“Известия” гезити кабарлагандай, Орусиядагы укук коргоочулар мигранттардын балдарын мектепке тоскоолдуксуз кабыл алууну талап кылышууда.
2014-жылдан бери Орусиянын Билим берүү министрлигинин “Жарандарды билим берүү мекемелерине кабыл алуу тууралуу” буйругуна ылайык балдар мектепке ата-энелери жашаган жеринде каттоого тургандан кийин гана кире алат. Бул эрежеден улам мигранттардын балдары билим алуу укугунан ажырап, аларды мектепке кабыл алуу токтотулган.
Мындай кырдаал Орусиянын Конституциясына, Балдардын укугу боюнча Конвенцияга жана “Билим берүү боюнча” Федералдык мыйзамга каршы келет. Укук коргоочулар Орусиянын Баш мыйзамы “ар бир адамдын билим алуу укугуна кепилдик берерин” баса белгилешет. “Жарандык көмөк” коомдук уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина Орусиянын Жогорку Сотуна арыз менен кайрылып, Билим берүү министрлигинин буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.
"Газпром" карызын төлөй албай жатат
Орусиянын “Газпром” ишканасы Түркмөнстанга карызын төлөй албай калгандыгын “Лента.ру” басылмасы жазат. Макалада “Газпром” компаниясы “Түркмөнгаздан” алган жаратылыш газы үчүн 2015-жылдын башынан бери акы төлөй электиги айтылат.
“Түркмөнгаз” ишканасынын директорунун орун басары Аннадурды Меретгелдиев Москва Каспий жана Чыгыш-Батыш газ түтүктөрүн куруу келишиминде көрсөтүлгөн инвестициялык милдеттенмелерин дагы аткарбаганын айткан. Андан тышкары “Газпром” Түркмөнстандан сатып алчу жаратылыш газынын көлөмүн 10 миллиард метр кубдан 4 миллиардга чейин кыскарткан. Макалада орусиялык “Газпром” дүйнөлүк экономикалык кризиске жана Орусияга каршы Батыштын киргизген санкцияларына байланыштуу чөнтөгү жукарып, төлөй албай калды деген корутунду чыгарылат.
Индия Орусиянын ордун ээлегиси келет
Индия Орусиянын Борбор Азиядагы ордун талашууда деп жазат “Независимая газета” басылмасы. Индия Евразия экономикалык биримдигинин эркин соода-сатык аймагына кирип, Борбор Азиядагы позициясын күчтөндүрүүгө аракет кылып жатат деп айтылат макалада. Индиянын премьери Нарендра Моди Ташкент менен Астанада болуп, Борбор Азия өлкөлөрүн “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт долбооруна кошулууга чакырган.
Индия Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык секторлоруна инвестиция берүүгө даяр экенин дагы жарыялаган. Индия Казакстан жана Өзбекстан менен мурунтан эле кызматташып келет. Ташкент Индияга жылына 500 тонна уран жөнөтсө, Астана 5 миң тонна экспорттойт.
Анткен менен Борбор Азиядагы геосаясий таасирдүүлүк үчүн Индиянын Кытай менен тирешүүгө күчү жетпейт. Бирок мындай жагдайдан Орусия утулуп калышы мүмкүн деген ой айтылат макалада. Азыр Орусия инвестициялык чөйрөдө өз позициясын жоготууда. Мындай учурда инвестицияга суусап турган Борбор Азия өлкөлөрү бул таңкыстыкты Индиянын акчасы менен жабышы мүмкүн деп болжолдойт Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев.
Борбор Азия өлкөлөрү темир жол жана унаа жолдорун салууга өзгөчө көңүл бурушу керек деп жазат “Центральноазиатская служба новостей” интернет басылмасы. Кургактагы жолдорду куруу жарандардын жашоо шарттарын жакшыртат жана мамлекетке келечекте чоң утуш алып келет деп айтылат макалада.
Учурда транспорттук жана темир жол системалары боюнча чөлкөмдө Казакстан менен Өзбекстан гана өнүккөн. Казакстанда 100 миң чакырымдан ашуун унаа жолу, 20 миңден ашуун темир жолу жана региондогу ири логистика борборлору бар. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстан Өзбекстандын транспорттук инфраструктураларынан көз каранды деп айтылат макалада. Кыргызстан жалпысынан 450 чакырым темир жолго гана ээ. Бишкектин Бээжин менен Орто Азия жана Перс булуңун байланыштырчу темир жолду куруу сунушу дагы деле кагазда гана турат деп айтылат макалада.
Казакстандын Түркмөнстан жана Иран менен бирге салып жаткан темир жолунун көпчүлүк бөлүгү аяктап калган. Ошондой эле Түркмөнстан Ооганстан жана Тажикстан менен ТАТ темир жолун куруу долбоорунун үстүндө иштешүүдө.