12 жаштагы Мирсаид Москвада 250-орто мектепте окуйт. Бул этномектеп чет өлкөдөн келген ар улуттагы балдарды окутууга ылайыкталган. Бул жерде мигранттардын балдары орусчаны чет тил катары үйрөнүшөт.
- Мен Москвага июнда келгем, анан сентябрдан баштап бул жакта окуй баштадым. Кыргызстанда 5-класска чейин окугам. Азыр орусча үйрөнүп жатам. Орус тилден тышкары тарых, математика, англис тили жана башка сабактарды өтөбүз. Сабактан кийин экскурсияларга дагы барабыз. Грузин, армян, тажик, украин, өзбек жана башка улуттагы балдар менен чогуу окуйбуз.
Москванын түндүк-чыгыш аймагындагы бул окуу жайда жалпысынан Кыргызстандан келген 111 окуучу бар.
Башкы методист Марина Фетисова мурун Москвада чет өлкөлүктөрдүн балдарына ылайыкталган ондон ашуун мектеп иштегенин, эми мындай окуу жайлар кыскарып кеткенин белгиледи:
- 2004-жылдан баштап чет өлкөдөн келген, орус тилин билбеген балдарды окутуу боюнча атайын программаларды колдоно баштаганбыз. Анда шаардык билим берүү департаментинин тапшырмасы менен Москванын ар бир округунда чет элдик балдарды окутууга бирден мектеп ылайыкталган. Биздин мектеп көп улуттуу, орус тилди чет тил катары окутабыз. Окуучулар үчүн түштөн кийин кошумча ийримдер дагы бар. Баары ар кайсы өлкөдөн келген балдар болгондуктан, бир гана орус тилинде сүйлөшө алат. Андыктан жыйынтыгы жакшы. Кыргызстандан келген балдар 2010-жылдан баштап кескин көбөйө баштады. Алар башкаларга салыштырмалуу орус тилинде эркин сүйлөй алышпаса да, жалпы түшүнүгү бар, тез үйрөнүшөт.
Бул мектепке окууга кирүү үчүн жалпы талап кылынгандай эле Билим берүү министрлигинин порталына онлайн билдирүү калтырып, тийиштүү документтерди май айларынан тарта тапшыруу керек.
Ал эми орус тилин такыр билбей, мектепке документ тапшырууда сынактардан өтпөй калган балдар үчүн атайын ачылган бир жылдык орус тил мектеби бар. Анын жетекчиси Марина Ларкина тогуз ай ичинде балдарга орусча үйрөтүп, жалпы окуу программасы боюнча мектепке даярдашарын айтты:
- Орус тил мектебине биз орус тилин билбеген 7-13 жаштагы балдарды алабыз. Аларды бир жылда окутуп, Москванын мектебине даярдайбыз. Алар орус тил жана адабияттан тышкары, математика жана башка сабактар боюнча жалпы билим алат, бирок, башкы басым тилге жасалат. Ошондой эле спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз. Орусиянын тарыхы, маданияты жөнүндө сабактар өтүлөт. Москва менен тааныштыруу үчүн экскурсияларга чыгабыз. Биз ата-энелерге дароо айтабыз, бизде бир жыл окуйт, бирок эч кандай классты бүтпөйт. Бир жыл – бул мектепке гана даярдык.
Орус тил мектебинде бир айлык окуу акысы 2 миң рублды түзөт. Ларкина бүтүрүүчүлөргө сертификат берилерин жана мектепке киргизүүгө жардам көрсөтүлөрүн белгилейт.
Москвада Кошумча билим берүү борборунун жетекчиси Болот Арзыматов азыркы кезде окуучу балдарды гана эмес, Орусияга мектепти бүтүп эле ишке келип жаткан жаштарды дагы кесиптик билим алууга тартуу керектигин белгилейт. Ал жакындан тарта Москвада чет өлкөлүк балдарды окутууга ылайыкталган мектептер менен байланыш түзүп, алар тууралуу мекендештерге маалымдай баштаган.
- Кыргызстандан келген бардык эле балдарыбыз окуп кеткенге умтулушат. Бирок айрымдарына каражаттык шарты, өзүнүн даярдыгы, мүмкүнчүлүгү тоскоолдук кылып коёт. Биз – кыргыз жамааты, андагы активдүү өкүлдөр ушундай балдарыбыз жана жаштарыбыздын окуп кетүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек. Азыр “Кошумча билим берүү борбору” аркылуу мигранттардын балдары үчүн этномектептер, ошондой эле, жаштарыбыз үчүн кесиптик-техникалык окуу жайлар менен кызматташтык түзүп, мекендештерге алар тууралуу маалымдап, жол-жоболорун түшүндүрүп берели деп жатабыз. Жаштарыбыз бир эле маалда окуп, өзүнүн келечегине керектүү кесиптик билим алып, ошол эле маалда иштеп, акча таап, ата-энелерине жардам бере алат.
4-мартта балдарын 1-класска же жаңыдан жергиликтүү мектепке берүүгө даярданган бардык ата-энелер үчүн жогоруда аталган шаардык 250-орто мектепте ачык эшик күнү өтмөкчү.
Орусияда жалпысынан 640 миңге чукул кыргызстандык мигрант эмгектенет. Орусиянын миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча, алардын 20 пайызын 18 жашка чыга элек балдар жана өспүрүмдөр түзөт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.