Орусия: айдоочулар күбөлүгүн алмаштырсын

Орусияда 1-июндан баштап чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынат. Мындай чектөөлөр Орусияда иштеген кыргызстандык айдоочуларга дагы тиешелүү.

Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө чектөө киргизүү боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, мыйзамдын ишке кирүү мөөнөтү 2017-жылдын 1-июнуна чейин бир нече жолу узартылган.

Орусиянын 92-федералдык мыйзамына ылайык, чет элдик айдоочулук күбөлүк менен коомдук транспортто иштөө жана жеке ишкердик кылууга тыюу салынат. Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен адамдарды ишке алган жумуш берүүчүлөргө 50 миң рублга чейин айыппул каралган.

Москвада айдоочу болуп иштеген Канат Жолдошев мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү улам-улам жылдырылып, так маалымат жарыяланбай келгендиктен, көпчүлүк кыргызстандык айдоочулар буга даяр эместигин айтты:

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

- Мен башында жаңылыкты угуп, Мамлекеттик автоинспекция бөлүмүнө барып, Орусиянын күбөлүгүн алуу шарттары жөнүндө билип кеткем. Кийинкисинде барганда «дагы бир жылга узартылды» деп айтышкан. Ошол бойдон сүйүнүп кете берипмин. Эми мыйзам эртең күчүнө кирет деп жатат. Чогуу иштегендердин жарымы орус жарандыгын алгандар, калгандары так маалымат алалбай жүрүшөт. ГАИге барып сурашса, кызматкерлер өздөрү жооп бере албай жатышыптыр. Эми дароо эле кармап, айыппул салбастыр деп үмүт кылып отурабыз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 1-июнга чейин Орусиядагы кыргызстандыктар башка чет элдиктер сыяктуу эле улуттук айдоочулук күбөлүгүн орусиялык аналогго алмаштырууга милдеттүү экенин мурда эле маалымдаганын эскертүүдө. Азыркы тапта элчилик Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдерине ылайык орус тарап менен консультацияларды жүргүзүп, расмий билдирүү күтүп жатканын маалымдоодо.

Орусияда чет элдик жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жашаган жериндеги каттоосу боюнча Мамлекеттик автоинспекциянын бөлүмүнө барып бир катар документтерди тапшырууга тийиш. Чет элдик жарандан паспорт жана улуттук айдоочулук күбөлүктүн орусча котормосу, андан тышкары атайын медициналык текшерүүлөрдөн өтүү талап кылынат. Ошондой эле автоинспекция бөлүмүндө бир теориялык жана эки практикалык экзамен тапшыруусу зарыл. Күбөлүк Мамлекеттик автоинспекциядан тышкары Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү көп функционалдуу борборлордо берилет.

Самат Касымбеков үч ай бою чуркап жүрүп, эми жакында орусиялык айдоочулук күбөлүктү колуна аларын айтты:

- Мен укканда эле «кой, тынч эле орусиялык күбөлүк алайын» деп сураштыра баштагам. Кыргыздардан сурасам, «50-60 миң рублга чейин жасатса болот экен» деген кептер болду. Анан өзүм эле алайын деп, Марьино районундагы Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү көп функционалдуу борборго бардым. Ал жакта эки-үч күн кезекте турдум. Кийин керектүү документтерди билип алып, медициналык борбордон нарколог, психолог дегендерден медициналык билдирме алдым. Анан ГАИде экзамен тапшырдым. Эки жолу өтпөй калып, үчүнчүсүндө тапшырдым. Баш-аягы 7 миң рубл эле короттум мамлекеттик төлөм менен кошо. Кийинки жумада күбөлүк колума тиет деп күтүп жатам. Убакыт жагынан эле кысталыш болбосо, калганы оңой экен.

Юрист Мирбек Токтошев Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдери боюнча кыргызстандыктар Орусияда автомектептерде окубастан эле документ тапшыра аларын белгиледи.

- Кыргызстандыктарга Орусияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн орус жарандыгын же убактылуу жашоого уруксат алуунун кереги жок. Колундагы болгон улуттук күбөлүктү башка керектүү документтери менен чогултуп алып, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү көп функционалдуу борборго барышы керек. Атайын автомектепте окуунун дагы кереги жок.

Орусияда чет элдик айдоочуларга чектөө жолдо коопсуздукту сактоо максатында киргизилип жатканы айтылууда. Орусиянын Мамлекеттик автоинспекциясы былтыр чет элдик айдоочулар 1,67 миллион жолу жолдо жүрүү эрежесин бузгандыгын маалымдаган. Ошондой эле өлкөдө жалданып иштеген чет элдик айдоочулардын саны 100 миң болсо, анын 70 миңи улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштери аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.