Мамдума таарынычын айдоочулардан чыгарабы?

Орусиянын Мамдумасына кыргызстандык мигранттарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Орус депутаттары Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразылык билдиришүүдө.

Орусияда кыргызстандыктарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу сала турган мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада каралат. Долбоорду 27-октябрда ЛДПР партиясынын депутаты Ярослав Нилов Мамдумага киргизген.

Кыргызстандык мигранттарга карата мындай чектөө киргизүү демилгеси президент Алмазбек Атамбаевдин Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жарлыгынан кийин көтөрүлө баштаган.

Мамлекеттик Думанын жыйыны

Мыйзам долбоордун авторлорунун бири, ЛДПР партиясынын депутаты Ярослав Нилов Атамбаевдин жарлыгын «антиорусиялык» деп мүнөздөгөн:

- Кыргызстандын президенти Тарых жана ата-бабалардын күндөрүн белгилөө боюнча жарлыгы менен орус империясына каршы көтөрүлүштү улуттук майрам кылып койду. Муну менен биздин өлкөгө карата достукка каршы саясий кадам жасады. Формалдуу негиздер боюнча дагы орус империясына каршы көтөрүлштү майрам катары белгилөөнү антиорусиялык майрам деп эсептөөгө болот.

Алгач Орусиядагы кыргызстандыктарга айдоочулук күбөлүк боюнча чектөөнү орус парламентинин вице-спикери Игорь Лебедев айтып чыккан. Ал Кыргызстанда орус империясына каршы көтөрүлүштү майрамдоону "бетке түкүргөндөй кадам" деп баалаган.

- Кыргызстанда орус тили расмий тил болгондуктан, айдоочулук күбөлүк боюнча чечим бул саясий кадам болгон. Бирок азыр биз кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүш күнүн улуттук майрам кылып койгонун көрүп жатабыз. Мыйзамдагы жеңилдикти алып салуу керек. Кыргыздар экзамен тапшырып, орусиялык айдоочулук күбөлүк алсын.

Мындай сынга расмий Бишкек жооп катары ЛДПР партиясынын депутаты Лебедевге "ой-пикир айтуудан мурда документтерди көңүл коюп окуп чыгууну" сунуштаган.

Расмий жоопто "Октябрь революциясы биздин өлкөдө позитивдүү кабыл алынат, мурдагы Орусиядагы бийликтин алмашуусу бир гана кыргыздарга эмес, колониалдык кысым алдында жашаган бардык элдерге 20-кылымда өздөрүнүн улуттук мамлекеттерин түзүүгө мүмкүндүк берген" деп айтылган. Ошондой эле катта "1916-жылкы улуттук трагедия бир дагы кыргызстандык үчүн майрам эмес, бул курмандыктарды эскерүү күнү" деп баса белгилегенген.

Игорь Лебедев мындай жоопко канааттанбаганын билдирген.

- Орусиянын тарыхын совет маалына чейинки, падышалык, советтик, совет маалынан кийинки убакытка бөлөбүз. Бул биздин улуу өлкөбүздүн тарыхы. Кандайдыр бир мамлекет биздин өлкөгө каршы көтөрүлүштүн күнү катары майрам кылса, мунун биз биздин жарандарга, тарыхка жана өлкөбүзгө каршы кадам катары баалайбыз.

Ал эми орусиялык тарыхчы жана серепчи Сергей Абашин "Мамдумадагы бир партиянын көз карашы расмий Москванын маанайын билдирбейт" дейт.

- Биз азыр ЛДПР партиясынын өкүлүнүн реакциясын эле көрүп жатабыз. Алар формалдуу түрдө вице-спикер сыяктуу чоң кызматта болгону менен, факты түрүндө Жириновскийдин бул партиясы дайыма ушундай адекваттуу эмес, түшүнүксүз же улутчул кадамдары менен белгилүү. Алардын айткандары менен Орусиядагы жалпы маанайды, орус бийлигинин көз карашын баалоого болбойт. Кыргызстанда деле Октябрь революциясы толук жоюлган жок да. Ал жакта бир нече тарыхый окуяларды эскерүү күнү болуп жатпайбы. Албетте, майрамдын аталышы кичине түшүнүксүз, андыктан ар кандай талкууга жем таштап жатат. Бирок Орусия, орус бийлиги муну жалпысынан негативдүү кабыл алат же Кыргызстандагы чечимге ошондой жооп берет деп ойлобойм. Чындыгына келгенде Октябрь революциясынын майрамы Орусияда деле фактылык түрдө белгиленбейт.

Орусияда мигранттарга чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө быйыл 1-июлда тыюу салынган. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча мыйзам долбоорду Мамлекеттик Думада 363 орус депутаты бир добуштан колдогон болчу. Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык иштесе, алардын 20 пайыздан көбү жүк ташуу, коомдук транспорт жана такси кызматтарында эмгектенишет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.