Мигрантты жолдон тооруган ажал

Орусиянын Украина менен чек аралаш Брянск облусунда жүз миңдеген чет элдик мигранттар кирди-чыкты документтерин жасаган чек ара бекети жайгашкан. Бекет Погар шаарчасынын четинде орун алгандыктан, мигранттар арасында ал “Погар” деген ат менен белгилүү.

Орусияда автокырсыкта каза болгон төрт кыргызстандык жарандын сөөгү мекенге жөнөтүлдү.

15-январда Нижний Новгород – Саратов жолунда жеңил автоунаа менен жүк ташуучу унаа кагышып, анын кесепетинен борбор азиялык жети мигрант каза тапкан.

Орусиянын Саратов регионунда набыт кеткен мигранттар Москвадан Казакстанга миграциялык кагаздарын жаңыртуу үчүн бара жаткан болуп чыкты.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Дооранбек Абдразаков каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү кичи мекенине жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

- Добрынинский метросунда иштеген айдоочу балдар менен сүйлөшүп, алар 105 миң рубл жардам чогултуп беришти. Андан тышкары каза болгондордун туугандарын Москвадан таап, Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөктөштү. Сөөктөрдү Саратовдон ары кетирели деп чечкенбиз. Кырсык болгон жерге 8 сааттын ичинде биздин кызматкер барып, бардык маселелерин карап жаттык. Ал эми ритуалдык жана транспорттук чыгымдардын кандайдыр бир бөлүгүн өкмөт төлөп берет деген мыйзам бар, туугандары кайрылса болот.

Жети адамдын өмүрүн алып кеткен бул жол кырсыгы үчүн жүк ташуучу унаанын айдоочусу Сарайкин А.Ч. күнөөлүү деп табылып, Орусиянын Кылмыш кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүгү боюнча камакка алынган.

"Айдоочулук күбөлүктү сатып алышат"

Жол кырсыгы Орусиядагы мигранттардын каза болушунун негизги себептеринин бири. Борбор азиялыктар миграциялык документтерин жаңылатуу үчүн Украина, Казакстан жана Кыргызстан менен чек араларга жеңил унаалар менен чыгып келишет. Москвада мигранттарды чек араларга ташыган жүзгө чукул кыргызстандык айдоочу бар. Алар көбүнчө Добрынинский, Тульский, Павелецкий метролорунда топтолуп, көмүскө иштешет.

Москвадан Кыргызстанга жүргүнчү ташып иштеген Турат Маматов буга айрым айдоочулардын жоопкерсиздиги дагы себеп болуп жатканын айтты:

- Азыр бул жерде жаш балдар эле айдоочулук күбөлүктү сатып алып, унааны ижарага алып айдап жүрүшөт. Жол эрежелерин билишпейт, тажрыйба жок. Айдоочулук күбөлүктү Кыргызстанга барып 6-7 миңге бир заматта эле сатып алышат. Кыш, жол узак, тайгак. Сыртка чыга турган адам сөзсүз айдоочуга карашы керек.

Добрынинский метросунда айдоочуларга жүргүнчү таап берген Урмат дагы “жолдо кепилдик жогун" айтты:

- Биз деле эл кызматында жүрөбүз. Баарынан эле 5 миңден албайбыз. Кээ биринин акчасы жок, кээ бири чек арадан кайра өтө албайт. Расмий бул жерде эч ким иштебейт. Эми жолдо эч кимге эч нерсе дей албайсың, жол алдап коёт. Камсыздандыруу барагын жүргүнчүлөр өздөрү ойлошу керек.

Урматтын теңтушу чек араларга чыккан айдоочулардын арасында ич ара байланыш, көзөмөл бар деди:

- Баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Жолдо телефон аркылуу байланышып турабыз, ким кайсы жерде, эмне болду, полиция барбы деп. Катуу айдагандарга дагы айтып турабыз, бири-бирибизди көзөмөлдөп. Эми техника, аны эч ким деле түшүнө бербейт.

Бул жерде кээ бирөөлөр эки-үч унааны ижарага берип койгон, каалаганы алып айдап жүрөт. Жол эрежелерин сактабайт, катуу ылдамдыкта жүрүшөт, аба ырайы дегенге карабайт, колдорунан телефон түшпөйт. Муну көзөмөл кылбасак болбойт.
Бахтияр Өмүрзаков

Кыргыз жамаатынын өкүлү Бахтияр Өмүрзаков жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн мигранттарды чек араларга ташып иштеген жеке айдоочуларды каттоого алып, диаспора тарабынан көзөмөлгө алуу керек деген ойдо.

- Диаспорада Координациялык кеңеш түзүүнү кеңешип жатабыз. Анда ар бир тармак жана маселелер боюнча өзүнчө жооптуу адамдар болот. Басымдуусу жаштар келет. Жол кырсыктарын дагы азайтуу максатында мигранттарды чек арага ташыган айдоочуларга көзөмөл болсун деп жатабыз. Азыр көзөмөл жок. Бул жерде кээ бирөөлөр эки-үч унааны ижарага берип койгон, каалаганы алып айдап жүрөт. Жол эрежелерин сактабайт, катуу ылдамдыкта жүрүшөт, аба ырайы дегенге карабайт, колдорунан телефон түшпөйт. Муну көзөмөл кылбасак болбойт.

Чет элдик жарандардын катышы бар жол кырсыктарынын көбөйгөнүн орус бийлиги дагы белгилөөдө. Орусиянын ИИМинин отчету боюнча былтыр тогуз айда 17 миң жол кырсыгы катталса, алардын 4 миңден ашуунуна КМШ жарандары – чет өлкөлүк айдоочулар себеп болгон. Бул жол кырсыктарында 600 адам каза таап, 6 миңдей адам жабыркаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.