин жакшы билбей, айдоочулук күбөлүктү мекенинде ар кандай жол менен алып, жол коопсуздугун сактабай жатканы Мамдумада улам-улам айтылууда.
Мындай чектөөдөн миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз каларын белгилеген Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев президент менен мэрди шайлоо шарданында көтөрүлгөн демилге иш жүзүнө ашпай калат деген пикирде.
- Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда иштөөгө орус бийлиги былтыр уруксат берген. Бирок кыргызстандык айдоочулар тарабынан жолдо жүрүү эрежелери бузулуп, жол кырсыктары катталып жатканы абалга таасир этти. Мамлекеттик Думада, Москванын мэри Сергей Собянин кайрадан чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Негизи, чектөө киргизилиши үчүн Мамдумада үч окууда кабыл алынышы керек. Биз ага жетпей, абал тынчып калат деген үмүттөбүз.
Илгери үмүткө карабай Орусияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салуу мыйзам долбоору 10-октябрда Мамдуманын транспорт комитетинде талкууга алынды. Эми депутаттардын кароосуна жөнөтүлмөкчү.
Орусиянын ИИМнин маалыматы боюнча Орусияда жети айда чет өлкөлүк айдоочулар себепкер болгон 5 040 жол кырсыгы катталган. Анткен менен Орусияда январь-сентябрда болгон 105 миңден ашык жол кырсыгын эс алсак, мигрант айдоочулар күнөөлүү делген жол кырсыктары бир пайызды да түзбөйт.