Орус интернетинин өзгөчөлүгү

Келерки жылы кайрадан президенттикке кайтып келери күтүлгөн Владимир Путиндин доорунда Орусиянын маалымат каражаттары кысым астында жашап келди.
Бирок ошол эле учурда интернеттин өнүгүшү мамлекеттик сыналгынын айткан-дегенин угуп чоңойгон орусиялыктардын бир нече муунун өзү үчүн жаңылык тандоодо эркиндикке чыгаргансыды.

Жарандык активдүүлүктүн жаңы түрү интернеттеги блогдордо, социалдык сайттарда көрүнүп, бийликке чакырык таштай албаса да, орусиялыктардын өз жашоосун оңдоосуна мүмкүндүк бергендей.

Орусияда да азыр калктын 85 пайызы үчүн телекөрсөтүү - жаңылык алуунун башкы булагы. Бирок ал орусиялыктарга дүйнөнү Кремлдин көзү менен гана көрсөтөт. Ал эми сатылышы төмөндөп бара жаткан гезиттердин аудиториясы чектелүү эле. Мындай шартта RuNet деп аталган орус интернетин өлкөнүн идеологиялык багыты жок иштеген алгачкы медиа мейкиндиги катары кароого болот.

Жарандык активдүүлүк канчалык?

Жарандык активдүүлүктүн интернеттеги жаңы толкуну балким саясий өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Бирок катардагы орусиялыктарга алардын күндөлүк турмушундагы маселелерди: автоинспекциядагы мыйзамсыздыктан тартып, жарандык коопсуздукка, бюрократияга, коррупцияга байланышкан маселелерди көтөрүүсүнө мүмкүндүк берүүдө.

Блоггер жана RuNet боюнча талдоочу Вадим Никитиндин айтымында, социалдык сайттардын, блогдордун көбөйүшү, алар аркылуу видеолордун таралышы орусиялыктарды өзүн чоң саясий талкуулардан бошотуп, жөн гана күндөлүк турмуштун көйгөйлөрү боюнча пикир алышуусуна мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк тартуулады:

- Батышта YouTube - мышыктардын видеосу жайгаштырылуучу жай. Орусияда болсо YouTube сайтынан сиз полициядагы коррупция, жолдогу укук бузуулар жөнүндөгү видеолорду көрөсүз. Чынында YouTube жарандык активдүүлүк көрүнгөн жер жана адамдардын күндөлүк турмушуна тиешелүү маселелдер көңүлдү эң көп бурдурат.

Интернет жайылганы менен коом чачыранды

Адеп башында жай кеткени менен RuNet тездик менен кеңейди. Эгер 2004-жылы орусиялыктардын үчтөн бири эле интернетке кире алса, азыр алардын жарымына жакыны интернетти пайдаланууда. Соңку эсептерге караганда, Орусияда интернеттин тароо көрсөткүчү саналуу жыл ичинде Батыш өлкөлөрүнүн деңгээлине жетиши мүмкүн.

Журналист жана блоггер Анна Арутинованын көз карашында, RuNet Орусияда интернетти пайдаланган алтымыш миллион адамды натыйжалуу кыймылдаткан күчкө айлантты:

- Орусияда интернет чын эле жеткиликтүү болуп калды. Менимче бул азыр туура оюн айткан, окуяларга катышкан билимдүү жана акчалуу адамдар үчүн эле эмес. Интернет Орусияда кеңири жайылган жана ал, менимче, өзгөрүүлөр үчүн ири кыймылдаткыч күч. Бул орус коому үчүн конструктивдүү же кыйраткыч жараян болобу? Эми маселе ушунда турат.

Бирок “Сноб” интернет журналынын редактору Маша Гиссендин көз карашында, орус коому абдан чачыранды бойдон калууда. Анын пикиринде, интернет балким жергиликтүү маселелер боюнча колдоо табууда пайдалуу, бирок ал коомчулукту жалпы улуттук деңгээлде эч убакта мобилизациялай албайт:

- Орустар жөнүндө жалпылап айтууга болбойт. Андыктан бул өзгөчөлүк чечүүчү фактор болуп эсептелет. Менимче орус коому кыйла эле чачыранды коом. Ал чакан жана обочолонгон жамааттардын топтомуна айланды. Ушул жамааттардын алкагында болуп көрбөгөндөй мыкаачылык же кайрымдуулук, өз ара жардамдашуу же наадандык болушу мүмкүн. Бирок алар бири-биринен ажыратылган.

Маша Гиссен “Азаттыкка” курган маегинде интернетте улутчулдар да өз ордун табышканын кошумчалады.

Орус интернетинин табияты

Айтор орус интернетинин табияты анын өзүнүн сактоочусу катары кызмат кылчудай. Иран же Кытай, атүгүл Казакстан менен Беларуска салыштырмалуу орус бийлиги интернетке азыраак кийлигишет. Бирок Кремль зарылчылык чыкса, көзөмөлдү күчөтөрүн да жашырбайт.

Орус ички иштер министри Рашид Нургалиев жакында интернетти “экстремисттик жана террордук актыларды” уюштуруунун каражаты катары атаган. Коом зордук-зомбулуктун жана ксенофобиянын таасиринен корголуусу үчүн интернет чектелип, көзөмөлдөнүүсү керектигин белгилеген.

Интернетти көзөмөлдөгөн олигархтардын жардамы астында башкаруучу элита да анда өзүн эркин сезет. Анткени эл эң көп пайдаланган жыйырма сайттын жарымына жакынына Кремль менен байланыштагы ири ишкерлер ээлик кылат же алар көзөмөлдөйт.

Мындай шартта, байкоочулардын баамында, катардагы орусиялыктар интернетти кеңири масштабдагы саясий карама-каршылык үчүн плацдарм катары колдонуусу, Орусияда Египетте бийликте узак отурган президентти кулатууда интернеттеги социалдык сайттар пайдаланылгандай сценарийдин кайталануусу арсар.