Москвада өрттөлгөн кыздын абалы оор

Терисинин 35 пайызы күйгөн кыз азыр оор абалда реанимацияда жатат.

Москвада 19 жаштагы Бегимай Ахунованын үстүнө бензин чачып өрттөгөн адам изделүүдө. Терисинин 35 пайызы күйгөн кыз реанимацияга түшүп, оор акыбалда жана эсине келе элек.
Укук коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматы боюнча, кызга улутчулдар эмес, өзүнүн эле таанышы кол салышы мүмкүн.

Кол салуу тогузунан онуна караган түнү саат 10-11лерде Москванын Нагорная көчөсүндө болгон. Беткапчан адам жабырлануучу жашаган үйдүн алдында кызга күйүүчү май чачып туруп, артынан от жагып жиберген.

Бегимай Ахунова Склифосовский атындагы тез жардам Институтуна оор абалда жеткирилген. Анын атасы Кыргызстандан учуп келди.

"Азаттык" ооруканада жүргөн Москвадагы консулдуктун юристи Алмаз Абдисияев менен байланышты.

- Башынын жарымына, ийиндерине чейин өрт жабылып, кийимдери куйкаланган. Денеси 50 пайызга чейин күйүптүр. Дарыгерлер кирүүгө эч кимге уруксат бере элек.

Улутчулдуктун айынан жасалган кылмыш деген божомол азырынча тартип коргоо орагандары тарабынан далилдене элек.

- Азырынча жыйынтык чыгаруу эрте. Бирок кыздын сүйлөшүп жүргөн жигити изделүүдө, - дейт элчиликтин юристи.

Бир катар орусиялык жана кыргызстандык массалык маалымат каражаттары кызды өрттөөгө батирде чогуу турган кыргызстандык кыз буйрутма берген деген божомолду жазып чыгышты. Алмаз Абдисияев бул маалыматты четке какты.

- Эгер буйрутма болгондо батирдеги кыз дароо эле кармалмак, андай болгон жок. Кыздын курбулары улуту грузин жигит Бегимай менен сүйлөшкүсү келип жүрчү деп билдиришүүдө. Азырынча негизги божомол – бул кызганыч.

Учурда өрттөлгөн кыз жашаган үйдүн алдында табылган унаанын ээси изделүүдө. Ал бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн. Унаанын ичинде күйүүчү май бар идиш табылган.