Орусиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун январда Федералдык жыйынга кайрылуусунан кийин сунуш кылган.
14-март жекшемби күн экенине карабай, аймактардагы парламенттер мыйзамга өзгөртүүлөрдү эки күндө жактырып бергенден кийин долбоор Конституциялык сотко шашылыш түрдө кабыл алынган. 16-мартта сот түзөтүүлөр тууралуу «мыйзам Конституцияга туура келет» деген бүтүм чыгарып берди.
Мыйзам долбоору Конституцияга алымча-кошумчалар боюнча элдик добуш берүүнүн иретинен жана мыйзамдын ишке кирүү процедурасынан турат. Өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтет.
Асыресе Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024-жылдан кийин анын дагы эки ирет президенттикке аттанып, 12 жыл бийликте калышына шарт түзөт. Мындан тышкары президент өкмөттү таркатпай туруп премьер-министрди алмаштырууга укук алат. Ошондой эле Мамлекеттик Дума министрлердин кеминде үчтөн бирин үч жолу бекитпей койсо, Думанын өзүн таркатып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эми орус президенти Жогорку сот менен Конституциялык соттун судьяларынын талапкерлигин дайындоого көрсөтүп, аларды кызматтан алып да коё алат.
Дагы караңыз NYT: Орусиянын «түшпөс ханы»Ал эми Орусиянын экс-президенти кол тийбестик макамына ээ болот, аны президентке импичмент жарыялоого талап кылынган шарттарда гана бул макамдан ажыратууга мүмкүн болот. Буга кошумча экс-президент өмүрүнүн аягына чейин сенатор болуп кала алат. Орусияда мындай макам өлкөгө эмгеги сиңген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге берилет.
Мындан тышкары Конституцияга сунушталган жаңы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөнүн жарандыгын алууга тыюу салынат. Орусиянын Конституциясы эл аралык келишимдер менен милдеттерден жогору коюлат. Орус улуту мамлекеттин уңгусун түптөгөн эл катары белгиленип, өлкөдө эркек менен аялдын никеси гана таанылат.
Дүйшөмбүдө кечке жуук жарыяланган Конституциялык соттун чечимин кээ бир орусиялык саясат талдоочулар «жолдош түркмөндөр, эми бар болуңуздар» деп тосуп алышса, кээ бири «соттор өздөрүнө өздөрү өкүм чыгарышты» деп баалашты.
Ал эми журналист Андрей Лошак «эми таптык теңсиздикти, дарга асуу менен уруп-согуп жазалоону, мал-мүлккө чектөө киргизүүнү, аскердик кыштактарды жандандырган мыйзам өзгөртүүлөрдү күтөбүз» деп сынга алды.
«Антиконституциялык төңкөрүш»
Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүздөгөн орусиялык окумуштуулар, юристтер, журналисттер жана жазуучулар Интернетке ачык кат жарыялап, Орусия «антиконституциялык төңкөрүш коркунучуна кептелди» деп коңгуроо кагып чыгышкан.
Дагы караңыз Орусияда «Путинге тойдум!» дегендер«Левада» борборунун башчысы Лев Гудков, журналисттер Леонид Парфенов, Илья Азар, Андрей Лошак, жазуучу Александр Архангельский сыяктуу 400дөн ашуун көрүнүктүү коомдук ишмер буга чейинки президенттик мөөнөттөрдүн жокко чыгарылышын «мыйзамсыз» деп баалашат.
«Баш мыйзамга одоно тартип бузуу менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биз антиконституциялык төңкөрүш, Баш мыйзамды бузуу катары баалайбыз. Бул окуялар эл бийлиги менен эркиндигинин принциптерине негизделген биздин өлкөнүн эволюциялык өнүгүшүнө чоң сокку, улуттук ажырымдын трагедиясына айланат» деп жазылган ачык катта.
Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну 10-мартта алгачкы аял-космонавт, учурда «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган депутат Валентина Терешкова сунуш кылган. Президент жана премьер-министр катары өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Путин өзү буга каршы эмес экенин айткан.
Саясат таануучу Наталья Шавшукова - Орусиянын федералдык телеканалында муну «мамлекеттик төңкөрүш» деп ачык айтып чыккандардын бири.
«Анткени, бийликтин алмашуу принциби өзгөрүп жатат. Бизде президенттин мүмкүнчүлүктөрү эч чектелбегени аз келгенсип, ал эми алмаштыргыс. Бийликти эл көзөмөлдөшү керек деген башкы принцип бузулуп жатат. Орусиянын аймагында элдин эгемендиги жокко чыгарылып жатат. Так айтканда, бул биздин, элдин бетине түкүрүк.
Конституциянын башкы милдети – «макоодон» сактоо. Бул укуктук түзүлүштүн башы милдети - бийликте көпкө отурган адам өз билгенин жасай бербешине жол бербөө. Азыр абал кандай? Биринчиден, парламент бул адамды көзөмөлдөй албайт, парламент өзү колдогу оюнчук, экинчиден, аны сот да башкара албайт. Аны эсине келтирүүчү бир гана жол бар болчу. Анын мөөнөтү бүткөндөн кийин башкага алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр бизден бул мүмкүндүктү алып койгону жатышат. Бардык жасалып жаткан иштер республикада эмес, монархияда болуп жаткандай», - деген Шавшукова «Настоящее время» телеканалына.
Бийлик өкүлдөрүнүн ичинен Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып Якутияда парламенттин депутаты Сулустана Мыраан мандатынан баш тарткан. Ошондой эле Федерация Кеңешинде Иркутск облусунун сенатору Вячеслав Мархаев гана мыйзамдагы өзгөртүүлөргө каршы добуш берген.
Дагы караңыз Путиндин бийлиги 32 жылга созулушу мүмкүнКонституцияны өзгөртүүгө каршы акциялар Санкт-Петербургда, Москвада өтүп жатат. Дем алыш күнү Питердеги сот имаратынын алдына бир катар активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылык иретинде бир тутам гүл көтөрүп келишкен. Акциядан 22 кишини полиция кармап кеткен.
Москвада ишембиде ФСБнын имаратынын алдына саясий куугунтукка каршы акция өтүп, анда 50дөй киши кармалган. Акциянын катышуучулары Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча нааразылыгын билдиришкен. Кээ бири «Путин, кет», «Путин мага хан эмес» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп келишкен.
Орусияда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу боюнча бүткүл элдик добуш берүү 22-апрелде өтөт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.