"Полицияга чалдыкпаганга аракет кылабыз"

Бирюлеводогу тополоңдон кийинки рейд. Москва, 14-октябрь, 2013-жыл

Нурланбек Эрназаров - Бирюлево районундагы тополоңдон кийин полиция кармаган кыргызстандык мигранттардын бири. Ал "Азаттыкка" азыркы жагдайын айтып берди.

“Азаттык”: Нурланбек, орус полициясы сизди кайдан кармап кетти? Үйдөнбү же көчөдөнбү?

Эрназаров: Тополоң болгондон кийин үйдөн чыкпай эле жатканбыз. Түш ооп калган маалда, саат үчтөн кийин полиция үймө-үй кыдырып келип, Бирюлевонун полиция бөлүмүнө алып кетти. Жалпысынан эки миңдей мигрантты кармаптыр. Көбүнчө тажик, өзбек, азербайжандар экенин байкадык. Кыргыздар аз экенбиз. Ашып кетсе 8-9 киши.

“Азаттык”: Ал жерде канча турдуңар?

Эрназаров: Бизге барасыңар, документтериңерди текшерип, манжаңардын тагын алабыз, ашып кетсе жарым саат болосуңар дегенинен аябай жеңил кийинип барыптырбыз. Үшүдүк. Бир саат тургандан кийин полиция микрофон аркылуу “кыргыздар канчоосуңар, колуңарды көтөргүлө!” деп кыйкырды. Башкалар, өзүбүз да таңыркап карап калдык. Көрсө Кыргыз элчилигинин вице-консулу Алмаз Букалаев барып, “билип бергиле” деген экен. Анан ал паспортторду өзүнчө бөлдүрүп алып, полициянын башка райондук бөлүмүнө алып барып текшертип, ары-бери чуркап атып, таңкы саат төрттөрдө чыгарып кетти. Элчиликтин балдары үйүбүзгө чейин жеткиришти.

“Азаттык”: Сиз менен канча киши бошонуп чыкты?

Эрназаров: Бизден тогуз кишини кармашыптыр. Сегизибиз үй-жайыбызга тарадык. Бирөөнүн Орусияда жүрө турган мөөнөтү өтүп кетиптир, депортация болду. Элчилик болбосо эки-үч күн чыкмак эмеспиз. Ушул жерден колдоп койгонуна рахмат. Жардамды сезгенде чын эле кубанат экенсиң.

“Азаттык”: Кыргыздардан башка дагы бошотулгандар болдубу?

Эрназаров: Менин угушумча, эки-үч күндөп чыга албай тургандар бар.

“Азаттык”: Кармалгандар арасында жаш балдар, аялдар барбы?

Эрназаров: Баары бар. Жашы деле, карысы деле. Кыз-келиндер да бар.

“Азаттык”: Бирюлеводо улутчулдук маанай күчөп кетти деп жатышат, сиз акыркы эки күндөн бери эмнени байкадыңыз?

Эрназаров: Көчөнүн баары эле ОМОНдор. Полиция кадам сайын текшерип жатат. Парктарда атчан жүрүшөт. Айрыкча тополоң чыккан жерде көзөмөл күч. Биз эми алардын көзүнө чалдыкпаганга аракет кылып, жашап атабыз. Андан башка кылаар аргабыз кайсы, жумушубуз ошол жерде болсо.

“Азаттык”: Сиз ал жерде эмне иш кыласыз? Үй-бүлөңүз да бар да?

Эрназаров: Наабайканада иштейм. Үй-бүлөм жок, бирок бир туугандарым, жээндерим бар. Бирюлеводо башынан эле кыргыздар аз. Ашып кетсе жетимиш- сексен чамалуу.

“Азаттык”: Тополоңдон кийин жергиликтүү элдин силерге болгон мамилеси кандай болуп атат?

Эрназаров: Бир аз өзгөрдү. Өтүп баратсак, жаман көзү менен карашат. Кечээ жумуштан кайтып келе жатсам, эшиктин астында коңшу кемпирлер олтурган экен. Учурашып, кылмышка шектүү киши кармалганын айтсам, “уктук, бир кумалак бир карын майды чиритет, силерге кыйын болду” дешип, бизди аягандай болушту. Бирок бизге болгон мамиле солгундаганы байкалып эле турат. Мурда Кыргызстандагыдай эле эркин жүрчүбүз. Азыр эми көчөдө баратсак теше тиктеп өтүшөт.