Орус аткаминерлерин жашы жете элек балдарын Орусияда гана окутууга милдеттендирген мыйзам долбоорун Коммунисттер партиясынын депутаты Валерий Рашкин иштеп чыгып, дүйшөмбүдө Мамлекеттик Думага сунуштады.
Мыйзамга ылайык, Орусияда чиновниктер гана эмес, мамлекеттин кеминде 25 пайыз үлүшү бар ири ишканалардын жетекчилери да өз балдарын чет өлкөдө окута албайт. Бирок мамлекеттик кызматты аткаруу үчүн чет өлкөдө бир жылдан ашык жүргөн дипломаттарга уруксат берилет.
Депутат Рашкин “балдардын чет өлкөдө билим алышы улуттук башкаруучу элитаны түптөөгө тоскоолдук жаратканын, кардлардын өлкөдөн чыгып кетишине жана башкаруучу класстын элден алысташына жол ачып жатканын” жүйө келтирди.
Аткаминерлердин балдарын чет өлкөдө окутууга тыюу салуу демилгесин алгач мекенчил бизнести өнүктүрүү боюнча “Аванти” биримдигинин президенти Рахман Янсуков сунуштап чыккан. Ал “Азаттыкка” курган маегинде чектөө тууралуу өз позициясын түшүндүрүп берди:
- Мен мурда аткаминерлердин чет өлкөдө окуган балдары атайын кызматтардын азгыруусуна кабылышы мүмкүндүгүн айткам. Балдар манипуляцияга туш болушу ыктымал. Алар өздөрү деле билбей калышы мүмкүн. Бул чектөө балдардын коопсуздугу үчүн да керек.
Янсуков орус президенти Владимир Путин мекенчилдикти колдогондуктан Мамлекеттик Дума бул мыйзам долбоорун кабыл алат деп ишенип турганын кошумчалады.
Октябрь айында мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөдө жүргөн балдарын Орусияга кайтаруу тапшырмасы берилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Анда балдар акыйкатчысы Павел Астаховдун уулу, Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Железняктын кыздары, тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кызы жана өндүрүш министри Денис Мантуровдун уулу чет өлкөдө окуп жатканы белгиленген. Бул маселе көтөрүлгөндө жергиликтүү басылмалар президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кызы да чет өлкөдө окуганын эске салышкан.
Соңку демилге боюнча орус коомчулугунда пикирлер бир кылка эмес. Оппозициячыл маанайдагы активист Алексей Навальный бул боюнча өз блогун жарыялап, балдарды чет өлкөдө окутууга тыюу салбаш керек деди. Ал Орусияда билим берүү системасы начар абалда экенин, орус окуу жайлары эл аралык рейтингде өтө артта турарын эскертти. Айрым саясатчылар бул мыйзам долбоорун популисттик деп аташса, кайсы бири мындай чектөө коррупцияга жол ачышы мүмкүндүгүн айтышууда.
“Адилеттүү Орусия” партиясынын лидери, депутат Сергей Миронов болсо демилгени колдогону менен мыйзам кабыл алууга зарылчылык жок деген ойдо:
- Мыйзамды кабыл алуунун кажети жок. Мен негизи кошумча чараларга каршымын. Бирок аткаминерлерге сунуштама иретинде айтса болот. Анткени менимче мамлекеттик ишмерлердин балдары Орусияда окуганы жакшы.
Жаңы сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, аткаминерлердин балдарына орусиялык окуу жайлардын чет өлкөдөгү филиалдарында билим алууга уруксат берилет. Долбоордо мындай чектөө 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп белгиленген. Айтмакчы, орус президенти Владимир Путин бир жыл мурда эки кызы тең Орусияда билим алганын белгилеп, алар менен сыймыктанарын айткан эле.