Мамдума мигрант айдоочуларды тыят

Орусия.

Орусиядагы мигранттарга такси кызматында иштөөгө тыюу салынат.

Мамдумада такси кызматында чет өлкөлүктөрдүн айдоочу болуп иштешине тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Долбоордун авторлорунун бири, «Единая Россия» партиясынын депутаты Евгений Москвичев документке дагы кошумча өзгөртүүлөр киргизилерин айтты.

13-декабрда биринчи окуудан өткөн бул долбоор 2019-жылы кабыл алынышы мүмкүн.

Мыйзам долбоордун азыркы үлгүсү боюнча Орусиянын аймагында такси кызматында орус паспорту барлар гана айдоочу болуп иштей алат.

Буга кошумча коомдук транспорт менен жүк ташып иштеген айдоочуларга, автоунааларга өкмөттүк көзөмөл күчөтүлөт.

Мындай кабар майрам алдында Орусияда иштеген мекендештерди санаага салды.

Дагы караңыз Мигранттар: уктаганга убакыт жок

Бир гана Москва шаарында "Яндекс", "Uber" сыяктуу чоң такси кызматында 10 миңге чейин кыргызстандык иштейт. Ал эми жалпы Орусия боюнча жүз миңге чукул мекендеш транспорт айдайт.

Учурда "Яндекс" таксиде иштеген Усман айдоочулардын көбү автоунааны узак мөөнөттүү насыяга же ижарага алышканын, эгер мыйзам кабыл алынса, көбү карызга батарын айтып кейиди.

- Автоунааны насыяга алып иштегендер бар. Орусияда ар бир экинчи мигрант такси айдайт. Арасында автоунааны 400 миңден 2 миллион рублга чейин насыяга алгандар толтура. Кээ бирөө жаңы ишке орношсо, калгандары жарым акчасын төлөп коюшкан. Аларга кыйла эле оор болот.

Москвада таксисттер автоунааны күнүнө 1500-4000 миң рублга ижарага алып иштешет. «Яндекс» сыяктуу такси кызматына орношкондор тапканынан пайыз төлөп, майга кеткен чыгымын өздөрү көтөрөт.

Орусияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө 2017-жылы эле тыюу салынган.

Бул маселе кыргыз-орус расмийлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин гана оң жагына чечилген. Мындан кийин Орусияда айдоочу болуп иштеген мекендештердин саны да көбөйгөн.

Марат Исаев

Бирок бир жылдан кийин эле мындай чектөөнүн киргизилип жатышын диаспора өкүлү Марат Исаев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Буга өзүбүз да себепкер болуп калдык окшойт. Кыргызстандан айдоочулук күбөлүктү ар кандай жол менен алып, бул жактан бир жол эрежелерин билбей, жол коопсуздугун сактабай көптөгөн окуяларга себепкер болуп калдык. Бөтөн жерде жүрөбүз. Жол кырсыктарына жергиликтүүлөр деле күнөөлүү болушат. Бирок биздики оркоюп көрүнүп калат экен.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы жети айда чет өлкөлүк айдоочулар себепкер болгон 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталган.

Анткен менен Орусияда январь-сентябрда катталган 105 миңден ашуун жол кырсыгын эске алсак, мигрант айдоочулар күнөөлүү деп табылган жол кырсыктары бир пайызды да түзбөйт.

Толкунбай Акматов

Коомдук ишмер Толкунбай Акматов бул мыйзам кабыл алынса, жүз миңге чукул мигрант айдоочулар үй-бүлөсү менен кыйналарын эскертти:

- Москвадагы таксисттердин WhatsАpp тобунда эле миңдей адам бар. Мыйзам кабыл алынса, бир гана таксиде иштегендер эмес, башка жүк ташыган, коомдук транспорт айдагандарга да таасири тиет. Таксисттердин баары насыя алган, үйү, бала-чакасы бар. Кыргыз өкмөтү жумуш менен камсыздай албагандан кийин дагы сүйлөшүп, жеңилдик алып бериши керек. Антейин десең, Кыргызстандан 11-классты эми бүткөндөр айдоочулук күбөлүк менен келип, автоунаа минсе эле көйрөңдөнүп кетип жатпайбы. Бирок азыр мыйзам кабыл алына электе «бул кыргызстандыктарга тиешелүү эмес» деген кептер да чыгып жатат. Кабыл алынса, бизге деле кесепети тиет.

Дагы караңыз Кайдыгерлик, кан жолдо кыйылган өмүр

​Орусияда мигранттардын автоунаа айдаганын чектеген мыйзам долбоору үч жолу Мамдумада каралып, президенттин колу коюлган соң күчүнө кирет. Бул үч-төрт айга созулары болжолдонууда.

Москвада быйыл сентябрда теги кыргызстандык Бекжан Сарбишев автоунаасы менен өзүн ур-токмокко алган деп айтылган мекендештердин бир тобун тебелетип кетип, бир адам каза болгон. Сарбишев тергөөнүн жүрүшүнчө март айына чейин камакта.

Июнь айында футбол чемпионаты өтүп жаткан маалда кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу автоунааны башкара албай калып, чет өлкөлүк күйөрмандардын тобун сүзүп кеткен. Ал октябрда айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Сот аны 1,5 жылга коомдук иштерде иштөөгө милдеттендирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.