Москва: Айтматовдун айкели ачылды
![](https://gdb.rferl.org/3e2b5121-fbef-4c90-877a-87608fc46efb_w1080_r0_s.jpg)
Айтматовдун айкелин анын бир тууган карындашы Роза Айтматова, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов, Кыргызстандын маданият министри Султан Раев жана айкелдин тургузулушуна каражат кошкон мекендешибиз Эмилия Түгөлбай ачышты.
![](https://gdb.rferl.org/062b92b9-55fd-4b36-9556-24810ad23aaf_w1080_r0_s.jpg)
Эстеликтин автору - Орусия Федерациясынын Эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян. Ага каражатты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Айтматовдун күйөрмандары, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар которгон.
![](https://gdb.rferl.org/4822de16-fbfd-4d55-9699-db7c1e2731e3_w1080_r0_s.jpg)
Маданият министри Султан Раев сөз сүйлөп жатат.
![](https://gdb.rferl.org/dab8601a-2d9a-49ee-b794-0c6ad92e120a_w1080_r0_s.jpg)
Евгений Сидоров, орусиялык адабий сынчы.
Азербайжандын Орусиядагы элчиси, СССР Эл артисти Полад Бюль-Бюль оглы "Москвалыктар Чынгыз Айтматовдун эстелигин коргон сайын кыргыздар жалан эмгек мигранттары эмес, кыргыздар - акылман эл, интеллектуалдары, таланттуулары көп эл экенин эстей жүрүшсүн" деп айтты.
Наталья Аринбасарова - Орусиянын эмгек сиңирген артисти. Анын кинодогу чыйыры Айтматовдун "Биринчи мугалим" повести боюнча 1965-жылы тартылган ушундай эле аталыштагы Андрей Кончаловский тарткан фильмде башк каарман - Алтынайдын ролун аткаруу менен башталган.
Орусиянын ордо шаарында "Айтматовдун дүйнө таанымы" аттуу илимий конференция жана сүрөт көргөзмөсү да болууда.
Айтматовду эскерген маданий иш-чаралар 25-26-октябрь күндөрү Москвада жана Татарстанда уланат.